Карыларды үйсүз калтырган шылуундар

Бишкектеги карылар үйүндө жашагандардын бири

Бишкекте карылар өз үйлөрүн шылуундарга алдатып жиберген фактылар катталууда. Көпчүлүк учурда шылуундар жалгыз бой жашагандарды бутага алып, алардын кыйналып турганынан пайдаланышат.

Бишкек шаарынын тургуну Виктор Ткачило 2011-жылы жок жерден үйүн алдырган пенсионерлердин бири. Өзүнүн жакын тууганына эле үйүнүн документин карматкан үй-бүлө жетимиштен ашкан куракта үйсүз калабыз деп эч оюна келген эмес.

Абышка менен байбиченин үйүнүн документин убактылуу алып, насыя алган тууганы акчаны өз учурунда кайтарбаганы үчүн үйдү алдырып тынган. Ткачило төрт жыл бою соттошуп жүрүп, үйүн кайтара алган эмес.

- Жээним бизнес кылам деп бирөөнөн акча алып, биздин үйдүн документин сурап алып, күрөөгө койгон. Кайра ал акчасын кайтарбай коюп, үйдү алдырды. Аялыма “акчаны мен алгам” деп башында эле ар кайсы кагазга кол койдуруп алган экен. Андан бери аялым ооруп каза болду. Үй ошону менен жок болду. Соттоштум, бирок соттордун баары сатылма экен, муну өз жонум менен сездим. Көрсө, алган акчасын эле актайм дейт экен. Төрт жыл күрөшкөн соң акыры кол шилтөөгө аргасыз болдум. Азыр эстегим да келбейт.

Жакындарынан запкы көргөн карылар

Жакындарынан запкы көргөн карылар

Жыл өткөн сайын Кыргызстанда кары-картаңдар көп зордук-зомбулукка учурап жатканы айтылууда. Карылар көбүнчө жакындарынан көргөн зомбулугу тууралуу ачык айтышпайт. Ушундан улам мунун арты кайгылуу аяктап, жакындарынын колунан каза тапкан учурлар да бар.

Виктор Ткачилонун ишин караган адвокат Михаил Корсунский үйдү жок кылган шылуун айым өзүнүн гана тууганын эмес, андан башка дагы жалгыз бой жашаган беш карыянын убалына калганын белгилейт. Жалгыз пенсиянын көзүн карап, каржалып жашагандарды үй документин убактылуу бергени үчүн аз акча менен кызыктырып жүргөн.

- Бул шылуун аял өз тууганы саяктуу эле башкаларга да бирдей эле шартты сунуштаган. Ал насыя алган соң ишкерлик кылып, андан кутулуп, үйдүн документин кайтарып бергенче ай сайын пенсионерлерге акча берип турарын айткан. Мисалы, бир бөлмө үй үчүн айына 100, эки бөлмөлүүгө 200, үч бөлмөлүү үйгө 300 доллар берип турам деген. Мисалы, жогорудагы үч бөлмөлүү үйдүн документин үч айдан кийин берем деп, айына 300 доллардан, ошондо 900 доллар берем деп ишендирген. Сотто жабырлануучулардын баары ушул жагдайды айтып жатышты. Мен караган алты иште эптеп төрт үйдү ээсине кайтардык. Бирөө жеңилди. Дагы бири дагы эле соттошуп жүрөт.

Улгайган жарандарга жардам көрсөтүү ресурстук борборунун аткаруучу директору Гүлмира Эсенгелдиева жеке менчик турак жайларды, батирлерди алдамчылык жана мыйзамсыз жол менен тартып алуу фактыларына жалгыз бой, шаар жергесинде жашаган адамдар көбүрөөк кабылат. Аларды көздөгөн шылуундар атайын топ болуп алып, батирди алдап алып коюу механизмин көнүмүш системанын эле негизинде ишке ашырат.

- Мисалы, мындай адамдын кошунасы анын жалгыз тургандыгы тууралуу маалымат бериши мүмкүн. Анан ошол үйгө кызыкдар тараптар ар кандай себеп менен бара башташат. Жардам көрсөтмүш болот. Балким мамлекеттик органдардагы иштеген адамдар катышып калышы мүмкүн. Чоң системалуу ишти бир бригада ишке ашырат да. Ар кандай убадаларды берип, алдашат.

Карылар үйүндө жашагандардын бири

Адистердин билдиришинче, өзгөчө кары адамдарды өмүр бою багуу кепилдиги тууралуу келишимге алдангандар четтен чыгат. Келишимге жетип, үйүн өзүнө жаздырып алган жарандар кийин өз милдеттеринен оолактап, кары адамдан тезирээк кутулуунун амалын издей башташы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ага соңку учурда мындай себептер менен кайрылгандар көп болгонун белгилейт.

- Көбүнчө карыялар сот акыйкаттыгына жете албай калганда айласы куруп кайрылат. Пенсионерлер маселенин юридикалык жагын билбейт, аларга кеңеш берген деле киши жок. Кээде жакындары эле багам деп алып, үйүн өзүнө жаздырып алган соң, аларды карылар үйүнө алпарып коёт же көчөдө эле калтырат. Башка дагы алдамчылык ыкмалары бар. Мисалы, шылуундар өздөрүн жасалма документ менен соцкызматкер катары тааныштырып, үйгө кирип, карыларды алаксытып тоноп кеткен, акча-тыйынын кымырып кеткен учурлары бар. Бул учурда алар өздөрү менен өздөрү калып жатат. Мен Социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кары адамдарды камкордукка алуусу керек деп эсептейм.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз кезегинде социалдык кызматкерлер тийиштүү участокторго бөлүнгөнүн жана аларды пенсионерлердин дээрлик бардыгы тааный тургандыгын билдирет. Ал эми Соцфонд алардын кызматкерлери эч убакта карыларга эшик какпастыгын, кеңседе гана иштээрин айтып, пенсионерлерди сак болууга чакырууда.

Ички иштер министрлиги 2016-жылдын жай айында төрт кишини алдап, үйүн өздөрүнө ыйгарып алган кылмыштуу топ колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Ушул тапта кылмышка шектүү беш кишинин иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн.

Төрт окуянын биринде шылуундар Аламүдүн районунда жашаган 65 жаштагы жаранды алдап, үйүн тартып алып, өзүн Нарынга айдап жиберишкен. Үй-жайсыз калган киши мал багып жүрүп каза болгон. Анын жалгыз уулун болсо эч бир документи жок Казакстанга кетирип жиберип кутулушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.