Парламентте уюшкан кылмыштуулуктун саясатка жана бизнеске тийгизген таасирин ооздуктоо үчүн криминалга каршы мыйзамдарды катаалдаштыруу маселеси көтөрүлдү.
Анда жазык кодексине уюшкан кылмыш тобун түзүү жана ага мүчө болгону үчүн жоопко тартууну караган ченемдерди киргизүү жагы сунушталды.
Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүндөгү кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтып, криминалдык топторду ооздуктоо боюнча мыйзамды кабыл алуу парламенттин колунда экенин жарыялады.
Эки лөктүн тиреши эмнеге байланыштуу?
Айрым жергиликтүү Интернет басылмалар күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарына таянып, Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө олуттуу тирешүү жүрүп жатканын жазып чыгышты.
Анда Оштогу "Жеңго" аттыкан кримтөбөл Кадыр Досонов криминалдык "таажыны" талашып, "Коля Кыргыз" деген ылакап аты бар Камчы Көлбаев менен каршылашып жатканы кабарланган. Ошондой эле кримчөйрөдөгү бул тирешүү алдыдагы шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдор келтирилген.
Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист жана блогер Семетей Талас уулу криминалдык чөйрөдөгү учурдагы кырдаалды саясат менен байланыштырууга негиз жок деп эсептейт:
- Бизге жеткен маалыматтарга караганда, өткөн январь айында экөөнүн ортосунда бир аз түшүнбөстүк болуптур. Бирок бул жагдай Кадыр Досоновдун Камчы Көлбаевге каршы чыкты дегенди түшүндүрбөйт. Экөөнүн ортосунда эмнеден улам келишпестик чыкканы кеңири коомчулукка айтыла турган маалымат эмес. Кадыр Досонов эмне максаты көздөп жатканы белгисиз. Бирок бул саясатка байланыштуу деген туура эмес. Анткени бүгүнкү бийлик Бакиевдердин криминал менен "достошкон" өз ара ымаласы эмне менен бүткөнүн мыкты түшүнөт. Бийликке азыр андай баш оорунун кереги жок. Бул криминалдык тирешүүнүн себеби шайлоого даярдыкка байланыштуу деген чындыкка коошпойт. Анын себептери такыр башка жакта.
Дагы караңыз Дубай досьеси: Көлбаевдин үйү табылдыОшол эле кезде аталган Интернет басылмаларда кылмыш дүйнөсүндөгү жагдай негизи саясаттагы күчтөрдүн тең салмактуулугуна байланышкан кырдаалдан көз каранды экени баяндалган. Ошондуктан анда тирешүүгө айрым бир саясий күчтөрдүн тукуруусу себеп болушу мүмкүн экени жана ага карата Камчы Көлбаев өз позициясын чыңдоого киришкени белгиленген.
Криминалды ооздуктоо демилгеси
Парламенттин депутаты Дастан Бекешев шайлоонун астында криминал демейдегидей кайра баш көтөрбөш үчүн ага каршы күрөштү азыртан күчөтүүнү сунуштады:
- Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул мыйзам долбоору азыр үчүнчү окууда каралууда. Мисалы, ким өзүн «мыйзамдагы ууру», «көзөмөлдөөчү» же башка кандайдыр бир криминалдык макамы бар экенин мойнуна алса, ал дароо жоопко тартылат. Бизге да ушундай мыйзам керек. Грузия мындай мыйзам кабыл алганда «кылмыштуу чөйрөнүн анабашы» дегендердин көбү Орусияга качып барышкан. Эми бизге да "импорт" болушу ыктымал. Себеби бизде да андайлар көбөйдү, ич ара териштирүүлөр болот деп жатышат.
Бирок Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүндөгү кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, кримтөбөлдөрдүн арасында "таажы" талашууга байланышкан касташуу орун алганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ошол эле кезде министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов депутаттын криминалдык түзүмдөргө каршы күрөшүү үчүн анын башкаруу тепкичтерин бузууга багыгтталган демилгеси колдоого аларлык экенин айтты. Буга байланыштуу мыйзам долбоору парламентте 2011-жылы иштелип чыгып, бирок толук саясий колдоо тапкан эмес.
Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Бакыт Сейитов бул жолу аталган мыйзам ченемин оңдолуп жаткан жаңы жазык кодексине киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады:
- Адамдын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, анын лидери же кылмыштуу түзүмдүн иерархиясында башка бир таасирдүү макамды ээлегени сот тарабынан гана аныкталат деп мыйзамда жазылып калган. Ал эми бизде уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген жарандар ыкчам иликтөөнүн негизинде гана уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү катары атайын каттоого алынат. Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Ошону азыр талкуулап, алымча-кошумчасы менен ошол укуктук ченемди киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Уюшма топко каршы күрөштүн жыйынтыгы
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кримтөбөлдөр Көлбаевдин, Батукаевдин жана Бокушевдин уюшкан кылмыштуу топтору бар экени белгилүү. Депутат Дастан Бекешов айрым аткаминерлер кримтөбөлдөрдүн алдына барганына эмнеге чара көрүлбөйт деген суроо койду:
- Камчы Көлбаев уюшкан кылмыш тобунун башчысыбы, туурабы? Ал азыр боштондукта эле жүрбөйбү. Кээ бир бийлик өкүлдөрү ага баш ийип, алдына барып жүргөнүн угуп эле жүрбөйбүзбү. Негизи уюшкан кылмыш тобунун башчысы мамлекетте эркиндикте жүрбөш керек да, туурабы? Ал эми Батукаевди жаза мөөнөтүн аягына чыгарбай, качырып жиберишкен. Ага "өтө оор абалда, оорулуу" деген тыянак чыгартып, аны эркиндикке чыгарууга салым кошкон кайсы бир кызмат адамы жазаландыбы?
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кримтөбөл Көлбаевге каршы кылмыш иши жок экенин айтып, мына ошондуктан аны кармап, камакка алууга негиз жоктугун билдирди.
Өткүрбек Жамшитов ал эми Батукаев Грозныйда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыктан аны алып келүү азырынча мүмкүн эместигин жана аны качырууга байланыштуу кылмыш иши дагы ошол себептен убактылуу токтоп турганын белгиледи:
- Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча анын азыркы учурга карата кандайдыр бир кылмышка шектелген эмес. Ошондуктан кылмышка шектүү болбогондон кийин боштондукта жүрөт да. Ал эми Батукаев Орусияда жасаган кылмышы үчүн жети жылга эркинен ажыратылган. Андагы жаза мөөнөтүн өтөп бүтмөйүнчө, аны бул жакка алып келүү маселеси чечиле элек. Ага байланыштуу кылмыш иши УКМК тергөөдө. Аны бул жакка алып келип, көрсөтмө алмайынча аны мөөнөтүнөн мурун бошотуу иши боюнча жыйынтык чыгаруу кыйын.
Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын январдагы маалыматына караганда, Көлбаевге, Бокушевге жана Батукаевге караштуу үч кылмыш тобундагы 523 адам уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары ички иштер органдарынын атайын ыкчам каттоосуна алынган.
Мындан сырткары жогорудагы үч топко тиешеси жок өз алдынча башка майда топтордогу 941 адам ички иштер органдарынын атайын каттоосуна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары алынган.