Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Абактагы кримтөбөлдөн корккон аял бийликтен жардам күтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кримчөйрөдө "Алтуха" деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун кылмыш ишиндеги жабырлануучулар аны Жогорку сот абактан бошотуп жибериши мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Алтынбек Ибраимов шериги Тынчтык Орозалиев экөө 2015-жылы "адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан", "опузалап акча талап кылган" деген айып менен камакка алынган. Райондук сот аларды оор беренелер боюнча актап, абактан бошотуу тууралуу өкүм чыгарган. Иш Бишкек шаардык сотуна жеткенде Ибраимов 11, ал эми шериги алты жылга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот 30-январда Орозалиевдин гана адвокатынын арызы караларын билдирди.

Өткөн аптада соттордун чечими менен кылмыш дүйнөсүнүн активдүү мүчөсү атыккан эки адам эркиндикке чыкты жана бул коомчулукта талаш-талкуу жаратты.

Алтынбек Ибраимовго байланыштуу Бишкек шаарынын тургуну Чынара Турабакунова милицияга 2014-жылы кайрылган. Арызда жеке ишкерлик кылган күйөөсү Руслан Матниязовду 2013-жылы июль айында Ибраимов баштаган жоон топ киши шаардын сыртына алып барып, акча талап кылып кыйнап, үйүн 80 миң долларга баалап тартып алганын жазган. Турабакунованын айтымында, ал күйөөсүнүн "каралардан" кордук көргөнүн бир жылдан кийин гана билген:

- Мен ошол жылы төрөп, бала менен үйдө отуруп калган элем. 2013-жылы ошол убакта Алтынбек Ибраимов, Улан Тентиев, Тынчтык Орозалиев, Бахтыяр Едигеевдин аялы Аида Каленова күйөөм Руслан Матниязовду тоого алып чыгып, "Алмамбеттин (Анапияевдин) көрсөтмөсү менен" деп, "ошол жерге көөмп салабыз" деп коркутуп, сабап, бутун сындырып, эртең мененки 8ден түнкү 11ге чейин кармап, 80 миң доллар талап кылышкан. Кызыма жазылган үйдү 80 миң долларга баалап, аны тартып алып коюшкан. Күйөөмдү үйдөн жүктөп салып кетишип, тааныш нотариуска барып, ошол жерден тааныш баласынын атына ишеним кат жаздыртып, бул үйдү кийин Каленова өзүнө каттатып алган.

Күч түзүмдөрүндөгү "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдиргендей, Матниязовду "караларга" анын бизнестеги өнөктөшү Аида Каленова аттуу жаран карматкан. Ага чейин экөө биргелешип бизнес кылып, чогуу ачкан фирманын сейфинен 20 миң доллар уурдалган жана аны Каленова Матниязовдон көргөн.

"Азаттык" Каленова же анын жактоочусу менен байланышып комментарий ала алган жок.

Кылмыш дүйнөсүндө "Алтуха" деген каймана ат менен таанымал 39 жаштагы Алтынбек Ибраимов менен анын шериги Тынчтык Орозалиев бул факт боюнча 2015-жылдын апрель айында камакка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 125, 170, 246-беренелери, тактап айтканда, "адамды мыйзамсыз түрдө эркинен ажыраткан", "опузалап талап кылган, "маңзат сактаган" деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Милиция ошондо Ибраимов буга чейин жети жолу соттолгонун, кримчөйрөдө "положенец" деген макам менен жүрөрүн, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун активдүү мүчөсү экенин билдирген.

Бул ишти былтыр Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту караган. Судья Дөөлөтбек Турдукожоев "опузалап акча талап кылганы далилденген жок" деп, бул берене боюнча актаган. "Маңзат сактаган" деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок "кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти" деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Жабырлануучулар буга нааразы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан, анда Ибраимов 11, шериги Орозалиев алты жылга кесилген.

Жабырлануучу Чынара Турабакунова күйөөсү ушул учурда "каралардан" качып башка өлкөдө жүргөнүн, белгисиз бирөөлөр коркутуп, кол салган учурлар болгонун айтып берди. Эгер Алтынбек Ибраимов эркиндикке чыкса өзүнүн, үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жараларын айтып, өлкөнүн жетекчилигине кайрылды:

- Милицияга кайрылгандан баштап бизди коркутуу, кол салуу башталды. 2014-жылдан бери ушинтип соттошуп келе жатабыз. Күйөөмдү жалган кылмыш иши менен каматканга да үлгүрүштү. Аны "Алтухага киргизип беребиз" деп коркутушту. Ал максаттары ишке ашпай калгандан кийин үйгө чейин келип коркутуп, күйөөмдү "тосмо арыз жаз" деп кыйнап коркутуп жатышты. Милицияга "бизди коркутуп жатат" деп бир нече ирет арыз менен кайрылдык. Бирок натыйжа чыккан жок, эч ким караган жок. Ушул убакта "Алтуха" түрмөдө "положенец" болуп турат, түрмөнү карайт экен. Жакында эле биз ал макамын өткөрүп берип, 30-январда иши каралса акталып абактан чыгам деп даярданып жатканын уктук. Эгер ал чыкса достору менен бизге кол салат. Үйдө беш балам бар. Жолдошум качып кеткен, эки жылдан бери жок, каякта экенин билбейм. Анда-санда гана ар кайсы жактан "Скайп" аркылуу гана байланышып турат. "Алтуханын" түрмөдөн чыгышы коркунуч туудуруп жатат. Мен Жогорку соттун төрайымына, президентке, партиянын лидерлерине, депутаттарга ушуну көзөмөлгө алышын суранып кайрылат элем. Бизге шаардык соттун эле чечимин калтырса жакшы болот эле.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева 30-январда Алтынбек Ибраимовдун шериги Тынчтык Орозалиевдин адвокатынын гана арызы караларын бышыктады:

- "Алтуха" боюнча Жогорку сотко эч кандай даттануу келбептир. 30-январда аны менен бирге камалган Орозалиевдин адвокаты Нышановдун арызы каралат. "Алтуханын" арызы каралбайт, анын адвокаты бизге арыз жазбаптыр.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жарандар экинчи инстанциянын өкүмү боюнча Жогорку сотко каалаган учурда кайрыла алат.

Тынчтык Орозалиевдин адвокаты Буркан Нышанов Бишкек шаардык соту мыйзамсыз өкүм чыгарды деп арызданганын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен дооматтарды көрсөтүп Жогорку сотко арыз жазгам, 30-январда каралат. Арызда бизге койгон дооматтарга макул эместигимди көрсөткөм. Мыйзам боюнча кылмыш ишинде далилдер болушу керек. Далилдер жок. Арызда муну да жазгам. "Кандайча, эмне үчүн туура эмес, эмнеге сот мындай кылды" деп ар бир пунктка, ар бир беренеге өз жүйөлөрүбүздү жазганбыз. Эми аны Жогорку сот карайт. Соттун биринчи инстанциясы туура чечим чыгарган, экинчи инстанция мыйзамдарды одоно түрдө бузган.

Өткөн аптада Бишкектин Ленин райондук соту түрмө жетекчилигинин сунушу менен кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү атыккан, 2017-жылы жети жылга эркинен ажыратылган Чыңгыз Жумагуловду шарттуу жаза менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотту. Андан эки күндөн кийин эле Чүйдөгү Ысык-Ата райондук соту кримчөйрөдө Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" атыккан Самарбек Жолдошевди жатак абакка чыгарды.

Жаза аткаруу кызматы "каралардын" түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып жатканы тууралуу дооматтарды четке каккан. Мекеме уюшма кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү экенин соттор да, милиция да так аныктап бербегендиктен Жумагулов менен Жолдошевге катардагы кылмышкер катары мамиле жасалды деген жүйө келтирген.

Кыргызстанда "каралар" маселеси Ысык-Көлдөгү ишкер уюшма кылмыш топторунан запкы көргөнүн айтып чыккандан кийин кайра козголгон. Бостери айылындагы "Осьминог" аттуу ресторан толугу менен өрттөнүп кеткенден кийин анын кожоюну Аскат Асанкадыров муну "каралардан" көргөн. Кылмыш дүйнөсүнүн тили менен айтканда, ал айылдагы "смотрящийге" сураган акчасын бербей, укук коргоо органдарына айтып каматканы жана соттоткону үчүн өч алып жатышканын айтып чыккан.

Бизнести бандиттер көзөмөлдөйбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:04 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG