Бажы кызматынын башчысы өзүнө жана орун басарларына 200 миң сомдон ашуун сыйлык жаздырып алганын Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров айтып чыкты. Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов мындай маалымат жалган айтылганын, зарыл болсо тийиштүү документтерди көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Бул маселе интернет мейкиндигинде катуу талкууга алынып жатат. Ал ортодо өкмөт аталган маселе боюнча кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Жогорку Кеңеште "Республика" фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаров Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов өзүнө жана орун басарларына ири өлчөмдө акчалай сыйлык жаздырып алганын парламенттик трибунадан билдирди. "Азаттыктын" "бул сынга далил барбы" деген суроосуна Шайназаров мындай деп жооп берди:
- 2010-жылы Бажы кызматынын башчысы жалпысынан 623 миң сом алган. Ноябрь, декабрь айларында эле кошумча төлөмдөр менен алган акчасы эки жүз миңден ашып жатат. Ал эми Кожобеков деген орун басары ноябрь, декабрь айларында эле 243 миң алып атат. Өлкө башчысы 50-60 миң алса, депутаттар 14 миң айлык алса, Бажы кызматынын башчысы эки жүз кырк үч миң сом алып жатат. Бул эмне деген жакшылык? Мунун баарын жөндөн-жөн эле айтып жаткан жерим жок. Далилдер бар.
Бул дооматтарга байланыштуу Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун пикирин билүү аракетибизден майнап чыкпады. Ал парламенттин кечээ күнкү (17-февраль) жыйынында ири өлчөмдөгү сыйлыктар боюнча дооматты четке каккан болчу:
- Мынча акчаны мен алган эмесмин. Депутаттык коммиссия иликтей турган болсо бардык документтерди бергенге даярмын.
18-февралда бул факты боюнча өкмөт териштирүү баштады деген кабар тарады. Өкмөттүн маалымат саясаты боюнча адиси Нурзада Токтогулова “кызматтык иликтөө иштери соңуна чыгаар замат маалымдайбыз”,-деп билдирди.
Кыргызстанда орточо айлык 4 миң сомго жете бербейт. Анын үстүнө азыркы каатчылык туш-туштан баскан кезде 200 миң деген сумма уккан кишиге таасир этпей койбосо керек.
Адистердин айтымында, ири өлчөмдө сыйлык алуу эгер мыйзамдуу болсо ага тийишүү кажет эмес. Ошол эле кезде, маселен, саясат талдоочу Уран Ботобеков бул маселенин моралдык жагына басым жасады.
- Бажы кызматынын атайын каражаттар боюнча кору бар. Ал фонддогу акчаларды мекеменин жетекчиси кандай чечет өзү билет, бирок ал да мыйзамга туура келиш керек. Эми бул жерде мыйзам бузулбаса да моралдык жагы бар. Мугалимдерибиз үч миң, эки миңден айлык алып жатса, ал эми Бажынын башчысы эки жүз миңден ашык айлык алып атса, өзүңүздөр салыштырып көргүлө. Ошон үчүн мунун моралдык жагын көбүрөк караш керек.
Бажы кызматынын башчылыгына Кубанычбек Кулматов 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин келген. Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев Бажы кызматына Кулматовду дайындап жатып, бул мекемеде паракорчулук жоюларын, бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат эми эки эсе көп түшөрүн билдирген эле. Август айындагы отчет боюнча, аталган кызмат чынында эле жылдагыдан 500 миллион сом көп жыйым алганы маалымдалган.