Аёосуз кыйылган дарактар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаар тургундары бактарды кыюуга каршы

Бишкек шаардык прокуратурасы Токтоналиев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасына үй куруу аракетин текшерип чыгып, 57 дарак мыйзамсыз кыйылган деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Ал арада аталган аймактын жашоочулары мэриянын алдында митинг өткөрүп, шаар бийлигинен бак-дарактарды кыйганды жана курулушту токтотууну талап кылышты.

Бишкек шаардык прокуратурасы "Слоники" деп аталган балдар аянтчасында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганын аныктады. Маалыматка караганда, курулушка уруксатсыз эле бак-дарактарды жок кылууга жол берилген. Бул багытта козголгон иш Экономикалык кылмыштарга күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Көркү качкан Бишкегим...

Көркү качкан Бишкегим...

Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда.

Мекеменин басма сөз катчысы Алманбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, курулуш аракети жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгынан кийин текшериле баштаган:

- Интернет сайттарына чыккан маалыматтан кийин бул маселеге көңүл бурулган. Шаардык прокуратурага тиешелүү органдар менен бирге аны текшерип чыгуу тапшырылган.

Ал тапта 11-январда скверге көп кабаттуу үй куруу аракетине каршы 20 чакты жаран мэриянын алдында тынчтык митингине чогулуп, аны токтотуу талабын коюшту. Жергиликтүү жашоочулар менен бирге акцияга катышкан «Шаардык демилгелер» коомдук фондунун жетекчиси Раушан Саркеева мэрияны курулуш компаниясына каршы чара көрүүгө чакырды:

- Декабрдын этегинде бул балдар аянтчасындагы дарактар кыйыла баштаган. Кийин билсек курулуш компаниясы бул жерден аянтчаны алып, анын ордуна көп кабаттуу үй курганы жатыптыр. Алардын аракети мыйзамсыз экени билинди. Анткени курулуш иштерине уруксат алган эмес.

Аталган аянтчага көп кабаттуу турак жай салууну пландап жаткан TS-групп фирмасынын коммерциялык директору Мирлан Рыскулов курулуш баштала электе атайын даярдалган төрт-беш адам каршылык көрсөтүп жатат деген пикирин билдирди:

- Ал жер бизге тиешелүү эмес. Биздин өнөктөштөргө таандык. Биз алар менен бирге турак жай салуу маселесин карап жатканбыз. Курулуш башталган эмес. Болгону балдар ойноочу жерди оңдоп, футбол аянтын куруу максатыбыз бар эле. Ага карабай, эч нерсе боло электе аз адамдардын тобу нааразы болуп чыгышты.

Курулушка каршы жарандар 5-январда да нааразылык акцияга чыгышкан. Ошондон кийин Бишкек мэриясы балдар аянтчасынын жанына көп кабаттуу үй курууга уруксат бербегенин кабарлаган болчу. Башкы прокуратура да курулуш компаниясынын ишинин мыйзамдуулугун текшерүүгө киришкен.

Бишкекте балдар аянттарына жана эс алуу парктарына үй куруу аракеттерине нааразылыктар буга чейин да болуп келген. Эмгек сиңирген архитектор Эсен Бекташев курулуш компанияларынын көпчүлүгү эреже бузуп, ал эми шаар бийлиги башкы планды эске албай жатат деген оюн ортого салды:

- Эреже бузуулардын көбөйүшүнө акча негизги роль ойноп жатат. Курулуш компаниялар баарын акчага сатып алууда. Бул туура эмес. Илгери "жашыл шаар" атка конгон Бишкекте жердин баарын эле ушинтип алып алышып, башаламан кылып жатпайбы.

Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасына турак жай салуу аракети азыр токтоп турат. Бирок TS-групп компаниясынын сайтында бул жерде он кабаттуу “Эне-Сай” аттуу комплекс курулары жарыяланып, кардарларды тартуу боюнча жарнама илинүү. Анда көп кабаттуу үй 2019-жылы бүтөрү жазылган. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүу башкармалыгы 57 бак-даракты мыйзамсыз кыйгандарга кандай жаза берери азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.