Баткен: жолдун сапаты көкөйгө тийди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы аркылуу көз карандысыз каттамды камсыз кылуу үчүн мындан 25 жыл мурун Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун курулушу башталган. 2013-жылдагы Чарбактагы окуядан кийин жолдун мааниси артып, дагы кошумча каражат бөлүү чечилген. Бирок ошондон бери Баткен облусунун Кыштут, Дара айыл өкмөттөрүндөгү 30 миңдей калк каттаган жолду толук бүткөрүүгө бөлүнгөн 237 млн. сом берилбей, эл жолго чаңкап турат.