Баткен: чыр чыккан жердеги элдин үнү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
4-июнь кечке жуук Лейлек районунун Максат айылынын тургундары өндүргөн жашылча, жер-жемиштерин чек аранын дал өзүндө сатмай болуп, жайма базар уюштурган. Кошуна чек арачылар бул аракет мыйзамсыз деп сатуучу аялдарды кууп чыкканда эки тараптын чек арачылары тирешип, Тажикстандын үч чек арачысы кармалып, кечке жуук кайра кое берилди.