Азерилер өз эл болуп калды

Совет доорунда башталган кулакка тартуу саясатынын алгачкы курмандыктары деп эсептелген азербайжандар Ала-Тоо жерине 1930-жылдары келип, өлкөнүн көп тармактарын өнүктүрүүгө салым кошту.
Жергиликтүү азербайжандар Бишкектин тургундарына алгач өзүнүн кафелери жана түрдүү шишкебектери менен белгилүү. Кыргызстандык азерилер менен таанышуу дал ошол шишкебектен башталды.

Халик Искендеровдун кафесинде азербайжан шишкебегинин 15 түрү даярдалат. Кафеси ошону менен белгилүү болуп, мэриянын сынагында биринчи орунду ээлеп, кардарлары ошонун даамынан ырахат алып кетишет экен.

Халик мырза туруктуу кардарларынын арасында жергиликтүү азерилер жана дегеле Бишкектин тургундарынан сырткары Кыргызстандагы Азербайжандын элчиси менен кыргыз аткаминерлер бар деп мактана кетти. Шишкебектеринин сыры эмнеде?

- Базардын эти шишкебекке жарабайт. Себеби базарда кандай союлат? Эт кандай келет? Тиги кой тазабы? Биз мусулман болгондон кийин илип туруп союш керек. Илип сойгондо кан аягана чейин агат, ал эми жерге сойгондо кан акпайт. Анан шишкебек жасаганда кан чыга берет, анан карарып кетет. Ал эми таза эт менен жасасаң майлуу болуп, шилекейиң агып, жегиң келет. Ал үчүн биз атайын сойдуруп жатабыз.

Халик Искендеров

Кафесин иштеткенге төрт эле жыл болсо да кардарларынын чөнтөгүнө карап, тамактарынын баасын кымбаттатпай, 20 чакты кызматкер ынтымактуу иштешип келаткан экен. Халик мырзанын кафесине кардарлары азербайжандардын түрлүү даамдарын татуу үчүн келишет.

- Хаш деген тамак бар, уйдун шыйрагынан жасалат. Түнүндө спирт ичимдиктерин ашыкча ичип койгондор үчүн жакшы. Азербайжанда саат 7де эртең менен эл хаш жейт. Албетте биздин кафеде да даярдалат.

Репортажды бул жерден угуңуз:



Халик Искендеров Кыргызстанда төрөлгөн эмес жана жаш кезинде бул жерде жашайм деп эч ойлобоптур. Бирок тагдыр жазмышы менен Ала-Тоо анын жаңы мекени болуп, кыргызча суудай сүйлөйт:

- Мен армиядан 1976-жылы көлгө келгем. Ушул жерде кызмат өтөгөн досум мени конокко чакырган, “көлгө баралы, көлдү көрүп кет” деди. Көлдүн тазалыгын, элди, салттарды көрүп, мага аябай жаккан. Анан 1976-жылы кыргызга үйлөнүп калдым. 36 жылдан бери бала-чакалуу болдук.

Халик Искендеровго окшоп өз ниети менен отурукташып калган азербайжандар сейрек кезигет. Алгачкы азерилер Ала-Тоо жерине 1930 жана 1933-жылдары Азербайжандын ар кандай аймактарынан Советтер Союзунун кулакка тартуу саясатынан улам 10 миңдей азери Казакстанга күчтөп көчүрүлгөн.

Азербайжандардын Ала-Тоого узак жолу

Алардын арасында 9 жаштагы Асад Гасанов да болуп, депортацияны өз башынан өткөргөн. 90го жакындап калган Асад Гасанов азыр Кыргызстандагы азербайжан диаспора башчысынын орун басары. Анын айтымында, ошол он миң кишиден эки-үч миңи Кыргызстандын түндүк тарабына, Чүй облусуна көчүрүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн түштүгүндө да жашаган азерилер бар. Алар аякка кантип келип калышты?

Асад Гасанов

- Согуш убагында да көчүрүлгөн, бирок Грузиядан. Грузиядан түрктөрдү депортация кылганда ошол райондордун биринде азерилер жашачу. 1944-жылы аларды түрктөр менен кошо күч менен көчүрүп салган. Алардын көбү Ош облусуна туш келип калышкан: Араван, Ноокат, Кара-Суу райондоруна. Ал эми биздин агым болсо 1930-33-жылдагылардын көбү Чүй облусунда: Кант, Сокулук, Кара-Балтага көчүрүлгөн.

Ошентип азыркы кыргызстандык азерилердин ата-энелери ошол жерлерде отурукташып калып, балдары да жашоосун улантып келатат. Негизинен азербайжандар жыш отурукташканга аракеттенишет. Туугандар бири-бирине жакын туруп, кызды да алыска бербей, жакшылыкта бирге болуп, жаманчылыкта жардам берип, колдоо көрсөтүп, ала-катышты бекем кармап турушат.

Ошондой отурукташкандардын бири Ново-Николаевкадагы азерилер. Чүй облусунун Кара-Балта шаарына жетпей орун алган Ново-Николаевка айылынын тургундарынын өзөгүн азерилер түзөт.

Дилавар Мамедова уулу Данияр менен

Беш балалуу жана 15 неберелүү Дилавар Мамедова Ош облусунун Араван районунда туулуп, 22 жыл мурун бул жакка көчүп келген. Чай үстүндө өткөн-кеткендерди эстеп, жашоосу тууралуу кобурап отурду.

- Менин күйөөм 27 жыл Кыргызстанда кой багып, алдыңкы койчуман болду. Ар бий койдон төрт жарым килограммдан жүн берчүбүз. Ушинтип Кыргызстанда мээнет кылдык. Биз Кыргызстандан жамандык көрбөдүк. Бир туугандай, бир элдей, бир жакадан баш чыгарып жашап келатабыз. Биздин ата-энелерибиз да Кыргызстанда чоңойду, ушул жерден өтүп кетти, биз да ошолордун жолундабыз. Башка жерге баралы деген ниетибиз жок. Биз Кыргызстанда туулдук, кыргыздардын арасында чоңойдук. Өзүбүздүн эл-жер болуп калды. Кыз бердик, кыз алдык.

Азерилердин шаңдуу бийи менен ыры

Азербайжандардын арасында мукам үндөрү менен ырларды созо койгондор көп экен. Жергиликтүү азербайжандардын арасында ырчылардын белгилүүсү - Шах.

Шах жергиликтүү маданиятка кошкон салымы үчүн жакында Маданият министрлигинен сыйлык алды. Өзү жазган ырларды концерт-тойлордо ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачып турат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Бийлеп да, ырдап да беребиз"


Бир топ азербайжандар медицина жана тартип коргоо системасында эмгектенсе, дагы бир бөлүгү дыйканчылык жана мал менен үй-бүлөсүн багат.

Кыргызстандык азерилер тууралуу 2008-жылы китеп жазган диаспора башчысынын орун басары Асад Гасановдун айтымында, Ала-Тоого алгачкылардан күч менен көчүрүлгөн бул эл айыл чарба тармагында эмгектенип, Чүй каналын казып, Аламүдүн ГЭСин курган.

- Кант шаарында Турпосёлок деген жер бар. Азерилерди ошол жакка көчүргөндө ал жер Фрунзе атындагы кызылча совхозу деп аталчу. Саз жерди алар иштетип, кызылча өстүрүштү. Ал убакытта азерилерди эмнегедир түрк дешчү. Анан ошентип Турпосёлок деп калган. 1936-жылы жаңы Конституция кабыл алынганга чейин, маселен, казактар кыргыз, ал эми кыргыздар кара-кыргыз, өзбектер сарт деп аталчу. Анан кийин бизди түрк дебей азери деп калды. Бирок Турпосёлок ошол бойдон эле калды. Азыр деле барып көрсөңөр Канттын Турпосёлогунда көбүнчө азербайжандар жашайт.

​Диаспоранын өкүлү Асад Гасанов доор урагандан кийин башка күч менен көчүрүлгөн элдерге караганда, азерлердин арасында миграция жок болгонун кошумчалай кетти.

Статистикага ылайык, 1989-жылы Кыргызстанда 16 миңге жакын азери жашаса, 1999-жылы 14 миңге чейин төмөндөп кеткен. 2009-жылдан бери 17 миңден ашык азербайжан Кыргыз жерин байырлап келатат.