Кыргызстан "Ачык асманга" бел байлады

"Манас" аэропорту

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү процессин баштады. Учурда иштелип жаткан тийиштүү мыйзам долбоору депутаттар эс алуудан кайтары менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Эл өкүлдөрү аны кабыл алса, Кыргызстанга чет элдик авиакомпаниялардын каттоосуна бешинчи этаптагы эркиндик берилет. Бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар.

Долбоорду киргизүү аракети

“Ачык асман” саясатын киргизүүнүн болжолдуу иш мерчемдери премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн атайын кеңешмесинде белгилүү болду.

Жыйында өкмөт башчы жагдайларды талдоодон кийин жана эксперттердин пикирин уккан соң бул долбоорду колдоону чечкенин жарыялады.

"Ачык асман" долбоорун талкуулаган өкмөттүн жыйыны. 10-август, 2018-жыл.

Абылгазиев белгилегендей, өкмөттүн бул кадамы авиация тармагын өнүктүрүүнү максат кылат:

- 2003-жылдан бери “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу натыйжасыз болуп келген. Учурда биз бул долбоорду ишке ашыруу максатында авиа ташуу рыногун либералдаштырууга ниеттенип жатабыз. Биздин республика аркылуу эл аралык каттамда учуучу бардык каалоочуларга бир тараптуу тартипте “абанын бешинчи эркиндиги” укугу берилет. Бул демилге өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылууга, ошондой эле авиа ташуучулар арасында ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана тейлөө деңгээлин жогорулатууга багытталган. Анын үстүнө бул республиканын экономикасына да, туристтик тармагына да оң таасирин тийгизет. "Биздин өлкө – инвесторлор, туристтер үчүн бейиш" деп дайыма айтканыбыз менен, иш жүзүндө жада калса дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен түз аба каттамдарыбыз жок. Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин көрүүдө жана “Ачык асман” саясатына өтүү – бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири.

Өкмөт кабарлагандай, учурда өкмөт өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары менен кошо Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, аны коомдук талкуудан өткөрүп жатат. Депутаттар эс алуудан келери менен документ парламентке кароого киргизилет. Андан ары мыйзам кабыл алынса эле долбоор ишке ашат.

Мыйзамдын авторлорунун бири Абдывахап Нурбаев долбоордун мазмуну тууралуу маалымат берди:

Абдывахап Нурбаев.

- Атайын кеңешмеде өкмөттүн тиешелүү министрликтери, кызыккан кызматтардын бардыгынын өкүлдөрү болду. Биз “Ачык асман” боюнча өз сунуштарыбызды бердик. Анан өкмөт өзүнүн мыйзамын чакыртып алып, биз сунуш кылган мыйзамды колдой турган болду. Өкмөттүн алымча-кошумчаларын ошол долбоорго киргизишибиз мүмкүн. Сентябрдын башында комитетке, андан кийин жалпы парламентке алып чыгабыз. Эгер анда мыйзам кабыл алынса, ноябрь айында “Ачык асман” долбоору ишке кирип калат. Анын алкагында ошол эле “бешинчи аба боштондугу” ишке кирет жана чет жактагы авикомпаниялар жарандык авиациядан уруксат албай эле, түз эле учуп, келип кете беришет. “Ачык асманды” киргизүү бизге келген авиажүргүнчүлөрдү көбөйтөт, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Бул инвестор тартууга да жардам берет.

“Ачык асман” деген өзү эмне?

“Ачык асман” саясаты – бул эрежелерди либералдаштырууга жана эл аралык авиацияны жөнгө салууга, бул тармакта эркин рынокту түзүүгө багытталган эл аралык тажрыйба. Бул "өкмөт авиакомпаниялардын каттамдарды аныктоо, пункттарды, көлөмдү, билет баасын жана жүк ташууну белгилөө чечимдерине кийлигишпейт" дегенди билдирет.

“Ачык асман” режиминде бардык чет элдик ташуучуларга аэропортко дээрлик чектөөсүз учуп келип-кетүү, тагыраагы, жүргүнчү учактарына бир тараптуу чектөөлөрдү алып салуу каралган. Башкача айтканда, “абанын бешинчи эркиндиги” киргизилет.

“Абанын бешинчи эркиндиги” демекчи, авиацияда жалпысынан тогуз эркиндик этабы бар деп саналат. Кыргызстан анын төртөөнө уруксат берген.

Биринчиси учактардын өлкөгө конбой түз учуп өтүп кетишине, экинчиси конуп, май куюп, кайра башка өлкөгө учуп кетишине укук берет. Үчүнчүсү - компанияларга уруксат берилген өлкөгө жүргүнчү, жүк ташуусу, ал эми төртүнчүсү - андан чыккан жүргүнчүлөрдү ташып чыгуу укугу. Адатта үчүнчү жана төртүнчү эркиндик чогуу берилет, бирок эки тараптуу келишим менен чечилет. Айталы, орусиялык компанияга Бишкекке жумасына үч каттаганга уруксат берилсе, кыргызстандык компания да Орусияга үч жолу катташы керек болот.

"Манас" эл аралык аэропорту.

​Эгер “бешинчи аба боштондугу” ишке кирсе, анда бул бир тараптуу деле ишке аша баштайт. Башкача айтканда чет элдик компания Кыргызстанга каалашынча учуп келет жана уруксат кагаздарын алуу боюнча убаракерчилик жоюлат.

Ушундан улам бир катар адистердин пикиринде, "Ачык асман" чет өлкөгө бараткан же жүк жөнөткөн кыргызстандыктар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратмакчы. ​Мындан тышкары, Кыргызстанга келген саякатчыларды арбытат деген да үмүт бар.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев буларга токтолду:

Курманбек Акышев.

- “Абанын бешинчи эркиндиги” “Ачык асман” долбоорунун биринчи баскычы болуп саналат. Анан калган баскычтарын да ишке киргизебиз. Чет элдик авиакомпаниялар күн сайын учам десе, ал тургай күнүнө эки жолу учам десе да уруксат беребиз. Чектөө жок болот. Аларга бардык шарттар түзүлөт. Биздин жергиликтүү компанияларга тоскоол болот дегидей алар ички каттамдарга учпайт. Алар биздин жергиликтүү каттамдарга келүүнү өздөрү деле каалабайт. Чет жакка гана учат. "Биздин компаниялардын чет жакка уча турган жүргүнчүлөрүн тартып алат" деп кооптонуп жатышат, бирок бул рынок шартындагы атаандаштык. Бул мыйзам ченемдүүлүк, жергиликтүү компаниялар аларга атаандашуу үчүн өзүн өркүндөтүшү керек болот. Канткен күндө да бул долбоор бизге көп пайда алып келет. “Ачык асман” саясатына Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биз биринчилерден болуп өтүп жатабыз.

Каршы чыккандардын жүйөсү

Ошол эле кезде чет жактагы авиакомпанияларга Кыргызстанга бир тараптуу учуу укугун берүүгө караманча каршы чыккандар да бар. Алар бул демилге атамекендик компанияларды банкрот кылат деп эсептешет. Авиация боюнча эксперт Таалайбек Окенов өкмөттүн долбоорун келечекти эске албаган чийки аракет деп эсептейт:

- "Ачык асман" саясатына өтүү - бул бардык жагы ойлонулбаган, популисттик чечим. "Каргага теңелип, каздын буту сыныптыр" дегендей болуп жатат. Анткени бул долбоор көп мамлекеттерде жылдап кийирилген, бизде туруп-туруп эле “керек, өтөбүз” деп жатышат. Өкмөт "жарандык авиациядагы бардык маселелерди чечет" деп "Ачык асманды” бир сыйкырдуу чара катары көрүп жатат, бирок андай болбойт. Тескерисинче, бул авиация тармагына өтө чоң залакасын тийгизет, чоң тармак өлөт, канча адамдар жумушсуз калат. “Ачык асман” деген менен бизге Англиядан, Жапониядан, АКШдан авиакомпаниялар келбейт, ошол эле Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан келет. Алар биздеги чакан, мүмкүнчүлүгү аз авиакомпанияларды сүрүп чыгарып, балким таптакыр учурбай коюшат. Киргизгенде “мынча авиакомпания келет, мынча киреше түшөт, мынча турист келет” деген эсептери барбы? Албетте, жок! "Туристтер агылып келет" дегени да күлкү келерлик, алар келе турган нерсе болушу керек, биринчи. Дубайды туурап “Ачык асманды” киргизгиси келгени менен, Кыргызстанда ошо Дубайга бара тургандай кызыктыруучу нерселер жок.

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун мындан дээрлик 15 жылдай мурда баштаган. Былтыр мурдагы өкмөт башчы, азыр камакта отурган Сапар Исаков мунун үстүнөн реалдуу аракеттерди баштап, ишке киргизүү же андан баш тартуу боюнча эксперттер менен кеңешүүнү баштаган. Акыркы чечим ошондон кийин гана кабыл алынары айтылган.

Кыргызстандагы учактардын бири.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүндө азыр иштеп жаткан “Эйр Манас”, “Эйр Кыргызстан”, “Авиатрафик”, “Тез жет” деген төрт авиакомпания бар. Алардын ичинен “Тез жет” Кыргызстандын ичинде гана учат. “Эйр Манастын” эки, “Авиатраффиктин” беш, “Тез жеттин” үч учагы бар. “Эйр Кыргызстан” учурда жалгыз учагынын кыймылдаткычын оңдотуп жатканына байланыштуу каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Ал эми Кыргызстанга учкан “Сибирь”, “Аэрофлот”, “Урал авиа жолдору”, “Түрк аба жолдору”, “Эйр-Астана”, “Тажик эйр”, “Өзбек аба жолдору”, “Ямал, “Флай Дубай” сыяктуу чет өлкөлүк ондон ашык авиакомпания бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.