Алга Кылычов да тергөө менен кызматташат

Алга Кылычев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. 2017-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Алга Кылычов үй камагына чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы Алга Кылычов тергөө менен кызматташарын билдирди.

"Тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим бар. 22-октябрда алар өтүнүч алып келишти. Сот аны канааттандырды" деп билдирди мекеменин расмий өкүлү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал демократиялык партиясынын мүчөсү Адил Турдукулов Кылычовдун үй камагына бошотулушун кош стандарттуулук катары баалады.

Адил Турдукулов.

- Анын үй камагына чыгарын мурда эле укканбыз. Азыр биз КСДП, Атамбаевдин тарапташтары кош стандарттуулук болуп жатканын көрүп турабыз. Мыйзамга, уставга таянып иш кылган Канат Сагымбаев түрмөдө отурат дагы, Атамбаевди, КСДПны саткан, каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук. "Сага ишенген адамды сатып кетсең, бийликке жагалдансаң үй камагына чыгасың" деген туура эмес белги. Эч кандай укукка таянбаган, саясий иш. Азыр дагы бир жаман адат пайда болду. Иликтөө органдары менен кызматташуу деген себеп менен туура эмес маалымат, каралоо аркылуу камоо оңой болуп калды. Бул баягы эле советтик репрессия кайталанып жаткандай элес берет.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта Жазык-процессуалдык кодекси ишке кирген. Андан бери аталган кодекстин «Кызматташтык жөнүндө процессуалдык макулдашуу» беренесинин негизинде соттолгон саясатчылардын бир даары абактан бошотулду.

Бул жолу алардын катарын КСДПнын элдик кошуунунун жетекчиси Алга Кылычов толуктады.

Бирок коомчулукта бийлик "тергөө менен кызматташты" деген жүйөнү бетке кармап, жалаң саясатчыларды жоопкерчиликтен куткарууда деген сын айтылып келет.

Ошол эле учурда "кызматташуу" укук коргоо органдарынын басымы астында жүрүүдө дегендер да бар. Алардын бири - КСДПнын абакттагы мүчөлөрүнүн укугун коргоп жүргөн адвокат Замир Жоошев.

Замир Жоошев.

- Кыргызстанда «тергөө менен кызматташтык» жөнүндө жобо көбүнчө саясий өңүтү бар тергөө жана сот процесстеринде көбүрөөк колдонулуп жатат. Мыйзам боюнча «тергөө менен кызматташтык жөнүндө келишим» боюнча айыпталып жаткан, шектүү адам демилге көтөрүшү керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө «кызматташтыктын» демилгечилери көп учурда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болуп жатат. Алар айыпталуучу адамга басым жасап, коркутуп-үркүтүү аркылуу «тергөө менен кызматташууга» мажбурлап жатат десек болот. Ал келишимдерди өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат.

Учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп сөз болуп келаткан «Батукаевдин иши» боюнча 19 адамдын 14ү менен «тергөө менен кызматташтык жөнүндө келишим» түзүлгөн.

​Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.​

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев "Арай көз чарай" талкуусуна келгенде тергөө менен кызматташкандарды жазадан качып жатат деп сынга алган.

Каныбек Осмоналиев.

- Мындай жобонун биздин практикабызга кириши юриспруденцияда абдан феноменалдуу көрүнүш болду. Тергөө менен кандай шартта «кызматташат»? Уруп-сабап мойнуна коюп койгон тарыхый тажрыйбадан өткөнбүз. Азыр «Батукаевдин иши» боюнча 14 адам тергөө менен кызматташып жазадан оңой кутулуп кетүүнү көздөп жатышат. Алардын баарынын күнөөсү бирдей эмес да? Алардын ичинде ашынган кылмыш кылгандар болсо эмне кылабыз? Тергөө менен кызматташып сот адилеттигине жетише алабызбы?

Бирок бир катар тажрыйбалуу юристтер, укук таануучулар тергөө менен кызматташуу дүйнөлүк тажрыйба экенин, так иштеген учурда өз жемишин бере турганын айтышууда.

- Бул АКШда, Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылып келген. Мыйзам чегинде жок болсо да бизде тажрыйбада колдонулчу. Укук коргоо органдары шектүүгө «мен сенин жазаңды жеңилдетем» деп алдап кеткен учурлар болгон. Азыр мыйзам менен шектүүнүн, прокурордун укуктары аныкталып берилди. Кепилдиктер бар. Бирок кызматташуу менен бөгөт чара беренесин аралаштырбаш керек. «Кызматташууга барса бөгөт чарасын өзгөрттү» деген туура эмес. Мындай маалыматтарды угуп жатабыз. Биз эми ал иштин мазмунун билбегенибиз үчүн эч нерсе айта албайбыз. Берене ошондой болуп колдонулуп жатса бул туура эмес экенин айта алам. Азыр тажрыйбада бир аз түшүнбөстүк болуп жатат. Бара-бара жолго салынат, - деген юрист-эксперт Аслан Кулбаев.

Дагы караңыз Тергөө менен кызматташуу - жазадан качуубу?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев 10-августта камакка алынган. Ички иштер министрлиги анда Тергөө кызматы 7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык жана УКМК кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Алга Кылычов Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы болгон.

Дагы караңыз Кой-Таш окуясы: арыздангандар суракка алынды

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. 8-августта Кой-Таш айылында күч түзүмдөрү экинчи жолу атайын операция жүргүзүп, Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары кармалган. Күч кызматтары менен Атамбаевдин тарапкерлери ортосундагы кагылышуудан жалпысынан кырктан ашуун адам жабыркаган.

Кармоо операция учурунда 12 аскер жараат алып ооруканага түшкөн. Ал эми операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болгон. Мындан сырткары Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов жараат алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.