Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы мурдагы президент баш болгон 15ге жакын жетекчилер күбө жана айыпталуучу катары өтүп жаткан ишке абактагы Алмазбек Атамбаев келбей койгону үчүн 14-октябрга жылдырылды.
Бул иште тергөө менен кызматташкан үчүн бир катар мурдагы аткаминерлер айыпталуучудан башка макамга өткөрүлгөнү белгилүү болду.
Жарым жылдан бери коомчулуктун кызыгуусун жараткан Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук процесс бир нече гана мүнөткө созулду. Иште айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алынып келбегени белгилүү болду.
Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышевдин айтымында, ушул себептен улам сот 14-октябрга жылдырылды:
- Жазык-процессуалдык кодекстин 375-беренесинин талаптарына ылайык, баштапкы соттук отурум жабык өтөт. Атамбаев келбегенине байланыштуу соттук отурум 14-октябрга жылдырылды, - деди прокурор.
Ал эми сотко келген Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президент сотко катышпасын мурдатан эле айтып келгенин билдирди:
- Буга чейин Алмазбек Шаршенович Атамбаев бийлик сунуш кылган оюнга жана андагы ролго катыша албасын жана бул кылмыш ишинде бөлүнгөн ролду аткара албасын билдирген. Ошондуктан, бул ишке келүүдөн баш тартты.
Адвокат Слесарев мурдагыдай эле Атамбаевди бул иш боюнча жоопко тартуу мыйзамсыз экенин жана акыркы аракеттер бийликтин басымы экенин айтууда.
Буга кошумча катары Сергей Слесарев бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатканын билдирди. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Сотко айыпталып жаткан Жолдубаева менен Раимжанов өздөрү келсе, абактагы Качкыналиевди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери атайын машине менен алып келишти.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов «Азаттыкка» кыскача жооп берип:
- Менин тергөө менен кызматташуума эч негиз жок. Абсолюттук түрдө күнөөсүзмүн. Ошондуктан мен тергөө менен кызматташуудан баш тарттым, - деп билдирди.
Ал эми Азиз Батукаевдин ишиндеги калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы өзгөргөн.
Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.
Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго «Көз көрүнөө калыс эмес өкүмдү же башка сот актысын чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери менен айып коюлуп, кызматтан алынган.
Киши колдуу болгон инисинин өлүмү боюнча соттук процесске келип, Батукаевдин иши боюнча капысынан күбө болгон дагы бир мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тергөө менен кызматташып жатканын ырастады:
- Атамбаевдин бул ишке түздөн-түз тиешеси бар-жок экенине тергөө жооп бериши керек. Мен өзүм билгенди тергөөгө айтып бергем. Мен башында кандай айтып жүрсөм, ошол көрсөтмө, ошол жагдайды эле айтып бердим. Эми сот башталып жатат. Анын жүрүшүндө бардык көрсөтмөлөр окулат. Меники менен да тааныша аласыздар. Мендеги маалымат боюнча, ал кишинин кайсы бир көрсөтмөсү болгон.
Ошентип, акыркы жылдардагы талкуу жараткан иши боюнча соттук процесс башталды. Бирок алгачкы соттук процессте эле бир топ суроолорго жол ачты.
Адегенде эле тергөө менен кызматташкан мурдагы аткаминерлердин айыпталуучудан башка макамга өткөрүлүшү суроо жаратчудай. Бул боюнча мамлекеттик айыптоочулар иш жаңыдан эле карала баштаганын айтып, суроого жооп берүүдөн баш тартышты. Адвокаттар бул жагдайды быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстер жана андагы гумандуулук идеялары менен түшүндүрүүдө.
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев мыйзамда мындай көрсөтүлсө да, ишти кароодо сот бардык жагдайларды эске алышы керек экенин билдирди:
- Албетте, мыйзамда ошондой көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок кылмышты уюштуруп коюп, «тергөө менен кызматташам» деп жеңил жаза алышы же жазага тартылбай калганы түшүнбөстүк жаратат. Ошондуктан, сот бул жерде абдан кылдат карашы керек.
Экинчиден, кармалгандан тартып эле тергөөнүн суроолоруна жооп бербей жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кийинки процесске келбей койсо эмне болот?
Адвокат Сергей Слесарев 14-октябрдагы процесске Атамбаевдин келер-келбесин айта албай тургандыгын билдирип, «ким бул окуяны баштаса, ошол эми териштирсин» деп жооп берди.
«Батукаев иши» - эгемен Кыргызстандын тарыхында эң чуулгандуу жана көлөмдүү да иштердин бири. ИИМдин акыркы маалыматында айтылгандай, кылмыш ишинин материалдарынын жалпы көлөмү эле 451 томго чыккан. Кылмыш ишинин козголушуна Жогорку Кеңеш бул боюнча улам-улам маселе көтөргөн депутаттардын талаптары себеп болсо, анын улантылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суракка келүүдөн баш тартышы менен коштолуп, ал акыры быйылкы чуулгандуу Кой-Таш окуяларына алып келди.
Бул иште аты аталган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевди Интерпол аркылуу издөө уланууда. Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин социалдык тармактагы айрым колдонуучулар Табалдиевди Анкара шаарынан көрүшкөнүн жазышкан. Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары эч кандай комментарий беришкен жок.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылганы же чакырылбаганы айтылган эмес.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.