Алар 22-сентябрь, дем алыш күнгө карабай бир нече сааттан суралышканын, тергөөчүлөр басым-кысым кылып жатканын айтып арызданышты. Ал эми Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын дооматын четке кагып жатат. Аталган мекеменин жетекчиси арыз жазгандардын укугун коргоо үчүн алар суралып жатканын жүйө кылды.
«Кайрылуу үчүн куугунтукталдык»
23-сентябрда Арашан айылынын он чакты тургуну айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, нааразылыгын билдиришти. Алар буга чейин Башкы прокуратурага жолдонгон жамааттык кайрылууга байланыштуу Аскер прокуратурасы ооруп жаткан кишилерди, кары-картаңдарды баш кылып жекшемби күнү бир нече саат суракка алганын айтышты.
Арашан айылынын тургуну Бүбүйра Кожокбекова суракта басым-кысым болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор куугунтукталып жатканын билдирди.
«Балдарды атып, камаганы аз келгенсип, айылдагыларды жумуштан алып коркутуп жатышат. Биз ушундан кийин "Айылдыктар кордук көрүп эле жүрө беребизби?" деп кайрылуу кылганбыз. Ошондон кийин эле Ички иштер министрлигине бир чакыртып, УКМКга бир чакыртып, ары-бери сүйрөп жатышат. Азыр балдар үйдөн да чыкпай калышты. Кечээ дем алыш күнү эс алдырбай үймө-үй кыдырып, телефондон күн-түн дебей чалып, «суракка келгиле» деп жатышат. 22-сентябрда суракка барып, саат 9дан кечки бешке чейин кезек-кезеги менен сурашты. «Эмнеге кол койдуңар? Муну ким баштаган?» деп такып сурашты. Биз «партиялаштар жолугуп, карапайым эл өзүбүз эле кайрылуу жолдодук» деп айттык».
Аларды Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Таш-Дөбө айылындагы милиция бөлүмүндө сурашкан. 9-сентябрда КСДП 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылганын жарыялаган. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан. Кайрылууда адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган.
Кол койгондордун дагы бири, Арашан айылынын тургуну Динара Тойгонбаева мындай деди.
«Кыргызстандын ар бир жаранынын укугу бар. Ал кайсы жерге кол коёт, эмнеге кол коёт, кимди колдойт өзү билет да. Биз каалаган адамды колдойбуз. Ошон үчүн эле элди мындай кылган болбойт да. Алар биздин укугубузду тебелеп жатпайбы. Дем алыш күнү да тынчтык бербей суракка алып, таң атпай милиция эшиктин алдында турганы эмне деген шумдук? Анын үстүнө Аскер прокуратурасы карапайым элдин иши менен алектенбеши керек. Биз кол койгонубуз үчүн да жооп беребизби?».
Ушул эле күнү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйыны болду. Анда аскер прокурору Нуркамал Набиев комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин Башкы прокуратурага кайрылган тарапкерлеринин суракка чакырылышында мыйзам бузулбаганын билдирди.
«Тергөө башталганда эле биринчи кезекте арыздануучулардын өздөрүн сурашыбыз керек. Мыйзамда ушинтип көрсөтүлгөн. Арыздануучулардан көрсөтмө алып, алардын жүйөлөрүн угасың. Ошондуктан Аскер прокуратурасынын тергөө тобу арыз жазгандардын тизмесин карап, суракка чакырган. Кээ бирлери сурак берип кетишти. Көбү келбей коюшту. Жол алыс, айрымдары ооруп калган үчүн келбей калышкан. Мүмкүн кээ бирлери коркуп жатат. Ушундан улам алардын укугун камсыздоо үчүн тергөө тобу Воронцовкага барып сурак жүргүзүү чечимин кабыл алган. Бул жерде эч кандай мыйзам, жарандардын укугу бузулган жок».
Набиев жамааттык кайрылууга кол койгондордун 49у суракка алынганын, алар ашып кетсе 15 мүнөттөн гана суралганын айтып жатат. Ошондой эле Кой-Таш операциясына катышкан күч органдарынын жетекчилерине, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, ички иштер министрине юридикалык баа берилерин, сотко чейинки өндүрүш ишинде алар азырынча күбө катары өтүп жатканын билдирди.
Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Кой-Таш окуясы боюнча күч органдарынын жетекчилеринин аракетине сөзсүз баа берилиши керектигин белгиледи.
«Бизге түшкөн маалымат боюнча бул окуядан 83 милиция ар кандай жаракаттарды алган экен. Бул алардын жетекчилеринин туура эмес иштегенинен улам болдубу же тургундар таш ыргытып жаракат алдыбы - муну аныкташ керек. Кызматкерлер кандай кийинип барыш керек эле, кандай тартипте барышты - бул үчүн бирөө жооп бериши керек».
Кой-Таш комиссиясынын ишине келсек. 23-сентябрдагы жыйынга Кой-Таш окуясы учурунда айылда болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова келген жок. Алар комиссияга буга чейин да чакырылып, бирок комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан. Ушундан улам комиссия алардын жыйынга катышуусун камсыз кылып берүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына кат жазып, шаршемби күнү жыйынын парламентте өткөрмөй болду. Андан тышкары Кой-Таш эли менен да жеринде жолугуу чечими кабыл алынды.
Кой-Таш окуясына катышкандар, ага күбө болгондордун баарын сурап чыгууга жана комиссиянын бүтүмүн даярдоого убакыт жетишпейт деген негизде комиссиянын иштөө мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардан жаракат алып 100дөн ашык адам ооруканага кайрылган. Анын ичинен 83ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери, «Альфа» түзүмүнүн 36 кызматкери жана 50 жаран. Ошондой эле «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Бул окуялар боюнча баш-аягы 39 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.