"Мен билген Айтматов": жеңүүчүлөр сыйланды

"Азаттык" радиосу жарыялаган "Мен билген Айтматов" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

“Азаттык” радиосунун сынагы кыргыздын залкар жазуучусу, ойчул замандашыбыз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, ушул жылдын июнь айында жарыяланган.

Сынакка жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келди.

Алардын ичинен залкар замандашыбыздын бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.

"Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.

"Азаттыктын" веб-редактору Жыргалбек Касаболотов сынактын жеңүүчүлөрү кантип аныкталганын айтып берди.

Ошентип биринчи орунга Жолдошбай Осмонов, Мирзохалим Каримов, Сүйүнбай Капаров, Ырысбай Абдыраимов, Тилав Расул-заде;

Экинчи орунга Нарынкүл Назаралиева, Кайрат Искендеров, Эркингүл Тургунбекова, Рыскул Касымбеков, Жали Соданбек, Мирсаид Анарбаев, Сакан Сатыбеков;

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айтматовду аздектегендер

Үчүнчү орунга Алимжан Алибеков, Адил Какенов, Мая Осмонкулова, Бурулкан Бакеева, М.Алчикенов татыктуу деп табылды.

Ал эми кызыктыруучу сыйлыктар Меңдибек Асылбеков, Тилекбек Кудайбергенов, Замир Алдаяров, Калыс Кенжебаев, Апилмажун Темиралиев, Абдил-Ахат Курбан уулу, Авазбек Жусупбеков, Турсунали Матазимовго берилди.

​Биринчи орунду алгандар букридер (китепти электрондук түрдө окуган жабдык), Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын диски, Ардак баракча алышты.

Экинчи орунга Ардак грамота менен букридер, үчүнчү орунга Айтматовдун чыгармаларынын он томдугу, тасмалар диски, Ардак баракча тапшырылды. Кызыктыруучу сыйлык катары "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" китеби жана рюкзак ыйгарылды.

Чыңгыз Айтматовдун замандашы Сакан Сатыбеков учурда 88 жашта. Ал Айтматовдун "Мекен" деген сөздү сактап калганын айтып берди.

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Айзада Касмалиева.

"Азаттыктын" башкы редактору Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көлдөн келген Рыскул Касымбековго сыйлык тапшырып жатат.

Таластан келген Тилекбек Кудайбергенов менен Ысык-Көлдөн келген Рыскул Касымбеков.

​"Акбаранын көз жашы" аттуу ырды жазып, Чыңгыз Айтматовдун батасын алган акын Мая Осмонкулова Таластан келди.

​Чыңгыз Айтматовду бала кезинде пахта талаасынан көргөн жалалабаддык Жолдошбай Осмонов сынакка үч аңгеме жиберген.

Жыйырма беш жыл мурда Чыңгыз Айтматов ушул китепке кол тамгасын коюп Тилекбек Кудайбергеновго тапшырган экен.

Тилекбек Кудайбергенов китепти ушул күнгө чейин сары майдай сактап келет. Анын Алтынай жана Толгонай деген эки кызы бар.

Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов сынакта 1-орунду жеңип алды.

Сынакта экинчи орунду алган Кайрат Искендеров Жалал-Абаддан келди. Ал Айтматовдун кыргыз тилиндеги чыгармалары ушул күнгө чейин Интернет айдыңында жоктугу тууралуу жазган.

​Кезегинде Чыңгыз Айтматов менен баарлашкан инсандар: Кочкордон келген Замир Алдаяров жана "Сильва" окуу-борборунун жетекчиси Апилмажун Темиралиев.

Бурулкан Бакеева Чыңгыз Айтматовдун тайлары тууралуу китеп жазган. (Оңдон биринчи)

​Чыңгыз Айтматов менен өткөн кылымдын 70-жылдардын ортосунда жолуккан Сүйүнбай Капаров Оштон келе алган жок. Анын ордуна карындашы Гүлайым Капарова келди.

Сынакка келгендердин ар биринин Чыңгыз Айтматовго байланыштуу кызык баяндары бар.

​Сынактын эң жаш катышуучусу Калыс Кенжебаев студент. Келечектеги дипломат.

Сынактын катышуучулары.

​Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган. Быйыл анан 90 жылдыгы Кыргызстанда жана дүйнөдө белгиленип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.