Мал эмделбей, картошка сатылбай турат

Кара-Суу району. Ош облусу.

"Азаттыктын" бул жолку апталык түрмөгү айыл чарбасына арналды. Бул ирет аймактагы дыйкандар менен малчылардын үнүн, көйгөйүн жана жетишкендиктерин уга аласыздар.

Айыл чарбадагы жаңы технологиялар Кыргызстанда колдонулуп атабы? Алардын артыкчылыгы жана пайдасы кандай? Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов ушул маселени иликтеп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айыл чарбадагы жаңычылдык

Баткен облусунун дыйкандары негизинен жер-жемиштен киреше алат. Бирок быйылкы жаздагы үшүк аларды кыйла убайымга салды. Баткендик дыйкандардын үнүн аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров тыңдаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үмүттү соолуткан үшүк

Ысык-Көлдөгү дыйкандар тонналаган картошкасын Бажы биримдигине киргенден кийин сатабыз деп кармап турушат. Алардын үмүт-тилеги Самат Асиповдун макаласында.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бажы биримдигин күткөн картошка

Түштүктө жер семирткичти буга чейин Өзбекстандан алып турушкан. Бирок жылдан жылга ал жактан алуу кыйындап баратат. Оштогу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков ушул маселе тууралуу кеп салат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жерди азыктандыруу азабы

Быйыл мамлекет тарабынан берилчү вакциналар кеч калып, Нарында мал эмделбей калды. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров айтып бермекчи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарындын малы эмдөөдөн калды