Сузакта мас айдоочу окуучуларды сүзүп кетти

Жалал-Абадда өспүрүмдөр кабылган жол кырсыгынан жабыркагандардын бирине экинчи жолу операция жасалат.

3-декабрда Жалал-Абад-Казарман трассасынын 35-чакырымында жол жээктеп кетип бараткан беш баланы мас айдоочу коюп кеткен. Натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп, бирөө ооруканага түштү.

Жыл башынан бери облус боюнча өспүрүмдөр катышкан 150гө чукул кырсык катталып, анда 12 бала каза тапкан.

Мончого барам деп ооруканага түштү

3-декабрдагы жол кырсыгына кабылган беш баланын бири, ооруканага түшкөн 15 жаштагы Амандын мээси жана сол буту жабыркаптыр. Бул тууралуу Сузак районундагы Октябрь аймактык оорукананын травматолог-дарыгери Өмүрзак Баранов айтты:

- Окуучу бала бизге түнкү саат ондо түшкөн. Дарыгерлер баланын кан басымы түшүп бараткандыктан анын ички органдарын текшерүү максатында операция жасашкан. Ички органдарына залал келген эмес, баары жакшы болуп чыкты. Азыр анын операциядан кийинки абалы туруктуу десек болот. Өзүнө келген соң нейрохирургдардын көзөмөлүнөн өтөт. Андан соң бутуна операция жасалат.

Октябрь аймактык ооруканасында жаткан Аманды апасы Аида Бекташова карап отурат. Ал баласы кабылган кырсык тууралуу өзү билгендерин айтып берди:

- 3-декабрда кечки саат сегизде баламды достору үйдөн чакырып, мончого алып кетишти. Анан эле жарым сааттан кийин "балаңарды унаа сүзүп кетиптир" деп кабар келди. Жолго жетип келсек, милиция толуп кетиптир. Баламды эбак эле ооруканага алып кетишкен экен. Уулумдун айтымында, жол четинде достору менен баратканда башка унаа келип сүзгөн, башка эч нерсени билбейт. Аны аймактык милициянын инспекторлору жол четиндеги чуңкурдан чала жан табышыптыр. Башы жарылган, оң бутунда жараат бар. Азыр операциядан кийин жакшы болуп калды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдукулов балдарды коюп кеткен айдоочу изделип жатканын билдирди.

Окуяга байланыштуу ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү аныкталды. Анын "Лада Нива" унаасы жашырып койгон жеринен үйүнөн табылды. Ал эми унаа ээси качып кеткендиктен аны кармоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Мас абалында рулду башкарган дагы бир айдоочунун айынан ушул эле жолдо 41 жаштагы киши каза болуп, айдоочу камакка алынды.

Мыктыбек Турдукулов мындай кырсыктардын себептеринин бири катары жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин тартыштыгын айтты:

- Сузак району боюнча жалпы жолдорду караган төрт гана кызматкер иштейт. Штаттык бирдик аз. Ошол себептен улам кырсык катталган аймактарда ЖКК кызматкерлери турбагандыктан мас айдоочулар көп кездешет. Азыр облустук ИИБден кошумча күч тартылып, ушул аймактарда иштеп жатышат. Жакынкы күндөрү кошумча кызматкерлер тартылып, атайын рейддер да жүргүзүлөт.

Жаңы жол салынып жаткан Сузак районундагы трасса жээгинде төрт мектеп жайгашкан. Анда 1500дөн ашык окуучу билим алат. Жолдорго белгилер орнотулганы менен мектепке жакын жерде жол чырактар орнотула элек. Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Маматсадиров буларды билдирди:

- Трасса курула баштагандан бери биз анын жээгинде жайгашкан мектептердин окуучуларына жол эрежелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатабыз. Азыр сабак бүткөндөн кийин мугалимдер балдар менен "жакшы баргыла, жол эрежесин сактагыла" деп коштошот. Мындан тышкары, биз жолду тейлеген ишканага кайрылып, буга чейин жол белгилерин орноттук. Азыр жолдун курулушу толук бүтө элек болгондуктан жол чийиндери жана мектептердин жанына жол чырактары коюла элек. Азыр тротуарларды куруу иштери жүрүп жатат. Бизде жол четинде төрт мектеп жайгашкан.

Расмий маалыматка ылайык быйыл Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын.

2016-жылы Жалал-Абадда 170тен ашык окуучу катышкан жол кырсыгы катталып, 18и каза болгон. Мындан сырткары 206 окуучу ар кандай жараат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.