Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

"Жардамчы cүзбөгөндө Айсанат тирүү калмак"


 Айсанат Борбашева
Айсанат Борбашева

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 729 адам каза тапкан.

Бир жарым жаштагы Айымдын апасыз чоңоюп жатканына төрт айдан ашты. Тили чыга элек болсо да булдуруктап, анын сүрөттөрүн өпкүлөйт. 19 жаштагы Айсанат Борбашева ушул жылдын 17-июлунда каргашалуу жол кырсыгында каза тапкан. Анын ата-энеси орду толгус кайгыга батып, ботодой боздоп, кичүү кызын жоктоп келишет. Алар кызынын өлүмүнө күнөөкөр адам акчанын күчү менен суудан кургак чыгып кетет деп кабатыр.

Айсанаттын өмүрүн алган жол кырсыгы 17-июлга караган түнү, саат он эки жарымдар чамасында болгон. Анда Токмоктун Бишкекти көздөй чыга беришинде келаткан “Тойота Фораннер” менен батыштан чыгышка бараткан “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.

Айсанаттын ата-энеси
Айсанаттын ата-энеси

Эң кызыгы - жолтандабастын рулунда Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев, ал эми “Хонда Стримде” төрт аял, эки эркек болгон. Жеңил унааны кырсыкта каза болгон Борбашеванын күйөөсү Айбек Исаев башкарып келаткан.

Айбектин айтымында Айсанат ошол күнү медициналык колледжди аяктап, үч курбусу менен "Гавайи" эс алуу жайында дипломдорун майлап жүрүшкөн. Айбек досу Нурболот экөө кечеси аяктаган соң аларды алып кеткени барышкан.

Ошентип алар "Гавайиден" келатып Токмоктун кире беришиндеги “Миллион” кафесине токтомок болуп, сол тарапка бурулушат. “Тойота Фораннер” ошол маалда келип сүзөт.

Катуу соккудан улам “Хонда Стримдин” эң арткы орундугунда келаткан Айсанат арткы терезеден ыргып барып, 10 метрдей жердеги алыштагы сууга түшөт. Калган үч кыз оор жараат алышат. Алапайын таппай калган Айбек менен Нурболот Айсанатты издеп карбаласташат.

“Хонда Стримдеги” бешөөнү "Тез жардам" кызматы алып кетет. Кийинчерээк табылган Айсанатты таксист жигит өз машинеси менен ооруканага алып жөнөйт. Анда чогулгандар суудан табылган келинге алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Тилекке каршы, ал ооруканага жетпей үзүлгөн. Адам өлгөн ошол кымгуут маалда “Тойота Фораннердин” айдоочусу окуя болгон жерден из жашырууга үлгүргөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Данияр Сейталиев рулда өзү отурганын дароо моюнуна алган эмес. Ал иштен айдалам деп корккондуктанбы, айтор, кырсыктан көп өтпөй Азат Жумаев аттуу тууганы менен сүйлөшүп “рулда мен болгом” деп айттырууга көндүрөт. Авария болгон учурда Бишкекте уктап жаткан Азат таңга жуук Токмоктогу милиция бөлүмүнө барып, жол кырсыгын моюнуна алган түшүнүк кат жазмай болот.

Бирок тергөөчүлөр “Тойота Фораннердин” ичинде прокурордун жардамчысына таандык кызматтык күбөлүк жана кандын издери бар экенин айтканда Азат Жумаев тууганына жардам берүү ниетинен аргасыз баш тартат. Муну анын тергөөчүгө берген көрсөтмөсүнөн да көрүүгө болот.

Айтмакчы, Сейталиевдин машинесинен күбөлүк менен кошо 27 токтотулган кылмыш иштеринин материалдары да табылган.

Прокурордун жардамчысы катышкан кырсык тууралуу толук баян видеодо.

Кандуу жолдор: күнөө кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG