Апта: Колдоо күткөн тил, Кой-Таштан келген кат

Өмүрбек Бабанов менен Мирлан Жээнчороев.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (23-29-сентябрь, 2019-жыл).

Мамлекеттик тилдин 30 жылдык майрамындагы өкүнүч

23-сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду. Ага карата Кыргызстанда бир катар коомдук жана маданий иш-чаралар уюштурулду. Аталган жыйындарда Кыргызстан эгемендикке жетишкенине дээрлик 30 жыл толгонуна карабастан, кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил боло албай жатканы өкүнүч менен белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйында акыркы изилдөөлөр боюнча мамлекеттик мекемелердин 40 пайызга жакыны гана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп жатканын, алардын да сапаты жакшы эмес экенин моюнга алып, бул мамлекеттик тилге болгон ишенимди жоготорун айтты:

Сооронбай Жээнбеков.

- 30 жылдан бери кыргыз тили кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили «коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи» деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык улуттар үчүн орток тил кылыш үчүн аткара турган милдеттер арбын. Орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат. Кыргыз тилин өнүктүрүү тилчилерден гана көз каранды эмес. Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү - өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилебизде. Шаардык ата-энелер балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз. Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз?

2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратат. Президент Сооронбай Жээнбеков анын «кемчиликтерин, 30 жылдык тажрыйбабызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турганын» айтты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамлекеттик тилдин абалын эске салган маараке

2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган программада «2020-жылга карата мамлекеттик бийликтин органдарынын бардык жетекчи кызматкерлери, кайсы улуттан болгондугуна карабастан, мамлекеттик жана расмий тилдерди С1 деңгээлинде, ошондой эле эл аралык тилдердин бирин B2 деңгээлинде билүүгө тийиш» экендиги жазылган.

Мамлекеттик кызматкерлер бул талаптарга канчалык даяр экени азырынча белгисиз. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев маселенин башка өңүтүн козгоду:

- Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенине дээрлик 30 жыл толуп, Кыргызстан эгемендик алганына да ушунча мезгил өткөнүнө карабастан, өлкөдө мыйзамдарды адегенде орусча жазып, андан кийин кыргыз тилине которгон тажрыйба колдонулуп келе жатат.

Орус тили расмий макамга ээ болгон Кыргызстандын саясий бийлиги латын арибине өтүү тууралуу сунуштарга өтө этият мамиле кылып келе жатат. Өткөн айларда бул демилге кайрадан кызуу талкууга түшүп, айрым активисттер латын арибинин кыргыз тилине ылайыкташкан варианттарын да сунуш кылып жиберишти.

Дагы караңыз Алфавит реформасы: Көчө аталышынан улам

Кыргызстандын бешинчи президенти да ал сунуштарды колдогон жок. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин 16-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алганда билдирди:

- Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек.

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Ага 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кошумча жана түзөтүү киргизилип, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 2009-жылы 23-сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө жөнүндө» жарлык чыккан.

Бабановдун Москвага кетиши

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 26-сентябрда Москвага учуп кетти. Мындай маалыматты саясатчынын айланасындагы адамдар «Азаттык» радиосуна ырасташты. Алар Бабанов эмне себептен Орусияга кеткенин маалымдашкан жок, бирок ал өлкөгө кайра кайтып келерин билдиришти. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен. Парламенттеги «Республика» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бул окуяны саясатчынын бизнеси менен түшүндүрдү:

Кенжебек Бокоев.

- Жумуштары бар болсо, албетте, барып келет да. Ал киши ишкер адам. Бизнес иштери менен сыртка чыгып, кайра келе берет. Ал жаран катары чакырган сурактарынын бааына барып, суроолоруна жооп берди. Эми ал аны куугунтуктай тургандай, бирөөнүн бир нерсесин уурдабаса, бирөөнүн бир нерсесин басып албаса же бирөөдөн бийлик талашпаса... Эми ал барат, келет. Бабанов жоопкерчиликтен качкан жери жок. Ал өзү келип, сурак берип жүрөт. Ал мыйзам чегинде уруксат сурап, айылга келип кетет же болбосо Москвага барып келет. Бул жерде эч кандай маселе деле жок.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы), азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек. Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Дагы караңыз Бабановдун табышмактуу кетиши

Башкы прокуратура Бабановдун аракеттерине байланыштуу биринчи ишти 2017-жылдын 28-сентябрында, ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун, Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча козгогон. Ал өткөн айда Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары ага эки жыл мурда «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. Козголгонуна дээрлик эки жыл болгон бул иштер качан сотко өтөт, анда кылмыштын курамы жок болсо качан жабылат деген суроолор боюнча тиешелүү тараптар маалымат бере элек.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Өмүрбек Бабанов.

- Мен Кыргызстанда депутат болуп жүргөн кезде да, президенттикке талапкер болгонумда да, 1 жыл, тогуз ай сыртта жүргөн учурумда да көп ушактар айтылды, - деп комментарий берген ал. - Кыргызстанга келбесем «коркок эле, коркок» дейт. Өлкөгө эми учуп келсем «бул сүйлөшүп алып келиптир же болбосо бирөөлөр кепилдик бериптир» дейт экен. Эгерде мен бийлик менен сүйлөшүп алып келсем бардык укук коргоо органдары мени улам суракка чакырбайт эле да?

УКМКнын маалыматына караганда, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов козголгон кылмыш иштеринде күбө катары гана өтүп жатат. Ошондуктан анын өлкөдөн чыгышына тыюу жок.

Кой-Таш менен Арашандын айрым тургундары арызданышты

Бул жумада Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия эки ирет жыйынга чогулду. Экөөндө тең Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундарынын укук коргоо органдарынын үстүнөн арыз-даттануусу тууралуу сөз болду. Алар Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында УКМКнын төрагасын жана ички иштер министрин жоопко тартууну талап кылышты.

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары билдиргендей, алар 22-сентябрда, дем алыш күнгө карабай бир нече сааттан суралып, тергөөчүлөрдүн басым-кысымына кабылышкан.

- Кыргызстандын ар бир жаранынын укугу бар. Ал кайсы жерге кол коёт, эмнеге кол коёт, кимди колдойт - өзү билет да. Биз каалаган адамды колдойбуз. Ошон үчүн эле элди мындай кылган болбойт да. Алар биздин укугубузду тебелеп жатпайбы. Дем алыш күнү да тынчтык бербей суракка алып, таң атпай милиция эшиктин алдында турганы эмне деген шумдук? Анын үстүнө Аскер прокуратурасы карапайым элдин иши менен алектенбеши керек. Биз кол койгонубуз үчүн да жооп беребизби? - деди Арашан айылынын тургуну Динара Тойгонбаева.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кой-Таштыктар комиссияга талап койду

9-сентябрда КСДП 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылганын жарыялаган. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан. Кайрылууда адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган. Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары ушундан кийин суракка алуу күчөгөнүн айтып жатат.

«Эмнеге кол койдуңар? Муну ким баштаган?» деп такып сурашты.


- Балдарды атып, камаганы аз келгенсип, айылдагыларды жумуштан алып коркутуп жатышат, - деди алардын бири. - Биз ушундан кийин «Айылдыктар кордук көрүп эле жүрө беребизби?» деп кайрылуу жазганбыз. Ошондон кийин эле Ички иштер министрлигине бир чакыртып, УКМКга бир чакыртып, ары-бери сүйрөп жатышат. Азыр балдар үйдөн да чыкпай калышты. Кечээ дем алыш күнү эс алдырбай үймө-үй кыдырып, телефондон күн-түн дебей чалып, «суракка келгиле» деп жатышат. 22-сентябрда суракка барып, саат 9дан кечки бешке чейин кезек-кезеги менен сурашты. «Эмнеге кол койдуңар? Муну ким баштаган?» деп такып сурашты. Биз «партиялаштар жолугуп, карапайым эл өзүбүз эле кайрылуу жибердик» деп айттык.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия 26-сентябрда кезектеги жыйынын Чүй облустук администрациясында өткөрүп, Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары менен жолукту. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүндө кармоо учурунда ошол жерде болгондор да келди.

Аскер прокурору Нуркамал Набиевдин айтымында, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кылмыш иши козголгон эмес, алар болгону Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күбө катары суралып жатат.

Нуркамал Набиев.

- Күч органдарынын жетекчилеринин ишине сөзсүз баа берилет. Бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтенип жатат. Анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялайбыз. УКМКнын төрагасынан тарат ички иштер министри жана Кой-Ташта болгон бардык күч кызматкерлери күбө катары өтүп жатышат, - деди ал.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген. Комиссия ишин 15-октябрда жыйынтыктайт. Анын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов комиссиянын корутундусунда күч түзүмдөрүнүн иш-аракетине баа берилерин айтты:

- Комиссиянын ишинин жыйынтыгын Жогорку Кеңеш алып чыгат жана бул маселе боюнча аларга саясий баа берилет. Эгерде кызматкерлерди туура эмес башкарып, туура эмес кылган иштери болсо бардыгы жоопко тартылсын деген чечим чыгарабыз.

Ал арада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекет тарабынан бөлүнгөн жан сакчысы Канат Сагымбаев камакка алынды.

26-сентябрда Сагымбаевдин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот прокурордун аны 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Адвокат Замир Жоошев бул чечимди мыйзамды одоно бузуу катары баалады. Анын айтымында, аскер кызматкери тергөө абагында эмес, гауптвахтада кармалышы керек. Жактоочу «Сагымбаевди сындыруу аракети жүрүп жатат» деп эсептейт.

УКМКнын 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин мамлекет тарабынан кепилдик берилген жеке жан сакчысы катары иштеген. Ал Атамбаев колго түшүрүлгөн кезде анын үйүндө болгон. Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат. КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бул дооматтарга макул эмес экенин билдирди:

Кундуз Жолдубаева.

- Мунун баары тең акылга сыйбаган айыптар. Канат Сагымбаев акыркы мүнөттөргө чейин кайтаруудагы объектинин коопсуздугун камсыз кылып, анын жанында жүрсө ал массалык башаламандыкка кантип катышы болот? Ал эми киши өлтүрүү боюнча шек саналып бир адам кармалган. Сагымбаев тескерисинче «Альфанын» кызматкерлерин коргоп жүрдү. Үчүнчү айып боюнча, 7-августта «Альфанын» кызматкерлери келгенде алар «биз «Альфанын» кызматкерлерибиз. Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетүүгө келдик» деп бирөө да айткан жок да. Алар курал-жарак менен кирип келип, бет капчан эле элди сабай башташкан. Кызматтык милдет боюнча Канат Сагымбаевге кайтаруудагы объектини коргош керек болчу. Ал кызматын так аткарды.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу тууралуу көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобону бузганы үчүн иштен алынганын билдирген. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган. Адвокат Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазганына караганда, жан сакчынын иштен алынганына Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган видео ролик себеп болгон. «9-кызматтын ички жоболоруна ылайык, кызматкерлерге коомчулукка видео кайрылуу жасоого, журналисттерге комментарий берүүгө тыюу салынат. Бирок видео аркылуу кимдир-бирөөнү куттуктоого тыюу салынбайт», - деп жазган Жоошев.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар. Атамбаев өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, кийин тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

АКШдагы импимчент маселеси

АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден президент Дональд Трамптын анын дарегине айткан дооматтарын 2020-жылдагы президенттик шайлоону бурмалоо аракети катарды баалды. Байден - демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн деп эсептелген саясатчылардын бири.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. 25-сентябрда Ак үй ал сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады. Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Мазмуну суроо жараткан, «Трамп украин президентине басым көрсөттү» деп бааланган бул сүйлөшүүдөн кийин чалгын кызматтары ички иликтөө баштаган.

Дагы караңыз Конгресс комитети Трамптын телефон сүйлөшүүсүн карады

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Жозеф Магуайр 26-сентябрда Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде эки президенттин телефондук сүйлөшүүсүнө байланышкан саясий жаңжал боюнча суроолорго жооп берди.

Жыйынды ачкан Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсү тууралуу айтып жатып, Кошмо Штаттардын президенти «өзүнүн жеке саясий пайдасы үчүн биздин Конституцияны коргоо тууралуу антына чыккынчылык» кылганын айтып, «өлкөнүн Конституциясын жана улуттук коопсуздукту курмандыкка чалганына даана далилдер бар» деп билдирди.

- Анда саясий атаандашына көө жабыш үчүн президенттикти жана зор аскердик кубатты башка мамлекетке басым катары колдонуу схемасы бар, - деди Адам Шифф.

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруу Жозеф Магуайр Конгресске жашыруун маалымат жөнөткөн чалгын кызматкери туура кадам жасаганын, «өзүнүн өлкөгө берилгендигин көрсөткөнүн» билдирди. Ал Конгрессте чалгын кызматкеринин маалыматы абдан маанилүү экенин, ошондуктан ал акырына чейин иликтениши керек экенин айтты. Магуайр конгрессмендерге «маалымат берген кызматкердин укуктары толук сактала турганын» маалымдады.

Жозеф Магуайрды президент Дональд Трамп Улуттук чалгындын жетекчилигине 8-августта дайындаган, ал эми информатордун Трампка каршы арызы анын колуна 12-августта тийген.

Чалгын комитети 26-сентябрдагы угуунун алдында ошол арыздын редакцияланган мазмунун ачыкка чыгарды.

«Кызматтык милдетимди аткарып жатып, мен бир канча расмий адамдан Кошмо Штаттардын президенти өз администрациясынын кызматкерлеринен 2020-жылдагы президенттик шайлоого чет өлкөнүн кийлигишүүсүн талап кылганы тууралуу маалымат алдым», деп айтылат документте.

«Башка иштер менен катар эле бул кийлигишүү АКШ президентинин башкы саясий атаандашына каршы иликтөө баштоо максатында чет өлкөлүк мамлекетке басым кылганын камтыйт», деп белгилеген автор. Ал бул болжолдуу кийлигишүүдө Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын адвокаты Рудольф Жулиани негизги адам болгон, ал эми ага башкы прокурор Уильям Барр да аралашкан болушу ыктымал деп эсептейт.

Чалгын кызматкери ал арызында баяндаган президенттин аракеттерине жеке өзү күбө болбогонун, бирок кеминде алты кишиден окшош маалымат алганын кошумчалаган.

Автор администрация эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты эч кайда чыгарбай, жашырууга аракет кылганын да белгилеген.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда Дональд Трампка украин президенти менен сүйлөшүүсүнүн мазмунуна байланыштуу импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын билдирген. Ал Трамптын Зеленскийден мурдагы америкалык вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө иликтөө жүргүзүүнү суранганын анын улуттук коопсуздукка жана таза шайлоого карата кылган чыккынчылыгы катары баалаган.

Дагы караңыз АКШда импичмент маселеси козголду

Ал 26-сентябрда «президенттикке талапкер Жо Байдендин үстүнөн иликтөө баштатууну көздөгөн Трамп Украинага басым көрсөткөнүн жашырууга аракет кылган» деп айыптады. Спикердин айтымында, импичмент маселесинде украин иши негизги бөлүк болот.

Ошол эле кезде президент Дональд Трамп дооматтарды четке кагып, ага ишеним көрсөтпөй, импичмент жарыялоону «күлкү келерлик иш» деп баалады. «Импичментке негиз барбы? Албетте, жок!» деди чалгын кызматкеринин жашыруун маалыматы ачыкка чыгарылгандан кийин.

«Менин сүйлөшүүм абдан сонун болгон. Украинанын президенти да кечээ эч кандай басым болбогонун билдирди. Бул тууралуу ал даана жана так айтты», деди Трамп.

Мурдагы америкалык вице-президенттин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Бул кезде АКШнын вице-президенти болуп турган Жо Байден администрациянын Украина боюнча иштерин да көзөмөлдөп турган. Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокин америкалык маалымат каражаттарындагы маегинде 2016-жылы аны кызматтан кетирүүдө Жо Байдендин таасири болгонун билдирген. Бирок мурдагы вице-президент анын дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

Жо Байдендин 2020-жылы боло турган президенттик шайлоого демократтардын атынан катышууга ниеттенүүдө. Сурамжылоолорго караганда, ал учурда демократтар арасындагы үмүткөрлөрдүн алдыңкы сабында турат. Ошондуктан Байдендин Украинага байланышкан иштерин козгоо ага бут тосуу катары бааланууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.