Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Конгресс комитети Трамптын телефон сүйлөшүүсүн карады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын улуттук чалгын башчысы Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу жаңжал боюнча суроолорго жооп берди.

Конгресс: Чалгын комитетиндеги угуу

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Жозеф Магуайр 26-сентябрда Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин июлдагы телефондук сүйлөшүүсүнө байланыштуу саясий жаңжал боюнча суроолорго жооп берди.

Чалгын комитети угуунун алдында АКШнын чалгын кызматкеринин президент Дональд Трампка каршы арызынын редакцияланган вариантын ачыкка чыгарган. Бул документ мамлекет башчыга импичмент жарыялоого себеп болуп калышы ыктымал. Конгресске маалымат берген чалгын кызматкеринин ысымы жашыруун сакталууда.

Угууну ачкан Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсү тууралуу айтып жатып, Кошмо Штаттардын президенти «өзүнүн жеке саясий пайдасы үчүн биздин Конституцияны коргоо антына чыккынчылык» кылганына, «өлкөнүн Конституциясын жана улуттук коопсуздукту курмандыкка чалганына даана далилдер бар» деп билдирди.

Адам Шифф.
Адам Шифф.

Ал президенттин адаттан тыш жүрүм-туруму тууралуу кабар чалгын кызматындагы информатордун маалыматынын аркасында белгилүү болгонун, бирок анын арызы, мыйзам талап кылгандай, мыйзам чыгаруучуларга дароо келбегенине көңүл бурду.

Адам Шифф АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруу Жозеф Магуайрга кайрылып, эмне үчүн ал бул маалыматты Конгресске жеткирүүдөн мурда юстиция министри – баш прокурор Уильям Баррга жөнөткөнүн сурады.

Жозеф Магуайр конгрессмендердин алдында сүйлөп жатып, информатор туура кадам жасаганын, “өзүнүн өлкөгө берилгендигин көрсөткөнүн” билдирди.

Ал Конгрессте чалгын кызматкеринин маалыматы абдан маанилүү экенин, ошондуктан ал акырына чейин иликтениши керектигине токтолду.

Жозеф Магуайр
Жозеф Магуайр

Жозеф Магуайр конгрессмендерди "маалымат берген кызматкердин укуктары толук сактала турганына" ишендирди.

Ушул эле иш анын катышуусунда Сенаттын Чалгын комитетинде да талкууланат. Сенаттын жыйыны жабык өтөт.

Чалгын кызматкердин Трампка каршы арызы

Жозеф Магуайрды президент Дональд Трамп Улуттук чалгындын жетекчилигине 8-августта дайындаган, ал эми информатордун Трампка каршы арызы анын колуна 12-августта тийген.

Чалгын комитети 26-сентябрдагы угуунун алдында ошол арыздын редакцияланган мазмунун ачыкка чыгарды.

«Кызматтык милдетимди аткарып жатып, мен бир канча расмий адамдан Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн администрациясынын кызматкерлеринен 2020-жылдагы президенттик шайлоого чет өлкөнүн кийлигишүүсүн талап кылганы тууралуу маалымат алдым», деп айтылат документте.

«Башка иштер менен катар эле бул кийлигишүү АКШ президентинин башкы саясий атаандашына каршы иликтөө баштоо максатында чет өлкөлүк мамлекетке басым кылганын камтыйт» деп белгилеген автор. Ал бул болжолдуу кийлигишүүдө Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын адвокаты Рудольф Жулианини негизги адам болгон, ал эми ага башкы прокурор Уильям Барр да аралашкан болушу ыктымал деп эсептейт.

Чалгын кызматкери ал арызында баяндаган президенттин аракеттерине жеке өзү күбө болбогонун, бирок кеминде алты кишиден окшош маалымат алганын кошумчалаган.

Автор администрация эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты эч кайда чыгарбай, жашырууга аракет кылганын да белгилеген.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. 25-сентябрда Ак үй ал сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады. Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Мазмуну суроо жараткан, Трамп украин президентине басым көрсөттү деп бааланган бул сүйлөшүүдөн кийин чалгын кызматтары ички иликтөө баштаган.

Импичмент маселесин көтөрүү

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн делген саясатчылардын бири.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда Дональд Трампка украин президенти менен сүйлөшүүсүнүн мазмунуна байланыштуу импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын билдирген. Ал Трамптын Зеленскийден мурдагы америкалык вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө иликтөө жүргүзүүнү суранганын анын улуттук коопсуздукка жана таза шайлоого карата кылган чыккынчылыгы катары баалаган.

Ал 26-сентябрда "президенттикке талапкер Жо Байдендин үстүнөн иликтөө баштатууну көздөгөн Трамп Украинага басым көрсөткөнүн жашырууга аракет кылган" деп айыптады. Спикердин айтымында, импичмент маселесинде украин иши негизги бөлүк болот.

Трамп дооматтарды четке кагып, ага ишеним көрсөтпөй, импичмент жарыялоону «күлкү келерлик иш» деп баалады. «Импичментке негиз барбы? Албетте, жок!» деди чалгын кызматкеринин жашыруун маалыматы ачыкка чыгарылгандан кийин ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

"Сиздер бул достук маанайдагы, өзүн актаган телефон чалуу болгонун билесиздер. Жо Байден жана анын уулунан айырмаланып, бул эки тараптуу пайданы көздөгөн сүйлөшүү болгон эмес", - деген Трамп 25-сентябрда.

Ал эми Трамптын шайлоо кампаниясынын өкүлү Кейли Макинани документти “орусиялык бурмалоодон да чоң алдамчылык” деп баалады. Ал муну менен 2016-жылы Москва Трамптын атаандашы Хиллари Клинтонду жыдытуу үчүн АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген кабарды эске салды. Бул боюнча да Кошмо Штаттарда иликтөө жүргүзүлгөн.

Жо Байдендин иши

Мурдагы америкалык вице-президенттин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Компаниянын ээси Николай Злочевскийге карата мурдагы прокурор Виктор Шокиндин демилгеси менен кылмыш иши ачылган.

«Бурисмага» карата кылмыш иши козголгону менен эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Бирок Шокиндин ишине бир катар батыш лидерлеринин ичи чыкпай, "коррупцияга каршы күрөштү солгун жүргүзүп жатат" деп сындашкан.

2015-жылдын декабрында АКШнын вице-президенти кызматын аркалап турган Жо Байден Киевге келгенде Шокинди кызматтан кетирүүнү талап кылып, болбосо Украинага убада кылган миллиард долларлык жардамды артка кайтарып алууну эскерткен.

Украин парламенти Виктор Шокинди 2016-жылдын мартында кызматтан кетирген. Америкалык маалымат каражаттарына курган маегинде Шокин аны кызматтан кетирүүнү Жо Байдендин таасири менен байланыштырган. Бирок Байден анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Жо Байден.
Жо Байден.

"Мен эч убакта уулума чет өлкөдөгү ишкерлик мамилеси тууралуу айткан эмесмин. Менин билгеним ушул. Ал эми Трамптын иши иликтениши керек деп эсептейм. Ал президенттиктин негизги эрежелерин бузуп жатат. Ага «Эмне үчүн чет өлкөлүк лидерди коркутууга аракет кылып сүйлөшөсүң?» деген суроону да бергиле. Трамп аны барабандай кагып жатканымды билет. Ошондой эле ал бийлигинен, президенттиктин ар бир ишинен кыянат пайдаланып, мени каралаганга аракет кылып жатат", - деди Байден.

Жо Байден 2020-жылы боло турган президенттик шайлоого Демократтардын атынан катышууга ниеттенүүдө.

Сурамжылоолорго караганда, ал учурда демократтар арасындагы үмүткөрлөрдүн алдыңкы сабында турат. Ошондуктан Байдендин Украинага байланышкан иштерин козгоо ага бут тосуу катары бааланууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG