Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:25

Атамбаевдин дагы бир жан сакчысы кармалды


Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев кызмат учурунда.
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев кызмат учурунда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев эки суткага камакка алынды.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармактар аркылуу кабар таратып, Сагымбаевдин колуна кишен салынып, автоматчан күч кызматкерлеринин курчоосунда турган сүрөт, видеосун жарыялашты.

Жолдубаеванын айтымында, ага чейин Сагымбаев Аскер прокуратурасында бир нече саат суракта болгон.

- Канат Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат, - деп маалымат берди ал «Азаттыкка».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

Адвокат Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазганына караганда, жан сакчынын иштен алынганына Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган видео ролик себеп болгон.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«9-кызматтын ички жоболоруна ылайык, кызматкерлерге коомчулукка видео кайрылуу жасоого, журналисттерге комментарий берүүгө тыюу салынат. Бирок видео аркылуу кимдир бирөөнү куттуктоого тыюу салынбайт», - деп жазган Жоошев.

УКМК болсо өз кезегинде Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Анткен менен КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бул дооматтарга макул эмес экенин билдирди:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Мунун баары тең акылга сыйбаган айыптар. Канат Сагымбаев акыркы мүнөттөргө чейин кайтаруудагы объектинин коопсуздугун камсыз кылып, анын жанында жүрсө ал массалык башаламандыкка кантип катышы болот? Ал эми киши өлтүрүү боюнча шек саналып бир адам кармалган. Сагымбаев тескерисинче «Альфанын» кызматкерлерин коргоп жүрдү. Үчүнчү айып боюнча, 7-августта «Альфанын» кызматкерлери келгенде алар «биз «Альфанын» кызматкерлерибиз. Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетүүгө келдик» деп бирөө да айткан жок да. Алар курал-жарак менен кирип келип, бет капчан эле элди сабай башташкан. Кызматтык милдет боюнча Канат Сагымбаевге кайтаруудагы объектини коргош керек болчу. Ал кызматын так аткарды.

13-августта Бишкектеги басма сөз жыйынында УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу мекеменин 9-башкармалыгынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкеринин иш-аракетине юридикалык баа берилерин айтканы бар.

Ал Атамбаевге бөлүнгөн эки кызматкер мыйзам боюнча мурдагы президентти коргошу керек экенин, бирок Атамбаевди кармоого барган УКМКнын жоокерлеринин буйругуна баш ийүүгө милдеттүү болгонун билдирген.

- Тилекке каршы, алар Атамбаев менен бирге качып кетип, анын үйүнө жашынып алган. Муну менен алар бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө шерик болуп калышты. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аракетине юридикалык баа берилет, - деген Сагынбек Самидин уулу.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Кой-Таштагы окуялар боюнча кеңири талдоо жүргүзүп, анын укуктук өнүттөрүн иликтеп чыккан. Өз иликтөөсүндө ал Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткандан кийин президент ал мыйзамга кол коюп, андан соң УКМКнын төрагасы 9-кызматтын кызматкерлерин чакыртып алышы керек эле деп жүйө келтиргени бар. Укук коргоочу бир эле мекеменин кызматкерлери талаштын эки тарабында болуп жатканын баса белгилеген.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов мекеменин 9-кызматынын өкүлдөрүнүн милдеттери тууралуу түшүндүрмө берди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери кайтарып жаткан адамды кылмыштуу топтордон, террористтик актылардан, башка кишилердин кол салуусунан гана кайтарышы керек. Жан сакчы ал кайтарып жаткан адамга карата мамлекеттик күч түзүмдөрү мыйзамдуу чара көрүп жатса каршылык кылбашы керек. Мамлекеттик органдар талап койсо, ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экенин билсе каршылык көрсөтпөшү керек. Мүмкүн күч кызматкерлери дубалдан секирип түшүшкөндө жан сакчысы алар ким экенин - кылмышкерби же террористпи - билбеши мүмкүн. Бирок үйүнө чейин качып барып (ред: Алмазбек Атамбаев) күч кызматкери аны кармоого аракет кылып жатканда «биз «Альфанын» кызматкерибиз. Токтогула!» десе аны билип туруп ошого карабай каршылык көрсөткөн болсо - ал жооп берет. Анткени алар бир мекемеде (ред: УКМК) иштегенден кийин алар бири-бирин таанышы керек да.

Канат Сагымбаев - мурдагы президенттин камакка алынган жалгыз жан сакчысы эмес. Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыптардын баарын четке какканы белгилүү.

Дамир Мусакеевдин Тоң районундагы жердештери буга байланыштуу нааразылык акцияларына да чыкканы бар.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар. Атамбаев өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, кийин тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG