Кадамжайда кырсыктаган жоокерлер ооруканада
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
27-март күнү кечке жуук Ош-Баткен жолунун Кадамжай районуна караштуу бөлүгүндө Ош шаарынан Баткенге машыгууга бараткан аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылып 30 жоокер ооруканага жеткирилди. Алардын алтоо райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аскерлер түшкөн унаа жолдон чыгып кеткен участокто буга чейин да бир нече жолу кырсык катталган.