Жаш жоокердин сырдуу өлүмү

Бексултан Адылбек уулу.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатып каза болгон Бексултан Адылбек уулунун сөөгү туулуп өскөн Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Алга айылында жерге берилди.

21-декабрда Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө болжол менен эртең мененки 5:30 чамасында жоокер асынып калган абалда табылган. Жоокер өзүнө кол салды деген версияга жакындары макул эмес. Анткени алар жоокердин денесинде бир нече тактар болгонун айтып, иликтөө иштери калыс жүргүзүлүшүн суранып жатышат.

Айылы аза күтүүдө...

Адылбек Өсөров тун баласы, аскерден сөөгү келген Бексултанды акыркы сапарга узатып жатат. Үч бир туугандын улуусу, 22 жаштагы Бексултан Бишкек шаарында жогорку окуу жайын бүтүрүп, быйыл күзүндө армияга кеткен. Арадан үч ай өткөндөн кийин анын сөөгү кайтып келиши тууган-урук менен кошо айылды да кайгыга салды.

Маркумдун атасы Адылбек Өсөров интервью бере турган абалда эмес экенин айтты. Ал эми таежеси Гүлмира Артыкова буларды айтып берди:

«Окууну бүткөндөн кийин «апа, мен армияга барып келбесем ишке албайт. Азыр мыйзам ушундай» деп, «ошол жактан да билим алып келейин» деп кетти. Болгону үч ай болду, баланын өлүгү келди, бул эмнеси, ботом?! Азыр атасы менен апасы сүйлөй албайт. Себеби оор абалда».

Дагы караңыз Кырсыктан арылбаган кыргыз армиясы

Маркумдун жакындары сөөктү жууган учурда анын денесиндеги тактарды көргөнүн айтышты. Мындан сырткары анын жамбашынан да тигилген жерлерин көрүшкөн. Маркум жоокердин аталаш тууганы Азамат Исаков иниси өз жанын кыйганына ишенбей турат. Ал бул окуя калыс иликтенишинен үмүт кыларын айтты:

«Бул баланын асынып өлгөнүнө ишенбей турабыз. Өзүн асып алгыдай жеңил ойлуу бала эмес болчу. Биз ишенбей турабыз, дагы тактайбыз, бирок күнөөлүүлөр жооп бериши керек».

Бексултан Адылбек уулунун окуясы - Ички иштер министрлигине караштуу ушул эле аскер бөлүгүндө быйыл катталган экинчи өлүм. Жыл башында да бул аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокердин асылып турган сөөгү табылган.

Дагы караңыз Өзүнө өзү кол салган жоокерлер

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Оторбаев Бексултан Адылбек уулунун өлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын жана иликтөө иштерин Аскер прокуратурасы алып барып жатканын билдирди:

«Бул боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасына кабарланган. Ал жактан келип сотко чейинки териштирүү иши башталып, бирдиктүү реестрге катталды. Азыркы учурда бул боюнча тергөө ишин Бишкек шаардык аскер прокуратурасы алып барып жатат. Алардын жыйынтыгы чыкмайынча биз эч нерсе дей албайбыз».

Маркумдун агасы Мамлекеттик чек ара кызматын сындаган

Маркум Бексултан Адылбек уулунун аталаш тууганы, офицер Бекболот Исаков өткөн жумада Ош шаарында «Нур» телеканалында журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүп, Мамлекеттик чек ара кызматындагы жетекчилерди сынга алган. Ага жооп катары Мамлекеттик чек ара кызматы Бекболот Исаков аскер тартибин толук сактабаганы үчүн кызматтан алынганын кабарлаган. Эки окуянын бири-бирине байланышы бар-жогу азырынча белгисиз.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова аскердеги кылмыштар кылдат иликтенбей, бир жактуу гана каралып жаткандыктан жоокерлердин өлүмү уланып жатканын айтууда. Мындан сырткары Аскер прокуратурасын да «чабал иштейт» деп сынга алды:

«Аскер прокуратурасы чабал иштейт, убагында барып жеринде иликтебейт, «суицид» деп коюшат. Балким аны суицидге жеткирген жагдайлар болгондур, ал терең иликтенбейт».

Кыргызстандагы адам укугун коргоочу уюмдары армияда адам укуктары сакталбайт деп сындап келишет. Укук коргоочулар армияда аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо көп экенин белгилешүүдө.

2019-жылы 13 аскер кызматкери өзүн-өзү өлтүрсө, 2018-жылы 17 аскер кызматкери суицидге барган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Армия азабына кабылгандар