Окуя ушул жылдын июль айында болгон. Чатакка Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин эки офицери жана келишимдик негизде иштеген эки кызматкер аралашкан.
Топтолгон материалдар Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Башкы прокуратуранын өкүлү Эрмек Асановдун айтымында, учурда Жазык кодексинин “кызматынан аша чабуу” беренеси менен иликтөө жүрүп жатат.
“Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 321-берене менен бул иш катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Анын себеби, 24-июлда эртең мененки текшерүү маалында Улуттук гвардиянын жети жоокеринин денесинен көгала тактар табылган. Ушу тапта экспертиза жүргүзүлүп, тергөө жүрүп жатат”.
Улуттук гвардиянын офицерлери жети жоокерди сабаган факты болгонун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы да ырастады. Ички иликтөө учурунда жети жоокер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон.
Эки ай мурда Улуттук гвардияда 75 жоокер аскердик милдетин татыктуу аткарып, өз элин сактоого жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого ант беришкен.
Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары армияда адам укуктары сакталбайт деп сындап келишет. Укук коргоочулар армияда аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо көп экенин белгилешүүдө.
Быйыл жаз айында Бишкекте аскердик кызмат өтөп жүргөн жоокер психиатриалык ооруканага түшүп калган. Анын атасы «баламды аскердик бөлүктө сабашкан» деп “Азаттыкка” кайрылган эле.
Чыныбек Касымовдун уулу Ички иштер министрлигине караштуу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Касымовдун кайрылуусунун негизинде бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтеген.
Аскерге былтыр күзүндө кеткен 24 жаштагы Азиз Касымовдун агасы Улан иликтөөдөн майнап чыкпаганын билдирди:
“Мен жазган арызды таппай калышты. Бир күндөн кийин ал жоголуп кетти дешти. Мен жоокерлердин укугу корголбой турганын жон терим менен сездим. Акыр-аягы өзүм ал аскер бөлүккө барып, урган адамды таап, инимдин аскер билетин бүтүрдүм. Буга эки ай убакыт кетти. Унчукпаган адамдын иши бүтпөй эле калат экен”.
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова пандемияга туш келгендиктен быйылкы аскерге кабыл алуу иши көзөмөлсүз калганын билдирди:
“Аскердеги абалды президент баш болуп, көзөмөлдөшү керек. Ал үчүн саясий эрк жетишпей турат. Биз муну такай айтып келебиз. Армияны айрымдар жабык жай эмес дешет. Бирок, дал ушул аскердин ичинде эмне болуп жатканы белгисиз болуп жатпайбы. Быйыл жазгы чакыруу карантинге туура келип, кабыл алуу иштерине көз сала албай калдык. Жылдагыдай укук бузуу катталбады деп ким кепилдик берет?”.
Жоокерлердин укуктарын сотто коргоп келе жаткан «Кылым шамы» уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан. Алар өз жанын өзү кыйганы айтылган. Айрымдарынын ата-энелери аскер бөлүктөрү менен соттошуп келет.
Ушул эле жылдын башында Ички иштер министрлигине караштуу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө жоокердин асылып турган сөөгү табылган. Маркум 20 жашта болчу.
Кыргызстандын аскер кызматы тууралуу мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон уландар милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакырылат. Аскердик кызматтан ден соолугу чабал уландар бошотулат.
Аскерге чакыруу бир жылда эки жолу жаз жана күз айларында жүргүзүлөт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.