Бирок бул акцияга карата мамиле бирдей эмес. Аны өткөрүүгө Беларустун Витебск шаарында, Казакстандын Актөбө шаарында тыюу салынды.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Өлбөс полк» боюнча Казакстандагы жана Беларустагы тыюуларга көз салып жатышканын билдирди. Аталган акцияны Москванын үгүтү, «Кремлдин идеологиялык куралы» деп санагандар да бар.
Жеңиштин 74 жылдыгы
Беларустун Витебск шаарынын бийлиги «Өлбөс полк» акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок. Мэрия каалоочуларды ушуга эле окшош акцияга - Улуу Ата Мекендик согушка катышкан тууганынын сүрөтү менен келип, эстеликке гүл коюу менен коштолгон «Беларус эстен чыгарбайт» жүрүшүнө кошулууга чакырды.
Ал эми борбор шаар Минскте «Өлбөс полк» акциясын өткөрүүгө уруксат берилди, бирок аны көчөдө жүрүш эмес, Музей үйүнүн алдында митинг катары өткөрүү сунушталды. Президент Александр Лукашенко быйыл март айында «Өлбөс полкко» караганда, «Беларус эстен чыгарбайт» акциясы биринчи пайда болгонун эскерген:
«“Өлбөс полк” жана башкаларга мен такыр эле каршымын. Чынында бул эң сонун акция – Орусиянын акциясы. Бирок эмнеге биз азыр «Беларус эстен чыгарбайт» деген акцияны таштай салып, «Өлбөс полкко» жармашуубуз керек? Алар окшош, алар бирдей эле. Орусиядагы «Өлбөс полкко» караганда «Беларус эстен чыгарбайт» биринчи пайда болгон».
Казакстандын Актөбө шаары да «Өлбөс полк» жүрүшүнө уруксат берген жок. Шаар бийлигинин өкүлү Ильяс Испанов муну көчөдө тыгын болоору менен түшүндүрүүдө. Ошондой эле акциядан кийин ардагерлердин сүрөттөрү көчөдө жана таштандыда калганына алардын жакындары нааразы болуп, бул согуштун катышуучуларын сыйлабастык экенин айтып жатканын кошумчалаган.
Ал эми Казакстандын Нур-Султан, Алматы жана башка шаарларында «Өлбөс полк» өтө турган болду. Ошол эле кезде Башкы прокуратура 9-майда мыйзамсыз митингге чыкпаш керек экенин эскертип, катышкандар катуу жазалана турганын билдирүүдө.
Казакстанда экстремисттик деп таанылган жана сот тарабынан тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» аттуу кыймылдын лидери, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов казакстандыктарды 9-майда митингге чыгууга үндөп жатат:
«9-май - чындап эле өз жакындарыбызы эстеп, Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү күнү. Ошол эле кезде аларды колдоо аркылуу биз да өз укугубузду, эркиндигибизди, эгемендигибизди, жарандык позициябызды коргой алаарыбызды көрсөтө турган күн».
1-майда - Казакстан элинин биримдигинин майрамы болчу күнү да Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында бийликке каршы нааразылык акциялары өтүп, полиция 80дей адамды кармаган.
Тажикстандын бийлиги да Дүйшөмбү шаарында «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө быйыл биринчи жолу расмий түрдө уруксат берди.
Бул акция мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Грузиянын беш шаарында да өтөт. Былтыр Тбилисиде акция аны колдогондор менен каршылардын кагылышы менен коштолгон. «Өлбөс полкко» каршылар муну «Кремлдин идеологиялык куралы» деп айтышат. Коопсуздук боюнча адис, Грузиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Теона Акубардия «Өлбөс полкту» «Орусиянын гибриддик согушунун бир бөлүгү, бийлик ага уруксат берүүдөн мурун бардык тобокелчилигин салмактап көрүшү керек» деп эсептейт.
Кыргызстанда «Өлбөс полк» акциясы алгач ирет 2014-жылы уюштурулган. Былтыр ага биринчи жолу мамлекет башчысы өзү да катышты. Сооронбай Жээнбеков согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жээнбеков бул жылы да «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышат.
Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан туугандарынын сүрөтүн көтөрүп, жүрүшкө чыккан «Өлбөс полк» акциясы акыркы жылдары Орусиянын бир катар шаарларында, мурдагы СССРге кирген мамлекеттерде жана башка өлкөлөрдө белгиленүүдө. Ал биринчи жолу 2007-жылы Орусиянын Тюмень шаарында «Жеңүүчүлөр парады» деген ат менен өткөн. 2010-жылдан кийин башка мамлекеттерде өтө баштаган.
Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.
Улуу Ата Мекендик согуш - Экинчи дүйнөлүк согуштун (1941–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Ага Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун кыргызстандык жоокер курман болгон.
Оорукта калган кыргызстандыктар майданга өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражаты, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.