Мыйзамсыз миграция кайда алып барат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин борборунда мыйзамсыз эмгек миграция жана кулчулук маселесине арналган акция өттү. Театрлаштырылган перформанс учурунда бир бала үн күчөткүчтөн чет өлкөдөн жумуш, жыргал жашоону сунуштап, кыйкырып жүрөт. Андан кийин эле үйсүз, жумушсуз калып, көчөдө тентип жүргөн (актер) кишини көрүүгө болот. Уюштуруучулар акция аркылуу мыйзамсыз эмгек миграция маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет жасаган.