Кой-Таш окуясы сотто карала баштады

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалып, бир аскердин өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын өттү. Ага бул иштин алкагындагы 14 айыпталуучунун баары тең катышты.

Андан тышкары дагы беш киши тергөө менен кызматташканы үчүн алардын иши өзүнчө каралууда. Айыпталуучулар коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып, соттук отурумдардын ачык өтүшүн талап кылышты.

Өткөн жылдын чуулуу окуясы болгон Кой-Таш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карай баштады. 3-марттагы баштапкы соттук жыйынга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жеткирилери күн мурунтан белгилүү болгон.

Атамбаев - кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде да негизги айыпкер. Бирок бул иш боюнча сотко катышуудан баш тарткандыктан сот ал жок эле өтүп жатат.

Кой-Таш окуяларына байланыштуу «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «барымтага алуу» үчүн айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Атамбаевдин сотко катышуу чечими тууралуу буларды айтты:

Асел Кодуранова.

«Ал киши да (ред: Алмазбек Атамбаев), биз да Конституция жана башка мыйзамдар бузулганын айтып келатабыз. Ошондуктан биз муну чогуу далилдейбиз. Биз мыйзамдын чегинен чыккан жокпуз. Бирок бийлик тараптан ката кетти. Ошондуктан Алмазбек Шаршенович да ушуларды аныкташ үчүн биз менен чогуу отурарын айтты».

Кой-Таш иши Кыргызстанда мурдагы президент баш болгон депутаттар, мурдагы жетекчилер оор беренелер менен айыпталып жаткан көлөмдүү иш деп саналууда. Анда баш-аягы 19 киши айыпталып жатат. Анын ичинен 14нүн иши сотко өттү.

Алар - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапкерлери Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев да бар.

Аларга негизинен «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлду.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев бар. Ошондой эле операция учурунда Атамбаевдин үйүндө жүргөн Кой-Таштын эки тургуну да алардын арасында.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл.

Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таш окуясына бийлик жооптуу экенин, күч түзүмдөрү элге каршы курал колдонгонун кайталап келишет. Бирок буга окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, талдоочу Алишер Мамасалиев кошулбайт.

«Алмазбек Атамбаев жана Кой-Ташта болгон анын адамдары «ким гана болбосун мыйзамдын чегинде жооп берет» деген талапка баш ийишкен жок. Алмазбек Шашенович тергөө органдарынын талабына баш ийбей мамлекеттүүлүккө каршы келген топторду түзүп, мыйзамсыз иштерди кылган», - деди ал.

Мыйзамга ылайык, баштапкы соттук жыйын жабык өткөндүктөн процесске шектүүлөр, алардын жактоочулары менен мамлекеттик айыптоо тарап катышты. Айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын негизги талабы - иштин өзү карала баштаганда сотту ачык өткөрүү.

Замир Жоошев.

«Равшан Жээнбеков билдирүү кылып, 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча Алмазбек Атамбаев Кожомкул атындагы спорт сарайына ачык сот отурумун өткөрүүгө шарт түзүп бергенин айтты. Бирок биз бул сот отуруму жабык өтөт деп ойлоп жатабыз. Бирок андай болбош керек. Анткени бул иште мурдагы президент, депутаттар айыпталууда. Бул иште чындыкты билгенге эл да кызыгат», - деди Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев.

Сот ачык же жабык өтөрү азырынча белгисиз. Бирок бул кылмыш иши боюнча төрт том тергөө тарабынан жашыруун деп бекитилген. Аларда «Альфа» түзүмүнүн аскерлерине байланышкан көрсөтмөлөр жана материалдар бар. Айыпталуучулар менен алардын жактоочулары ушундан улам сот жабык өтүп калышы мүмкүн деп күмөн санап жатышат.

Иштин көлөмү демекчи, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча иштин көлөмү сотко жеткенде көбөйүп кеткенин айтып чыкты:

Кундуз Жолдубаева.

«Биз иш менен таанышканда 84 том болчу. Азыр эми 88 болуп кетиптир. Дагы төрт том кайдан кошулуп калды, билбей жатам. Бул томдордон бизге коюлуп жаткан оор айыптарды көргөн жокпуз. Ошондуктан бул иш сотто кыйрайт. Эл да тергөө бир тараптуу жүргөнүн көрүшү керек. Эмне үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ИИМ Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилиги каралбайт?»

Буга чейинки көпчүлүк соттук отурумдардан айырмаланып, Кой-Таш окуясына байланыштуу иште прокурорлор журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип жатат. Жараяндан кийин айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматов иштин көлөмү тууралуу «Азаттыктын» суроосуна жооп кайтарды.

«Айыптоо актысы эки том болуп кошулат, - деди ал. - Бул болсо шектүү адамдар иштин материалдары менен таанышып бүткөндөн кийин түзүлөт. Айыптоо актысы да ар биринин колуна берилген. Бул да эки том, жалпы 88ге чыкты. Бул ишке эч кандай кошумча материалдар тиркелген жок».

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул иш быйыл февраль айында тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.