Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Кой-Таш окуясы: чуулгандуу иш сотко өттү


Кой-Таш окуясы, 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясы, 8-август, 2019-жыл.

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү.

Кой-Таш окуясы Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу ири сот иштеринин бири катары каралууда. Бир офицердин өлүмү менен коштолгон иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган.

Мындан сырткары тергөө менен кызматташууга макул болгон беш адамдын иши өзүнчө каралууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн прокурору Жоомарт Максатбеков билдирди:

«25-февралда Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитти. Анын көчүрмөлөрү айып коюлуп жаткан 14 адамга жиберилди. Ушул эле күнү ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү».

Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, тергөөнүн корутундусу 491 беттен турат. Анда 14 адамга айып коюлган.

Алар - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапкерлери болуп саналган Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев да бар.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Биз иш менен толук таанышып бүттүк. 84 томдон турат экен. Айрым бөлүктөрүн купуя сыр кылып коюшуптур. Биз муну сот отурумдарын жабык өткөрүү аракети деп ойлоп жатабыз. Бирок биз соттун ачык өтүшүн талап кылабыз. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Алар бизге коюп жаткан ар бир айыпка конкреттүү жообубуз бар», - деди Жолдубаева.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова соттун жабык өтүшүнө жүйөлүү себептер бар деп эсептейт. Анын айтымында, Кой-Таш окуясында эл менен чогуу жүргөн атайын кызматтын тыңчылары соттун жүрүшүндө негизги күбө катары өтүшү мүмкүн.

Ушундан улам сот алардын жүзүн жашыруу максатын көздөйт.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

«Негизги маалыматты ошол жерде эл менен аралашып жүргөн жашыруун агенттер берсе керек, - деп божомолдоду ал. - Ошондуктан алардын маалыматы купуя болушу керек. Бирок мунун баары сотту жабык өткөрүүнүн шылтоосу. Менин оюмча сот ачык өтүшү керек. Эгер чындап купуя сыр болсо соттун жүрүшүндө ошол бөлүктү гана жабык карап, калган бөлүгүн ачык кылуу абзел».

Ошол эле кезде Кой-Таш окуясына катышкан айрым адамдар тергөө менен кызматташууга барган. Буга байланыштуу Алга Кылычов баштаган беш кишинин иши өзүнчө карала турган болуп жатат.

Саясат талдоочу Марс Сариев бул көрүнүш башка айыпталып жаткандарга психологиялык басым болот деген пикирде.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Мындай нерсени эл түшүнбөйт, - деди ал. - «Бул жерде саясий иш болуп жатат» деп ойлойт. Ошондуктан сот да ачык өтүшү керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары соттун жүрүшүн ачык чагылдырып турганы оң».

Кой-Таш окуясына байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрдү.

Буга чейин Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.

Аталган комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров мындай деди:

«Сот процесси ачык өтүшү керек. Анткени акыркы чекитти сот коет. Күнөөлүүбү же жокпу сот гана аныктайт. Ошондуктан азыр бир нерсе деп айтканга болбойт».

Ал эми ошол эле убакта коомдук комиссия да бул окуяга өзүнчө баа берген. Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция абдан начар уюштурулганын айтып чыккан.

Кой-Таш окуясы боюнча коомдук комиссиянын дагы мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов комиссия бир жактуу иштегендиктен анын курамынан чыгып кеткенин «Азаттыктагы» маегинде билдирген.

Башкы прокуратура топтолгон материалдардын негизинде Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG