Жалал-Абад: тартип сакчысынын пара чыры

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында окуучу кыздан 5 миң сом пара алып жаткан учурда кармалган милициянын иши тергелип жатат.

Кара-Көл шаарынын тургуну Кочкорбай Мурзаев социалдык тармактар аркылуу президентке жиберген видео кайрылуусунда буларды айтты:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, укук коргоо кызматкерлери! Мен сиздерге кайрылууга аргасыз болуп жатам. Кызымдан опузалап пара алып жаткан учурда кармалган инспекторду 5-апрелде Жалал-Абад шаардык соту эки айга камакка алган. 6-апрелде облустук сот аны үй камагына чыгарып салды. Бул жерде коррупциялык көрүнүштөр болуп, айыпталуучунун тааныш адамдары сотко аралашты. Мен алардын ким экендигин жакшы билем жана кийинчерээк ачыкка чыгарам. Бул иш адилеттик менен иликтенип, сот туура чечим кабыл алат деп үмүт артам.».

Мурзаев ошондой эле видеокайрылууда «жашы жете элек кызды жыныстык катнашка мажбурлады» деген да кине койгон. Мырзаев окуя тууралуу небереси мене баарлашууга уруксат берген жок. Небересинин айткандарына таянып билдиргенине караганда, окуя 25-мартта түнкүсүн Кара-Көл шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

Эшиктин алдында турган эки окуучу кызды өспүрүмдөр менен иштеген инспектор келип текшерген. Небереси туш болгон жагдайды Кочкорбай Мурзаев мындайча айтып берди:

Кочкорбай Мурзаев.

«2003-жылы төрөлгөн неберем курбу кызы менен өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн подъездинде сүйлөшүп турган. Ал жерге өзүн ички иштер органынын кызматкери катары тааныштырган милиция келип, «Эмне үчүн коменданттык саат учурунда жүрөсүңөр? Азыр силерге протокол түзсөм, ата-энеңер 30 миң сом айып төлөп калат» деп, кыздарды чөнтөк телефонуна видеого тартып алган. Ал кызматкер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, неберемдин чөнтөктөрүн жана сумкасын тинтиптир. Ошол кезде неберемдин курбу кызы качып кеткенге үлгүргөн. Орган адамы кызымдан 5 миң сом акча таап берүүнү талап кылып, болбосо мейманканага чогуу барышы керек экенин айткан. Менин жиним келгени, ошол түнү саат төрттө небереме «Эмне болду? Акча даярбы? Даяр болсо сыртка чык, сүйлөшөбүз» деп телефон чалган экен».

Дагы караңыз Кара-Көлдө судья жана милиция кызматкери пара менен кармалды

Кочкорбай Мурзаев бул окуяга байланыштуу УКМКга кайрылганын айтты. Аталган мекеме 3-апрелде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) менен кошо милиционерди пара алып жаткан жеринен кармаган.

«Мен УКМК менен Финансы полициясына арыз жаздым. Кызматкер талап кылган 5 миң сомдук купюраны Финансы полициясынын кызматкерлерине бердик. Алар акчага белги коюп, кайра бизге беришти. Анан милиция кызматкери телефон чалганча күттүк. Милиционер эки-үч күндөн кийин небереме чалып, «киримди жууп бер» деп айтыптыр. Неберем макул болуп, ал жолугушууга келген. Ошол кезде акчаны алып жаткан жеринен кармалып, баары видеого тартылды. Андан кийин тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, Жалал-Абад шаарына алып барып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен эле. Бир сутканын ичинде эки инстанциядагы соттор ишти кантип карап жибергени мыйзам бузуу эмеспи? Бизде адвокат жалдаганга да дараметибиз жок. Айыпталып жаткан милиция кызматкери өч алуу максатында уруп кетеби деп кооптонуп турам».

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Мырзаевдин кайрылуусунун негизинде кылмышка шектүү милиция кызматкери үй камагына алынып, пара талап кылуу иши тергелип жатканын билдирип, зордуктоо тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Башкармалыктын басма сөз кызматкери Нурдин Жэээнтаев буларды айтты:

Нурдин Жээнтаев.

«Баштапкы тергөө иштеринин жүрүшүндө 9-класстын окуучусуна «түн ичинде көчөдө жүрбөшүң керек» деп эскертип, «сенин жүрүм-турумуңду тартып, Интернетке чыгарам» деп коркутуп, акча талап кылганы такталды. Шектүүгө карата «Пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. «Жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы боюнча кылмыш иши козголду» деген маалымат жалган экенин баса белгилейбиз. Министрликтин ички иликтөө кызматы кызматтык кызыкчылыктарын саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан жана коомчулук алдында милициянын аброюна шек келтирип жаткандардан органдарды тазалоо аракетин көрүп жатат».

Учурда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча катталган сотко чейинки териштирүүнү Финансы полициясы жүргүзүп жатат.

Ишти териштирип жаткан тараптар кылмышка шектүү милиция кызматкеринин аты-жөнүн ачык айтышкан жок. Инспектордун өзү, жактоочулары жана тарапташтары менен байланышуу да мүмкүн боло элек.

Жалал-Абаддагы «Каниет» кризистик борборунун жетекчиси жана укук коргоочу Гүлмайрам Аттокурова окуя бир тараптуу тергелип жатканын айтты:

Гүлмайрам Аттокурова.

«Бул жерде Жазык кодексинин «Ыплас аракеттер» беренесинин негизинде да Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин аракетин карап иликтеп чыгыш керек. Милиция кызматкери түнкү саат 4тө кызга телефон чалып, сыртка чакырган. Денесин кармалап, түндө тинтүү жүргүзүп жатат. Мындан улам пара алуу окуясы боюнча гана тергөө ишин алып баруу туура эмес».

«Каниет» кризистик борбору Кара-Көл шаарындагы бул үй-бүлөгө укуктук көмөк берип, адвокат менен камсыз кыла турган болду. Жабырлануучу кыздын ата-энеси эмгек миграциясында жүргөндүктөн чоң энесинин колунда тарбияланат.

Өткөн жылы өлкөдө милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен тартип сакчыларына карата 27 факт «Коррупция», 22 учур кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана эки алдамчылык окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошондой эле 30дан ашуун жетекчиге эскертүү жана тартип жазасы берилген. Ал эми коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчиликтерди кетирген беш жетекчи кызматтан бошотулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​