Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кара-Көлдө судья жана милиция кызматкери пара менен кармалды


Пара менен кармалган судья.
Пара менен кармалган судья.

Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаардык сотунун судьясы жана шаардык милициянын капитаны пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, октябрь айынын башында Ички иштер министрлигине жаран кайрылып, Кара-Көл шаардык милиция кызматкери жергиликтүү судья менен келишип алып 100 миң сом пара талап кылып жатканына даттанган. Бул каражатка судья арыздануучуга козголгон кылмыш ишин жапканга жардам бермек.

Бул арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, пара талап кылган судья менен милиция кызматкери убада кылган каражаттын 20 миң сомун алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG