Разаковду айыптаган сөз кайдан чыкты?

Жеңиш Разаков.

Кыргызстандын атайын кызматы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айланасындагы маалыматтарды териштире баштады.

Мунун алдында депутаттар коңшу өлкөнүн сайттары Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатканын айтып, иликтөөнү талап кылышкан. Вице-премьер-министр өзү муну толук четке кагууда. Андай болсо ушак-айыңдын төркүнү кайдан чыкты?

УКМКнын аракети

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламент депутаттарынын талабынан кийин баштады.

Рахат Сулайманов.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов толук комментарий териштирүү аяктаган соң берилерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө бул маалымат боюнча текшерүү иштери башталып жатат. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз», - деди ал.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн.

Анда алар вице-премьер-министрди айрым сайттар «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатканын эске салып, мындай шартта коңшу өлкө менен чек ара боюнча сүйлөшүүдө делегацияны Жеңиш Разаков жетектегени канчалык орундуу деген маселе коюшкан.

Биринчилерден болуп теманы КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов көтөргөн.

Мурадыл Мадеминов.

«Жеңиш Парпиевич, Интернетти окуп жатасыз да, ээ? Сизди «коңшу мамлекеттин агенти» деп берип жатышат, сиз аны окудуңуз да? Сиз Баткенде милициянын жетекчиси, губернатор болгонсуз. Бирок сиз жетекчи болуп турганда тажиктердин Шурап деген жерине, ошол эле башкы суу тосмого көзөмөл кылган эмессиз. Акыркы убакта ошол жакта болгон иштерди кыргыз тарап эмес, тажик тарап жазып жатат. Менде күмөн саноо пайда болду. Ошон үчүн сиздин паритеттик комиссияны жетектегениңиз, сиздин кечээ ал жакка барганыңыз да туура эмес. Эгер сиз аны окусаңыз, кызматтан кеткениңиз оң», - деген Мадеминов.

Ушуга окшош эле ойду «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да айтып, атайын кызматтан жагдайды иликтөөнү талап кылган. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов болсо ушак-айың ээрчиген кишиден отчет угуу орунсуз экенин айтып, тескерисинче аны убактылуу кызматтан алып, үстүнөн атайын комиссия текшерүү жүргүзүү керек экенин белгилеген.

Жеңиш Разаков өзү болсо эгер жыйын жабык өтсө, анын аты аралашкан маселе жөнүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирүү менен чектелген. Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде да өзүнүн айланасындагы кептерди төгүнгө чыгарды.

«Бул таптакыр болбогон сөз. Кандай агент? Кантип? Ушунча жакшы жумуштар болуп жатса эмнеге ошондой сөз чыгарып жатышат? Эгер мен тыңчы болсом ушул күнгө чейин тиешелүү органдар тактап, алып чыгышпайт беле? Губернатор болуп беш жыл иштедим, ошондо жакшы иштер жасалды. Ушуну, андан кийин кызматтан өскөнүмдү көрө албаган адамдар, душмандарым, кара ниеттик менен ушундай өтө жаман ушактарды таратып жатышат», - деди Жеңиш Разаков.

Күмөн жараткан суроолор

Разаков тууралуу береги темадагы маалыматтар алгач 2016-жылдын башында, ал Баткен облусун жетектеп турган учурда e-tadjikistan.org сайтына жарыяланган.

«Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын агенти иштеп жатат» деген макалада Шабнами Собири аттуу кабарчы атайын кызматтын Согди облустук бөлүм башчысы Жеңиш Разаковду «тыңчылыкка» тартып алганын жазган. Баянда кыргыз аткаминери ага кайсы бир айыбы үчүн макул болгону жана азыр да кызматы үчүн тажик тараптан акы алып тураары көрсөтүлгөн.

Бул макаланы ошол учурда Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттарынын көбү которуп басып, кээлери шилтеме берүү менен чагылдырышты. Жеңиш Разаков 2016-жылдын июнь айында вице-премьер-министр болуп дайындалганда, 2018-жылдын апрель айында бул кызматка экинчи жолу келгенде да бул темадагы материалдар гезиттерде, сайттарда дагы жазылды.

Эми болсо Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку талаш-тартыштан кийин кыргыз тараптын делегациясын жетектеп турган учурда кайра ошол кеп козголду. Гезиттерден сырткары, азыр социалдык тармактын айрым колдонуучулары да пикир калтырып, вице-премьерди айыптап жатышат. Буга катар айрым тажикстандык сайттар да ушундай мазмундагы макалаларды берүүдө.

Буга байланыштуу биз маалыматтын биринчи булагы болгон, тажикстандык Шабнами Собири аттуу журналисттин өзүн табууга аракет кылып көрдүк. «Азаттыктын» тажик кызматындагы кесиптештерибиз Тажикстанда андай журналист жоктугун, бул ысым "фейк" экенин түшүндүрүштү. Ошондой эле e-tadjikistan.org басылмасына ээлик кылары жазылган «Бирдиктүү Тажикстан» деп аталган оппозициялык кыймыл да жок экенин билдиришти. Аталган сайттын азыр иштебей калганы кесиптештердин сөзүн бышыктап тургандай.

Бирок анда мындай маалыматты таратууга ким жана кандай кызыкчылык болушу мүмкүн эле? Кыргызстандык күчтөрбү же Тажикстандын атайын кызматыбы?

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков буларга токтолду:

Роберт Абазбеков.

«Жеңиш Разаков Баткенде беш жыл губернатор болуп турду. Чек ара маселесин абдан жакшы билген адам. Азыр да делимитация жана демаркация боюнча комиссияда иштеп жатат. Ошондуктан бул кандайдыр бир деңгээлде Тажикстан тараптан жасалган чагым болушу мүмкүн. Анткени кырдаалды, көйгөйдү билген адам менен сүйлөшүү өтө кыйын. Дилетанттар же жөнөкөй бирөөлөр келип калса алар менен макулдашуу оңой болот, себеби алар маселени жеринен билбейт. Алар балким маселени билген кишини оюндан чыгарып, башкалар менен сүйлөшкүсү келип жаткан болушу да мүмкүн. Ал эми элдин ичинде «Сен беш жыл губернатор болдуң, эмнени чечип койдуң, эмнени кыйраттың?» деген да сөздөр болуп жатпайбы. Ал постконфликт аймакта жашаган адамдардын эмоциясы. Эл чарчап, кейигенден улам ошондой сөздөрдү айтышка туура келип жатат. Бирок делимитация, демаркация маселеси - бизде эле эмес, бүткүл дүйнөдө жеңил бүтпөй турган маселе».

Деген менен Бишкектеги «Азия-Ньюс» гезити ушул аптада жарык көргөн санында кайра эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазды.

Разаков тууралуу «Азия news» гезитинин макаласы.

Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялады.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк каттын мазмунун «Азаттыкка» келтирип, артынан дагы суроо койду:

Асланбек Сартбаев.

«Биз бул түшүнүк катты ишенимдүү булактардан алдык. Бирок ал кагазга Жеңиш Разаков өзү койгон кол тамгасы менен турат. Анда Разаков 2010-жылы 23-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алымбековго түшүнүк кат жазып берип жатат. Ал Тажикстанга кайсы бир досу менен кирип, анан үч күнгө себепсиз жоголуп кеткени жөнүндө баяндап жатат. Ал кармалып калып, Тажикстандын УКМКсында олтурганын өзү мойнуна алган. Ошол үч күн аралыгында эмне болгону белгисиз болуп жатат. Үч күн кармалган адам эмнелерди гана убада бериши мүмкүн, эмне сырларды айтышы мүмкүн? Мына ушундай жагдайдан улам Разаковдун дарегине карата бир катар ЖМКларда маалыматтар чыгып келе жатат. Бирок ал өзү бул маселе боюнча ушул убакка чейин бир да жолу жооп берген жок. Жооп бербегенден кийин «Ал чындап эле тыңчыбы?» деген суроолор, түкшүмөлдөр жаралып жатат. Эң өкүнүчтүүсү - ушундай шек туудурган адам чек ара маселесин карап, чоң даражалуу кызматта олтурат. Тажикстанда колго түшүп чыккан адамга биз кантип ишенип жатабыз?»

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим баштаган топтордун жолугушуусу. 14-март, 2019-жыл.

Жеңиш Разаков эмгек жолун токсонунчу жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы машине куруу заводунун бөлүмүндө устачылыктан баштаган. 1997-жылы ички иштер органдарына кирип, 2011-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилик кызматына жеткен.

2012-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, 2016-жылы вице-премьер-министр болгон. Ортодо Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин кеңешчиси болуп, 2018-жылдан бери кайрадан вице-премьер-министр катары иштеп келе жатат.

Акыркы кызматында ал кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы жаңжалдарга байланыштуу Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган топ менен сүйлөшүп жатат. Разаков 4-5-апрелде кыргыз делегациясын жетектеп Тажикстанга барат.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.