Тараптар буга чейин бир канча жолу жолугуп сүйлөшкөнү менен талаш-тартыштуу жерлер боюнча орток пикир таба элек. Мындан улам чек арада маал-маалы менен жаңжал, араздашуу катталып турат.
Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек ара тууралуу келишимдин долбоорун былтыр ноябрь айында Бишкектеги жолугушууда талкуулаган. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин 15-январда өкмөттүн жыйынында билдиришинче, анда тараптар буга чейин такталаган тилкелерди документ менен бекемдеп коюуну макулдашты:
- Анда абдан катуу талкуу болгон. Келишимдин долбоору боюнча да сүйлөшүү жүргөн. 520га жакын чакырымы, башкача айтканда чек аранын 54 пайызы өкмөттүк делегациянын деңгээлинде бекитилди. Негизи келишимдин долбоору боюнча да пикир келишпестиктер бар болчу. Сүйлөшүүдөн кийин эки тарап тең макул болду. Калган 55тей чакырым топографиялык жумушчу топтордун деңгээлинде бекитилет. Бул боюнча жумуштар жасалышы керек. Кыргыз-тажик чек арасынын калган талаштуу тилкеси, 396 чакырым, же болбосо 41 пайызды түзөт.
Өкмөт башчы Темир Сариев келишимге кол коюу, кабыл алуу жол-жобосу, тартиби тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, акыркы чечимди парламент кабыл алат:
- Өкмөттүн чечимин парламенттин тийиштүү комитеттерине жөнөтөбүз. Комитеттер карап макулдук бергенден кийин документ мамлекет башчысына жөнөтүлөт. Мамлекет башчы тажик тарап менен макулдашып бүткөндөн кийин расмий кол коюу болот. Кол коюудан кийин Жогорку Кеңешке ратификацияга келет. Парламент карап, мыйзам кабыл алгандан кийин гана күчүнө кирет. Бул тажик мамлекети менен болгон биринчи чоң кадам. Мамлекет башчыларынын ортосунда такталып калган жерлердин баарын биротоло чечип, кийин кайрылып келбегендей бололу, чечилбей жаткан, оор жерлерди кийинкиге калтыралы деген макулдашуу болгон.
Бирок өкмөт 15-январда жыйында бул келишимдин долбоорун кабыл алууну кийинкиге калтырды. Буга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин чек ара боюнча атайын комиссия дагы бир жолу карасын, карталар дагы бир жолу такталсын деген сунушу себеп болду. Өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров буларды билдирди:
- Бул эки сунуш менен кетет. Бирөө жазуу түрүндө болот жана ал ачык эле болот, экинчиси картографиялык материалдар, алар жашыруун болот. Эки тараптуу жумушчу топ бар. Бул топ карталар боюнча баарын тактаган. Биз сөз кылып жаткан 520 чакырым чек ара тилке негизинен тоо кыркалары менен өтөт. Ал жерде бир эле сызык менен кетет.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны жаңыча тактоону макулдашкан эле. Анда тараптар мындан ары эски карталарга таянбай, Алматы декларациясы боюнча иш алып барарын айтышкан. Бул декларацияда ар бир өлкө эгемендик алган мезгилдеги чек арасында кала берет деп жазылган. Андан сырткары эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү айрым бир талаштуу тилкелерди алмашуу жолу менен чечүүнү сүйлөшкөн болчу.