Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акин Токталиев баш болгон дин өкүлдөрү өлкөдөгү саясий абалды, конституциялык реформаны жана президенттик шайлоону талкуулаган аудио соцтармактарда кеп болууда.
Кадыр Маликов, Шайлообек Үркүнбаев, Бактияржан Шарапов, Акин Токталиев, Дүйшөн Абдылдаев, Руслан Бекназаров, Умар Кулов аттуу кишилердин баарлашуусунан деп аталган 10 мүнөттүк аудиотасма 2-декабрда Интернетте пайда болду.
Чуу жараткан аудионун мааниси
Аудиотасма «Кыргызстанда ИГИЛ («Ислам мамлекети» террористтик тобунун кыскартылган аты) кургусу келишет» деген жазуу менен коштолуп, шектүү уюм түзүү аракети деген таризде берилген.
Аудиодогу Кадыр Маликов деп белгиленген үн «Конституциялык реформа болуп жаткан учурда мусулмандардын үнү угулабы?» деп суроо салып, концепцияда көпчүлүктү түзгөн диний коомчулуктун орду «Жахабанын күбөлөрү» менен тең болуп калганы тууралуу айтып жатат:
«Чынында Конституция иштеп атабы? Ким күчтүү болсо ошонуку туура… Биздин катарыбыз калыңдап жатат жана биз чогуу болсок сөз айта алабыз. Биз «булчуңубузду» көрсөтсөк…»
Аудиодогу Маликов деген адам шарият сотун киргизүүнү да сунуш кылган. Ал эми Акин Токталиев деп белгиленген үн «шайтан мыйзамдар» жазылып, азыр өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү таасирдүү болуп жатканын айтууда. Жалпылап айтканда аудионун мааниси «өлкөдө мусулмандар көпчүлүк экенин көрсөтүш керек, саясатчылар аалымдардын айтканын угушу керек» экенин туюндурат. Ошондой эле «биригүүгө мезгил келгени» тууралуу сөз болуп, Баш мыйзамга өз сунуштарын айтуу боюнча демилге көтөрүлөт.
Жыйынга катышкандардын жүйөсү
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынын (муфтий) орун басары Кадыр Маликов соцтармактарда тараган аудио боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганын билдирди.
Анын айтымында, сөз болуп жаткан тасмада муфтияттын демилгеси менен өткөрүлгөн талкуу бурмаланып, анын катышуучулары шектүү диний топтун жактоочулары катары көрсөтүлүп калган.
Маликов чогулушта радикалдуу чакырыктар болбогонун жана ал бардык диний топтордун пикирин угуу, биримдикке чакыруу максатында уюшулганын айтты. Ошондуктан Интернетте тараган аудиону ал кара пиар, салттуу исламга каршы маалыматтык согуш катары мүнөздөдү:
«Албетте, бурмаланган. Мен бир сааттан ашык сүйлөгөм, алар өздөрүнө керек жерин гана кесип алышыптыр. Жалпы маанисинен кесип алынган. Дүйнөбий мамлекет жөнүндө айтканымдын экинчи бөлүгү жок. Менин дүйнөбий мамлекет болушу керек деген расмий позициям бар. Дүйнөбий дегенде менин сунушум - мамлекет үч баалуулукка калыс катары шарт түзүш керек: улуттук баалуулуктар, дүйнөбий баалуулуктар жана диний ислам баалуулугу болуш керек. Ошондой эле Баш мыйзамга Кудайдын атын киргизүү зарыл. Алар менин сүйлөгөн сөзүмдү контексттен сууруп алып, бурмалап беришкен. Муну жыйынга жаман ою менен келгендер жасаган. Мени ИГИЛ менен байланыштырганы акылга сыйбайт. Мен салттуу исламдын жайылышына, сакталышына салым кошуп жаткан адаммын».
Дагы караңыз
Маликов: Динди саясатта колдонуу опурталдууМаликов: Кыргызстанда светтик радикализм күчтүүМаликов жыйындын так датасы эсинде жок экенин айтып, өткөн бир ай аралыгында болушу мүмкүн экенин божомолдоду.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Акин Токталиев өзүнө окшош үнү бар аудиону фейк катары баалады:
«Мен аны көргөн жокмун. Фейк катары эсептейм. Сизге чейин айтышты, «ушундай чыгыптыр» деп. Коомго таанымал адам болгондон кийин бирөө асылып жатат. Ошентип эсептейм».
Дагы караңыз
Токталиев: Бийлик реформа кылсын деп дайындадыАл эми тасмада Мыктыбек Арстанбектин талапкерлиги жөнүндө айткан президенттик аппараттын жарандардан келген кайрылууларды талдоо боюнча эксперти Руслан Бекназаров аудио жазуу боюнча мындай комментарий берди:
«Мен Мыктыбек Арстанбек боюнча «жакында ал чыгат, программасын угасыңар, динден айтылып жатканын түшүнөсүңөр, динде кандай чечимдер бар экенин угасыңар, бул чоочуй турган нерсе эмес» дегендей сөздөрүмдү кошкон эмес. Өздөрүнө керектүү маанини кесип алышкан. Мен «Мыктыбек Арстанбек 100 миң добуш ала турган болсо, ал мусулмандардын добушу катары эске алынат» дегем. Бул Конституциядагы «дүйнөбий» деген жери талкууланып жатканда айтылган болчу».
Аудиого баа берүү жөнүндө талап
Дин ишмерлеринин, мамлекеттик кызматкердин аты аталган аудионун тарашы социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты. Талашка жем таштаган аудио Баш мыйзамдагы дүйнөбий мамлекет жөнүндө түшүнүк коомчулукта талкууланып жаткан учурга туш келүүдө.
Философия илимдеринин кандидаты, окутуучу Гүлзат Аалиева бул аудиого укук коргоо органдары юридикалык баа бериши керек деп эсептейт. Анын пикиринде, аудиодогу айрым сөздөр дүйнөбий мамлекеттин принцибине, ханафий мазхабына каршы келет.
«Мухаммед пайгамбардын мусулмандардын алгачкы Конституциясы катары 622-жылы кабыл алган Медина келишимине (Мединское соглашение) да каршы мүнөзгө ээ болгон сөздөр бар, - деп чечмеледи адис. - Андан тышкары мамлекеттик эгемендигине, конституциялык түзүмгө, жарандардын конституциялык укуктарына каршы багытталган кооптуу сөздөр менен пландарды уга алдым. Биз бул боюнча атайын басма сөз жыйынын уюштуруп, кыргыз бийлигинен ошол аудио жазууга юридикалык баа берүүнү суранабыз. Анткени ал сөздөрдө радикалдуу мүнөздөгү пландар үстөмдүк кылып жатат».
Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) бул аудио боюнча комментарий ала алган жокпуз. Ички иштер министрлиги Кадыр Маликовдун арызы боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдолиев ириде кайсы бир жыйынды же талкууну жашыруун жаздырып алып тараткандарды аныктоо зарыл экенин белгиледи.
Экинчиден, мурунку мамлекеттик кызматкер өлкөдө саясий кырдаалды эске алып, аны кайсы бир шектүү күчтөр пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн экенинен чочулайт. Молдалиев дин ишмерлеринин аудио жаздыруусу жакшылап иликтениши зарыл экенин айтты:
«Алардын ИИМге кайрылганы туура. ИИМ экспертиза чыгарып берсин. Ким болбосун жашыруун жаздырып алганы туура эмес. Бул жерде жөнөкөй эле молдолор чогулган жыйын эмес. Ал жерде Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп жүрүп, муфтийдин орун басары болгон Кадыр Маликов, Дин иштери боюнча комиссиянын жаңы жетекчиси жана диний ишмерлер бар экен. Бул көңүл сыртында кала турган маселе эмес. Муну тактап жыйынтыгын чыгарбаса, коомчулукта ар кандай багытка бурулуп кетет. Азыр эле айтып жатышат, «ИГИЛ курганы жатышат» деп. Мындай сөздөр чыкканынын да себеби бар. Экстремизмдин тарыхын карасак, Жакынкы Чыгышта абал начарлаганда ушундай сөздөр айтыла баштаган. «Динди мамлекеттин башына алып келбесек жакшы жашоо болбойт» деген «хизбуттардын» идеологиясы да ушундан келип чыккан».
Кыргызстанда атайын кызматтын расмий маалыматы боюнча 800дөн ашык жаран террордук уюмдарга кошулуш үчүн өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын көпчүлүгү Сириядагы согуш аймактарында жүрөт.
2019-жылдагы «Терроризмдин глобалдык индексинде» Кыргызстан салыштырмалуу коопсуз мамлекеттердин катарына кирип, бир жыл мурдагыга караганда жети тепкичке өйдө көтөрүлгөнү айтылган.