Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Токталиев: Бийлик реформа кылсын деп дайындады


Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эмгек жамааты жаңы жетекчи менен иштешүүдөн баш тартып, бийликке кайрылды.

Мурдагы жетекчи Зайырбек Эргешев ноябрдын башында иштен бошотулуп, ордуна Акин Токталиев дайындалган эле. Мекеменин эмгек жамааты Акин Токталиевди «тармакты башкарууга жөндөмсүз адам» деген негизде анын иштешине нааразылык билдирип чыгышты. Дин комиссиясынын жетекчиси Акин Токталиев түзүлгөн кырдаал боюнча «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна жооп берди.

- Дин комиссиясынын жаңы жетекчиси болуп дайындалдыңыз. Сиз буга чейин бул мекеменин жетекчиси алмашышы керек деген позицияда болдуңуз беле?

- Негизи, мен эч качан, эч жакка «Дин комиссиясынын жетекчисин алмаштыргыла» же «мени ордуна койгула» деп айткан эмесмин. Мени бийлик реформа жасасын деп кызматка дайындады. Себеби, мен 2015-2016-жылдары эки жыл катары менен «Дин комиссиясы мыйзамсыз иш алып барып жатат. Мыйзамсыз экспертиза кылышат. Булар чыгарган корутундунун натыйжасында кишилер «түшүнүк» менен соттолуп жатышат» деп чыгып, сотторго катышып жүргөн киши болчумун.

- Маалымат каражаттарында мекеменин жамааты сизге каршы экенин расмий билдирди. Эми жамаат менен кантип иштешем деп ойлойсуз?

- «Эки жыл мурун силер менен соттошкон» деп жамаатты адаштырып коюшту. Мен жамаат менен соттошкон эмесмин. Мыйзамдын аткарылышын талап кылып соттошком. 17-ноябрь күнү бүт жамаатты чогултуп, өзүмдүн позициямды түшүндүрүп айттым. Баары макул болуп, түшүнүү менен кайра келип иштеп жатышат.

- Анда мындан ары комиссиянын ишинде ырааттуулук улантылат экен да?

- Ишибиз буйруса улантылат. Булар адашып калышты. Себеби, Орозбек Молдалиев деген киши менин үстүмөн арыз жазган болчу. «Буга каршы иш козгогула. Бул экстремист, террорчуларды колдойт. Эл аралык грант алат. Муну камап койбосоңор, тескери иш жүргүзүп жатат» деп арызданган. Мен ушундай ушак, жалган маалымат таратканы үчүн тескерисинче, анын үстүнөн иш козгогула деп алты-жети ай Молдалиев экөөбүз соттошконбуз. Болгону ошол эле. Бул нерсени эске алышып «Молдалиев менен соттошкон, мыйзамды туура эмес экспертиза жасаткан, эми бизге да асылат экен» деп ойлоп жатышат. Соттошуунун натыйжасында соттук экспертизаны Дин комиссиясынан алдырып таштаганга жетишкенбиз.

- Кыргызстандагы мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени жакшыртууга, диний саясатты көзөмөл кылуу жаатында өзүңүздөгү жөндөмдү кандай баалайсыз? Өлкөдөгү диний бирикмелерден, эксперттик чөйрөдөн жардам керекпи?

- Мага бардык чөйрөдөн жардам керек. Мен баарын сыйлайм. Мыйзам чегинде иш алып барам. Мамлекетте кандай мыйзамдар кабыл алынса, ошол мыйзамдын чеги менен гана иш жүргүзөбүз. Баарын теңдикте кармайбыз.

- 1996-жылы түзүлгөндөн тартып Дин комиссиясы мамлекеттин дин саясатынын калыптанышына канчалык салым кошуп келе жатат деп ойлойсуз?

- Дин комиссиясы дин чөйрөсү менен өкмөттүн ортосундагы көпүрө болушу керек. Булар көпүрө болуп келишкен. Мындан ары да биз бул милдетти аткарып, көпүрө боло беребиз. Колубуздан келишинче мекеменин ишин жакшыртууга аракет кылабыз. Себеби, мен диний чөйрө менен көп жылдан бери иштешип жүрөм. Бул багытта китептерди жазгам. Ошол тажрыйбаны колдоном.

- Конкреттүү кандай тажрыйбаларды колдоном деп ойлойсуз?

- Конкреттүү тажрыйбам мындай - диний чөйрөдө мусулмандар арасында ар кандай жамааттарга бөлүнүү бар. Ошолор жамааттардын өкүлдөрүн, аалымдардын баарын чогултуп, алар менен бир багытта иш алып барууга аракет кылабыз.

- Өлкөдө расмий катталган 30га жакын диний уюм бар. Христианчылыктын протестант багытынын эле ондон ашуун уюму каттоодон өткөн. Алар менен кантип иштешесиз?

- Катталган бардык диний уюмдар мыйзам чегинде туура иш жүргүзсө, бүт баары менен иштешебиз.

- Буга чейин түрдүү диний ишенимдеги кишилер менен иштешүүдө Дин комиссиясы кандай кемчиликтерди кетирген?

- Менин бир гана билгеним, алардын чоң кемчилик кетиргени - «Дин комиссиясы экспертиза жүргүзө алат» деген мыйзамсыз чыккан президенттин жобосунда таянып алып, булар мыйзамсыз эксперттик топ түзүп алышкан. Анын негизинде экспертизалар жасалып, 1700 мусулман мыйзамсыз соттолуп кеткен. Ошолорду реабилитация кылганга аракет кылабыз.

Пандемия: Дин жана жоопкерчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:43 0:00

- 2005-2010-жылдардагы бийлик алмашуунун натыйжасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында да абал туруктуу болбой, муфтийлердин алмашуусуна алып келген. Быйыл муфтиятта абал тынч эле. Мындан ары сиздин муфтият менен болгон ишмердүүлүгүңүз кандай болот? Өзүңүз жогоруда айткан исламдын ичиндеги түрдүү жамааттарга көз карашыңыз тууралуу да айта кетсеңиз.

- Мен бул орунга келгенге чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушевди алмаштырганга даярданып калышкан экен. Мен баары мыйзам чегинде алмашуусу керек экенин айттым. «Эч качан күчкө салып же бир тескери иш алып барбай, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставында көрсөтүлгөн курултай аркылуу өтүшү керек» дегем. Муфтийди алмаштыруу аракетин токтотуп койдум. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, социалдык тармактарда, сайттарда мени бүткүл мусулман коому колдоп жатат. Бир гана мекеменин эмгек жамааты түшүнбөй, адашуу жолуна барып калды. Мен ошентип түшүндүм. Өзүбүздүн жамаатка: «Мен силерди түшүнөм. Силер бирөөнүн азгырыгына түшүп калдыңар. Бирөөңөрдү да куугунтуктабайм. Баарыңар өз ордуңарда иштей бергиле», - деп түшүндүрдүм.

- «Буга чейин жактоочу катарында диний негизде соттолгон 1700 адамдын укугун коргодум» деп айттыңыз. Ушундай инсан катары өткөн жылдар аралыгында Дин комиссиясы Кыргызстандагы диний экстремизмдин, радикализмдин жайылышын алдын алууга канчалык салым кошо алды? Бул багытта мекеме кандай ката-кемчиликтери кетирди?

- Мекеме кетирген кемчиликти мойнубузга алып, айтышыбыз керек. 2010-жылдан 2016-жылга чейин көп катачылыктар кеткен. Туура эмес мыйзамдар, экспертизалар берилген. Эми ошолорду жоюп, оңдогонго аракет кылабыз. Себеби, бизде көп адамдар мыйзамсыз, адилетсиз соттолуп кеткен экен, ошолордун иштерин кайрадан карап чыгуу зарыл. Биз президенттин саясатын колдойбуз.

- Эми экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча Дин комиссиясы кандай иштерди аткарат?

- Экстремизмдин, радикализмдин алдын алыш үчүн биз чоң аалымдарды чогултабыз. Алар менен талкуу, жыйналыштарды өткөрөбүз. Ошонун негизинде, ар бир жамааттын жетекчилерин чакырып, бир багытка, бир саясатка түшүүгө аракет кылабыз.

- Сиздин бул кызматка келишиңиз менен мекеменин буга чейин аткарган, аткарууну пландаган иштери өзгөрүшү мүмкүнбү? Эми сиздин жетекчилигиңиз менен Дин комиссиясынын эң негизги приоритеттүү багыттары эмнелерди өз ичине камтышы керек?

- Мага чейин түзүлгөн иш пландарынын багыттары өзгөрүлбөйт. Жумуш кандай кетип жатса, ошондой эле жүргүзүлөт. Бир гана жогоруда мен айткан экспертизадан кеткен каталарды оңдойбуз. Калган жумуштардын баарын мыйзам чегинде сүйлөшүү, келишүү жолу менен иш алып барабыз.

Эскерте кетсек, «Азаттык» Дин комиссиясынын кызматкерлерине ушул маселе боюнча кайрылганда, алар Токталиевдин жетекчи болуп келишине каршы позициясын өзгөртпөй турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG