Талапкер мечиттеги минбарга качан чыккан?

«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Ал эми талапкер Сайдолимжон Жураев мечитте шайлоо жараянынан мурда сүйлөгөнүн айтты.

Интернетте тараган видеодо Жогорку Кеңештин депутаты, «Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Сайдолимжон Жураев мечиттин ичинде имамдын ордунда туруп алып жамаатка карап сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

Кээ бир жеринде сөздөрү түшүнүксүз болуп калган видеодо талапкердин пандемия учурунда бир топ пландар аткарылбай, мечит жамааты жума намазына чогула албай калганын айтып, калктын ден соолугу мындан ары жакшы болушун тилеп сүйлөп жатканы даана тартылган.

Чөнтөк телефонго тартылган видео Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын мечитинде 11-сентябрда тартылганы кабарланды.

Дагы караңыз Диний көз караштын шайлоого тийчү таасири

«Азаттык» Жураевдин өзү менен байланышканда ал Интернетте тарап жаткан тасма болжол менен жарым жыл мурда тартылганын, мечитке барып турарын, бирок үгүт башталганы бир да жолу мечиттен сүйлөбөгөнүн айтты:

«Бул мурда тартылган видео болсо керек. Мен үгүт иштери башталгандан бери мечитте бир да жолу чыгып, саясатты сүйлөгөн эмесмин. Мечитте тартылган ал тасмада шайлоо тууралуу сөз жок. Мен мечитке барып турам. «Жума намазыңыздар кабыл болсун» деп жакшы сөзүмдү, каалоомду айтып койчу элем. Булар эски тасманы таркатып жатышат. Видео алты ай мурда тартылса керек».

Депутат, талапкер Сайдолимжон Жураев мечиттин минбарына чыгып сүйлөп жаткан учурда анын жанында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын борбордук эски мечитинин имамы Мамуржон Рахимбобоев да турганын көрүүгө болот. Мечиттин имамы да телефонго тартылган тасма мурда тартылганын айтууда:

«Кайсы күнү тартылганын так билбейт экенмин. Айт күндөрү элди куттуктап жаткан учуру тартылган окшойт. Бизге казыяттан келип жыйын өтүп, үгүт иштерин жүргүзүүгө, саясат боюнча айтууга болбой турганын эскертишкен. Биз андайга жол бербейбиз. Жума намазындагыдай сөз айтылган эмес. Айт намазы болсо керек, менимче».

Дагы караңыз Диндин саясатка аралашуусунун пайда-зыяны

Булардан башка тасмага түшүп калган эки каарман да мындай иштер жакын арада болбогонун айтып, «эски видео» деп жатышат. Анткен менен тасма пандемиялык чектөөлөр алынып, жума намазына уруксат берилгенден кийин тартылганы айтылууда. Анткени быйылкы Орозо айтта да, Курман айтта да айт намаздары мечитте окулган эмес. Муфтият жума намазын мечитте окууга сентябрь айынын башында гана уруксат берген.

Буга чейин диний мекемелерде үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Дин кызматкерлерине саясатка аралашканга болбой турганы, үгүт иштерине катышпаш керек экенин эскерткен Дин комиссиясынын, муфтияттын жыйындары өткөн.

Баткен облустук казыяты бул боюнча мечиттердин имамдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Облус казысынын орун басары Нуридин ажы Мамасабыров мечиттин ичинде талапкерге сөз берип, мыйзамдык талапты бузган имамга чара көрүлөрүн, жумушчу топ иликтөө жүргүзө турганын билдирди:

«Биз ушул маселе боюнча облусту кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Бул окуя тууралуу эми эле билдик. Казыяттын жумушчу комиссиясы бул имамдын аракетине баа берүү боюнча иш жүргүзөт. Эгер чын эле ушундай болсо өзүнчө чара көрүлөт да».

Кыргызстанда дин кызматкерлеринин саясатка аралашуусуна, ал эми диний мекемелерде саясий иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салынган. Шайлоо өткөрүү эрежелеринде да диний мекемелер ичинде үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

Дагы караңыз Маликов: Динди саясатта колдонуу опурталдуу

Жергиликтүү талдоочу Базарбай Масеитов мыйзамдык талапты сактабай, эрежелерди көзгө илбей, саясат үчүн динди жамынган талапкерлердин аракетине чара көрүлбөсө, кесепети оор болорун эскертти:

«Бизде мыйзамды сыйлап, талаптарды аткарууга дагы деле жетише албай келебиз да. «Биримдик» партиясы бийликке таянып, өзүм билемдик жасап жатканын көрүүгө болот. Бул эми мечиттин ичинде ушундай аракет жасап жатканы такыр акылга сыйбаган мыйзамсыз иш. Партия өкүлдөрү жолугушууларына мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди топтоп жатканы аз келгенсип эми дин ишмерлерин да тартып жатышат. Мунун кесепети жакшылыкка алып келбейт».

Буга чейин да Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор катышканы тартылган видеолор чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы диний мекемелерде гана шайлоочулар менен жолугушууга уруксат жок экенин, калган жайларга тыюу салынбаганын буга чейин билдирген.

Муфтият диний ишмерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырган, ал эми шайлоочуларды добушун сатпоого үндөгөн билдирүүлөрдү тараткан.