Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 14-сентябрда Талас облусундагы иш сапары учурунда төрөт үйүнө барып, анын урматына аты коюлган жаңы төрөлгөн ымыркайдын энесине 50 миң сом сүйүнчү бергени жарыяланган. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин анын үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени кабарланган. Төраганын басма сөз катчысы 17-сентябрда кайра маалымат таратып, аталган каражат фонддон бөлүнгөнүн белгиледи.
Коомчулукта спикердин бул окуясы шайлоочуларды сатып алуу аракети катары сынга кабылды. Ошол жагдайда төраганын басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков Дастан Жумабеков Таласка талапкер эмес, төрага катары барганын айтып, акча каяктан берилгени боюнча үч ирет тактоо киргизген жагдайдын себебин түшүндүрдү:
«Ошондо туура эмес маалымат кетип калыптыр. Текстте «төраганын өз атынан 50 миң сом сүйүнчү берилди» деп кетип калыптыр. Чынында спикердин иш сапары учурунда берилген ал акча буйруктун негизинде төраганын фондунан каржыланган экен. Бул өзү муктаждыгы болгон келин экен. Кайрылуу болуптур. Анан комиссия карап чыгып, ошондой чечим чыгыптыр. Ошол келиндин күйөөсү кайрылыптыр. «Коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн» деген сөздөрдөн улам төрага Таластагы саламаттык сактоо мекемелерин текшергени барган. Анан төрөт үйүнө да кирип, ошол жардамды тапшырган».
Шайлоо мыйзамдарын одоно бузганы үчүн «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде бараткан талапкер Дастан Жумабековду же болбосо партияны толугу менен шайлоодон четтетүү тууралуу талап коюлду. Ушундай талап койгон Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова бул ишти мекеменин жыйынында кароону сунуш кылган.
Атыр Абдрахматова төрага Дастан Жумабеков басма сөз катчысы аркылуу канчалык эки түрдүү түшүндүрмө берсе да эки учурда тең жоопкерчилик тартышы керек экенин мыйзамдын талабы менен байланыштырды:
«Төраганын акчаны өз чөнтөгүнөн бергени талапкер катары мыйзамсыз кайрымдуулук ишин жүргүзүү же сатып алуу аракети катары каралышы керек. Ал эми төраганын фондунан бергени ырас болсо - анда ал шайлоодо административдик ресурсту пайдалануу. Анткени шайлоодо талапкерлердин тең укуктуулугун камсыз кылуу деген беренени ачык эле бузуп жатпайбы. Шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 28-беренесинде «шайлоо дайындалган күндөн баштап талапкерлер, алардын өкүлдөрү, жакындары жана партия кайрымдуулук иштерин жүргүзө алышпайт» деп көрсөтүлгөн. Бул тыюу салынган ченем бардыгына бирдей. Мыйзамда «депутат катары иши токтотулбайт» деген бар. Бирок «төрага катары ишмердигин токтотпойт» деген жери жок. Анан «талапкер депутаттык ишмердигин токтотпойт» дегенде өз чөнтөгүнөн же фонддун эсебинен акча таратсын деген берене жок. Бул эки учурда тең мыйзам бузуу».
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Таластагы жумуш сапарында анын талапкерлиги көрсөтүлгөн «Кыргызстан» партиясынын үгүт баракчасындагы «ар бир наристеге 50 миң сом сүйүнчү» деген ураанды улантып, жаңы төрөгөн энеге көрүндүк берип, «жакында Кыргызстанда ар бир жаңы төрөлгөн бала мамлекеттен сүйүнчү аларын» айтканын анын кызматтык абалын пайдаланып, шайлоочуларды сатып алуу аракети катары баалагандар бар.
БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов ошондой мыйзам бузуу фактысы бар болгонуна карабастан аны кароо кечеңдеп келгенин айтты:
«Ошол фактыны көргөндөн кийин аны карап чыгып, тез арада ага баа берип, чечим кабыл алуу БШКнын түздөн-түз милдети болчу. Бул боюнча эбак эле арыздар келип түшкөн. Бирок мендеги маалыматтар боюнча БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул ишти кароону атайын кечеңдетип келди. Шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда мындай чуулгандуу иштерге тез арада чара көрүлүшү керек болчу. Бул жерде аталган иш боюнча эксперттерди тартуу деген шылтоо менен ишти кароо создугуп жаткан экен. Бирок бул жерде талаштуу эч нерсе жок, мыйзам бузуу көз көрүнөө эле болуп турбайбы».
Мыйзам боюнча үгүт эрежесин бузуу, административдик ресурс колдонуу жана шайлоочуларды сатып алуу аракети боюнча келип түшкөн арыздар үч күндүн ичинде каралышы керек. Ошондуктан БШКнын үгүт иштеринин тартиби жана арыздарды кароо боюнча эки жумушчу тобу төрага Дастан Жумабековдун бул ишин 17-сентябрь күнү кечке жуук кароого киришти.
«Кыргызстан» партиясынын шайлоо штабынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жоопкерчилик маселесин БШКнын чечими менен байланыштырды:
«Эми муну убактысынан мурун мыйзамды бузуу деп эсептегенге болбойт. Бул жерде мыйзам бузулдубу же жокпу, шайлоого байланышкан маселеде аны БШК карап чыгып, анан гана ал өзүнүн чечиминде айта алат. Мыйзам бузуу болсо, анан албетте, мыйзам чегинде териштирүү жүрөт. Болбосо, анда шайлоо өнөктүгү андан ары улантылат. Биз эми азыр шашылбастан БШКнын чечиминин жыйынтыгын күтө туралы».
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 2010-жылы «Ата Журт» партиясынан, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган. Быйылкы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоодо да ал «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №7 талапкер болуп катталган.