- Бишкектен барган дарыгерлер кантип бөлүштүрүлдү? Сиз иштеп жаткан ооруканадагы вирусту жугузган канча бейтап бар?
- Бул жакка келгенибизге алты күн болду. Жалал-Абаддан координатор тосуп алып, сегиз дарыгерди ар кайсы тарапка бөлүштүргөн. Сузак, Ала-Бука жана Аксы районуна бөлүндүк. Мен Аксы аймактык ооруканасынын инфекциологиялык бөлүмүндө иштеп жатам. Бизде вирус жуккан бир бейтап бар. Абалы жакшы, даттанган жок. Бардыгы штаттык режимде иштеп жатышат.
- Дарыгерлер ушундай шартта иштөөгө даяр беле? Психологиялык даярдыктан өтүшкөнбү?
- Биз моралдык жактан даяр болчубуз. Ошон үчүн корккон деле жокпуз. Бирок психологиялык даярдыктан өтүү мындай учурда абдан оор. Биринчилерден болуп кетип бараткандыктан согушка бараткандай сезилди. Анткени ал учурда вирус тууралуу маалымат Бишкекте бат тарап, биз аны курч кабыл алып калган элек. Бирок мен дарыгер катары өзүмдүн саламаттыгыма кооптонгон деле жокмун. Буга чейин эле ар кандай макалаларды окуп, эл аралык тажрыйба менен таанышып чыккан болчумун.
Экинчиден, корко турган болсоң имунитет алсырайт, ошондуктан дарыгерлерде коркуу сезими эмес, мекенчилдик сезими күч болуш керек. Бирок жакындарыбызга бир аз кыйын болду. Анткени алар үчүн биздин оору күчөп жаткан аймакка кетип баратканыбыз күтүүсүз болду. Бизди узатып жатканда ыйлап: «Үй-бүлөндү, жакындарыңды ойлобойсуңб»у деп жатышты.
- Жакындарыңыз, үй-бүлөңүз сиздин кетип жатканыңызды кандай кабыл алышты? Алар менен сүйлөшүп турасызбы?
- Үйдөгүлөр байма-бай чалып, кабар алып турушат. Бирок мен аларга «чалбагыла, бошобойбуз, телефонду жаныбызда алып жүрүүгө болбойт» деп түшүндүрдүм. Убакыт болгондо гана байланышып турам. Бирок бир чети бир ай жакындарыбыздан оолак болгонубуз тескерисинче коопсуз болду. Себеби биз Бишкекте жүргөндө күнүгө бейтаптарды, чет өлкөлүк жарандарды текшерип, анализдерин алчубуз. Ошол учурда өзүмдөн да, жакындарыма, балдарыма вирусту алып келбесем экен деген коркунуч болду. Бул жакта толугу менен шарттар бар. Коргой турган кийимдер бар.
Биз толугу менен жабык ооруканада иштейбиз, нөөмөтүбүз бүткөндө эки жума карантинге алынабыз. Башкача айтканда, анализибиз таза чыкмайын биз адамдардан оолак болобуз. Бир ай - бир жыл эмес. Биз, дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы үчүн андан да көп убакыт бою калып, иштөөгө даярбыз.
Бишкекте болсо мени күткөн үй-бүлөм, эки балам, жолдошум бар. Жолдошум абал курчуп жаткан мезгилде сезгендей мага телефон чалып, «Жаркын, сен баатыр болуп жөнөп калба» деп калды. Ошол эле күнү бизге министрликтен «Бишкектен жиберип жатышат, барып келесиңби?» дешти, мен дароо макул болдум.
- Тамак-аш, коргонуучу каражаттар жетиштүүбү?
- Дарыгерлер күнү-түнү тынымсыз иште. Тамак-аш, коргонуучу каражаттар - баары жетиштүү. Кээде эл өзү тамак-ашын көтөрүп келип, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип жатат.
- Аксыдагы элдин, бейтаптардын маанайы кандай? Аларда чоочулоо сезими барбы?
- Эли абдан токтоо, сабырдуу, жөнөкөй келет экен. Эч кандай ызы-чуу кылып, корккон жок. Алардын ар бири өзүнөн, жакындарынан коркуп жатышат. Бирок эмоцияга алдырып, чыр салгандары деле болгон жок. Биздин айтканыбызды аткарып, тазалыкты сактап, ишин улантып жатышат. Тартип бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Биздин окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Эч коркпоңуздар! Биз, дарыгерлер, баарыңарды коргоого, айыктырууга даярбыз! Аягына чейин иштейбиз. Учурда абал туруктуу. Биз баарыбыз ушул жерден вирустун жайылышын токтотуп калууга аракет кылып жатабыз. Сиздерден болгону үйдө отуруу талап кылынат. Гигиеналык эрежелерди сактаңыз, үйдө болуңуз. Эгер эч ким эшикке, көчөгө чыкпаса вирус жугузгандар болбойт. Ал тарабайт.
- Жаркын, ишиңиз илгери болсун. Оорубаңыз!
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.