Жаңылган министр, алынбаган муздаткыч

«Pfizer/BioNTech» компаниясы өндүргөн вакцина.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «ЮСАИД жана ЮНИСЕФ Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина үчүн -70 градустук муздаткычтарды алып берет» деп айткан сөзүн бир күн өтпөй эки эл аралык уюм да, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева да төгүндөдү.

2020-жылы Кыргызстан коронавируска каршы 1 миллион 200 миң вакцина алыш үчүн эмдөө боюнча глобалдык COVAX тутумуна кайрылып, колдоо тапкан. Ага ылайык Кыргызстандын 20% калкы эмделмек. Бул багытта өлкөгө «Pfizer/BioNTech» компаниясы өндүргөн вакцина акысыз сунушталганы менен кыргыз өкмөтү «аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок болгондуктан алып келүү мүмкүн эмес» деп жаткан.

Алымкадыр Бейшеналиев.

Бирок, 21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги - USAID «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сактоого Кыргызстанда жок муздаткычты, вакцина менен ийнелерди алып берерин билдирген.

«Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет».

Министрлик кечирим сурап...

Дал ушул жыйында министрдин жанында отурган вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бир күн өтпөй социалдык медиага Бейшеналиевдин айткандарын төгүндөп жазды. Министр кайрадан онлайн кайрылуу жасап, вакцина жана муздаткычтарды сатып алуу маселеси ЮНИСЕФ менен сүйлөшүлүп жатканын айтты.

Дагы караңыз COVID-19: мамлекет жапырт эмдөөгө даяр эмес

Ал арада министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова окуя боюнча түшүндүрмө берип, коомчулуктан кечирим сурады:

«Коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды, ийне жана муздаткычты сатып алуу USAID аркылуу жүрөт деген маалымат туура эмес. Биз бул үчүн коомчулуктан кечирим сурайбыз. Кечээ министр Жогорку Кеңештин отурумунда USAID менен ЮНИСЕФти алмаштырып алыптыр».

Эл аралык уюмдар муздаткыч алып берүүгө даяр эмес

Бирок, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм да атайын билдирүү таркатты. Ал уюм COVID-19 менен күрөшүүдө эмдөө жаатында COVAX тутумунун алкагында гана колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул үчүн 2019-2020-жылдары өлкөдөгү вакциналарды сактоого керек 973 муздаткыч алынганын маалымдап, «Pfizer/BioNTech» вакцинасы үчүн зарыл болгон ашыкча муздатуучу жабдууларды алууга азырынча шарт жок экенин жазды.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) Бишкектеги өкүлчүлүгү коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга 5 миллион доллардан ашуун каражат берилгенин, мындан ары да кызматташтык уланарын, бирок муздаткыч алып берүү маселеси карала элек экенин кабарлады.

Дагы караңыз ЮНИСЕФ: «Pfizer-BioNTech» вакцинасын сактоочу шайман сатып берүү планы жок

«Кесипкөй адистер жок»

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сөзүнөн жаңылышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Вирусолог-дарыгер Султан Жетешиков өкмөттөгү мындай көрүнүштү жогорку кызматка иш билбеген адамдардын келиши жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү дараметинин төмөндүгү менен байланыштырды:

«Ал (министр Алымкадыр Бейшеналиев) эч качан уюштуруучу катары иштеген эмес да, жөн эле жанындагылардын сөзүн кайталап койду.
Уюштуруучу эмес, бир хирург болчу да. «Pfizer/BioNTech» компаниясынан вакциналар бекер келип жатпайбы. Эми ошого ижарага алса деле эптеп муздаткыч тапса болот эле да. Күнү-түнү тынбай иштеп, Кытайдан деле сураса ижарага арзан берип турмак болуш керек. Бизде, Кыргызстанда чоңдор көп, бирок иш билгилер аз. Иш функцияларды бөлүштүрүү деген нерсе министрликте жок. Кыргызстан бир чоң кеңседей эле аткаминери көп болуп алган, анан кызматка дилетанттар отуруп алышкан».

Кыргызстан элди жапырт эмдөө боюнча эл аралык COVAX программасына мүчө. Анын алкагында өлкөнүн улуттук календарына кирген негизги беш эмдөөнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекиткен тартипте, эл аралык донорлордун каржылык көмөгү менен алат.

Коронавируска каршы күрөш үчүн Кыргызстанга азырынча бир да вакцина келе элек. Бирок менчик тараптар аны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Атын атагысы келбеген Кыргызстандагы фармкомпаниялардын биринин жетекчиси -70 градусту талап кылбаган Орусия менен Индиянын вакциналарын өлкөгө киргизүүнүн жолдорун издеп жатат.

Дагы караңыз

Венгрия «Sputnik V» вакцинасын сатып алатКоопсуздук кеңешине пандемия боюнча комиссиянын корутундусу сунушталдыСоңку бир суткада дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, эки адам көз жумдуБайден коронавируска каршы күрөштөгү чукул чараларды камтыган жарлыктарга кол койду

«Биз Орусия, Индия менен сүйлөшүп, вакцина алып келүүгө аракет кылып жатабыз, - деди ал. - Алар бизге март айынын соңуна чейин анык, так жооп беришет. Бизде вакцинаны сактоого өзүбүздө шарттар бар. Муздаткычтарыбыз талапка ылайык. Эгер азыр биз мерчемдеген вакциналарды колдонууга уруксат берилип, протокол чыкса, дароо эле алып келе баштайбыз. Жалаң эле -70 же -40 эмес, +2, +8 градуста деле сактоого ыңгайлуу коронавирустун вакциналарынын варианттары чыгып жатат».

Кыргызстандык адистер 2021-жылдын жай айларына чейин өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталышы күмөн деген ойдо турушат. Ал арада коңшу Казакстан жана Өзбекстанда эмдөөнүн биринчи этабы башталып, жайга чейин коронавируска каршы вакцина алгандардын санын миллиондон ашыруу пландалып жатат.