Милиция кошумча төлөмдөн баш тартпайт

Бишкек.

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөө талаштуу маселеге айланды. Буга чейин премьер-министрдин «милиционерлер өздөрү кошумча төлөмдөн баш тартып жатышат» деген сөзү сынга кабылган.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул сөзүн айрым депутаттар сынга алып, милиция кызматкерлери карантин шартында иштегени үчүн аларга кошумча сый акысын төлөп берүүнү талап кылышкан. Учурда бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, тартип сакчыларына кошумча акча төлөп берүүнүн тартиби каралууда.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаал шартында мыйзам боюнча айлык акы үч эсе көп төлөнүп берилүүгө тийиш экенин, бирок алар бюджетти колдош үчүн андан баш тартып жатышканын айткан:

Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушундай кырдаалда ала турган кошумча төлөмдөрдөн баш тартып жатышат. Мен муну айтып жатканымдын себеби - биз аларга кошумча акча төлөп бербейбиз дегендик эмес, ушундай кадамдар да болуп жатат деген мааниде айттым».

Өкмөт башчынын бул билдирүүсү Жогорку Кеңештин депутаттары гана эмес, катардагы милиция кызматкерлери үчүн да күтүүсүз болду. Алардын айрымдары кошумча төлөмдөн баш тартпаганын айтышууда.

Маселен, жеке коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген милиция кызматкери Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыялагандан тартып күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты. Бул аралыкта ал үй көрбөй, күнү-түнү шаар аралап, коомдук тартипке көз салып турган экен.

«Биз күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз, - деди ал. - Дем алышсыз иште жүрөбүз. Бирок март-апрель айларында мурда эле алып жүргөн айлыгыбызды алдык. Эч кандай кошумча төлөм кошулган жок. Менин кесиптештеримдин арасынан кошумча сый акыдан баш тарткандарын жолуктура элекмин. Биз өкмөт башчынын сөзүн угуп таң калдык. Анткени азыркы абал милиция кызматкерлерине да таасирин тийгизип жатат. Биз да үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Колдоого муктаж болуп турабыз».

Дагы караңыз Даттанган милиционер иштен алынды

Ал арада өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөп берүү боюнча 12 кишиден турган комиссия түзүлгөнү белгилүү болду. Алар ар бир кызматкердин өзгөчө абал шартында кылган ишине жараша төлөнүүчү каражатты аныктайт. Комиссия Конституциянын, «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жана өзгөчө абал тууралуу башка токтомдордун, укуктук-ченемдик актылардын талаптары менен шарттарын эске алат. Анын иши 10-майда жыйынтыкталып, чечим чыгарылат. Бул чечимдин негизинде кабыл алынган акыркы бүтүм Финансы министрлигине жиберилет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкер такталып, аныкталарын жана мыйзам чегинде каржылык колдоо караларын белгилеген.

ИИМ быйылкы санитардык-эпидемиологиялык багыттагы өзгөчө абал менен 2010-жылкы июнь окуясындагы өзгөчө абалды салыштырууга болбой турганын эскертүүдө.

ИИМдин билдирүүсүндө: «Азыркы абал - мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык жагдайды катуу көзөмөлгө алуу. Жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоосун көзөмөлдөө, санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-карантиндик постторду, блокпостторду уюштуруу, мамлекеттик чек аралар аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү, обсервациялык борборлорду күчөтүлгөн режимде кайтаруу жана коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жер-жерлерде унаа жана жөө тартибинде кайгуулга чыгууда ички иштер органдарынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен бирге «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып», илдеттен элибизди сактап калуу боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүбүз – бул биздин кызматтык милдетибиз жана парзыбыз экенин ар бириңер туура түшүнөт деген ойдобуз», - деп жазылган.

Аталган министрликтин байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов Бишкек шаарындагы блокпосттордо иштеп жаткан тартип сакчылары менен сүйлөшүп, алардын көйгөйү менен жакындан таанышканын белгиледи:

Ялкун Даутов.

«Биз эки күн бою Бишкек шаарын аралап, ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен баарлаштык. Алар жумуш оор экенин, өзгөчө абал киргенден баштап иштери эки эсе көбөйгөнүн айтышты. Бирок «кошумча акчадан баш тарттык» деген милиция кызматкерин көргөн жокмун. Балким алардын жетекчилери кошумча сый акы албайбыз деп жатышкандыр. Бирок кенже курамдагы кызматкерлер кошумча төлөмгө муктаж».

Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков өкмөт мыйзамда көрсөтүлгөн кошумча төлөмдүү берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Ал эми өкмөттүн азыркы абалына, бюджеттин бөксөргөн капшытына колдоо көрсөттүү ар бир жарандын өз ыктыяры менен болушу керек деген ойдо.

«Сый акыны бериши керек. Ал сый акы милициянын чөнтөгүнө түшкөндөн кийин ал бир сом береби же айлыгынын баарын береби - ал ыктыярдуу түрдө болушу керек», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жуккан күч кызматкерлеринин саны 27 кишиге жетти. Илдет жуккан он кызматкер айыгып чыкты. Калган 17си Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада дарыланып жатат, алардын жетөө 3-майда жаткырылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​