Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Карантин жана милициянын коопсуздугу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталганы тартип сакчыларын кооптонтуп турган кези.

Алардын көпчүлүгү вирустан коргой турган каражаттар менен жабдылган эмес. Жумушка да бир автобуска жык толуп барып жатышкан экен. Көчөдө кызмат өтөп жаткан кызматкердин бири атын атабай, милициянын азыркы кырдаалдагы абалын, көйгөйүн «Азаттыктын» кабарчысына айтып берди.

«Күч түзүмдөрүндө иштеп жатканыма 6-7 жыл болуп калды. Азыр карантин убагында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Үй бетин көрө элекпиз. Эс алган учурлар да болуп жатат. Көчөдө эл менен такай байланышта иштеп жатабыз. Мындай учурда үй-бүлөңдүн коопсуздугунан коркот экенсиң», - деп сөз баштады ал.

- Буга чейин Интернетке милиция кызматкерлеринин автобуста тыгылып бараткан сүрөтү жарыяланып кеткен эле. Жумушка барып келгенде кооптонуп жатасыздарбы?

- Мурда эртең менен үйдөн жетиде чыга турган болсок, азыр бир саат эрте кыймылдап калдык. Анткени карантин маалында милиция кызматкерлерине жеке автоунаа менен жүрүүгө тыюу салынган. Азыр бизди атайын автобус, кичиавтобустар менен жумушка алып кетишет. Үч чакырымга жакын аралыкты басып өткөнгө туура келет.

Автобус ар бирибизди үйгө чейин жеткире албайт да. «Адамдар ортосунда 2 метр аралык сакталышы керек» деп жатышат. Бизди жумушка ташыган автоунаадан аралыкты сактоо мүмкүн эмес. Автобус ичиндеги кызматкерлер каяктан, кайсы жерден келди? Мен каяктан келе жатам? Ушундай суроолор жаралууда. Бизде деле үй-бүлө болгондон кийин жакындарыбызга сарсанаа болуп жатабыз. Кечээ брифингде айтылды го, Саламаттык сактоо министрлигинин имаратында күзөттө турган адамда вирус чыгыптыр. Ал жигит деле автобус менен биз сыяктуу жумушка келип жатат да.

- Блокпосттордо туруп адамдар менен көп байланышып жатасыздар. Вирус жугузуп алам деген чочулоо болуп жатабы? Ошондой эле, өзгөчө абал режимин бишкектиктер кандай кабыл алды?

- Шаар ичинде адамдар көп болуп жатат. Жарандар деле туура түшүнүп үйүндө эле жатса болмок. Кээ бир чоң көчөлөрдө автоунаа тыгындары болуп жатат. Блокпосттордон күнүгө 200-300 киши өтүп жатат. Кооптонуу болот, айла жок эми. Өзүн тандап алган кесип болгондон кийин буйрукту аткарыш керек. Интернетте деле жүрөт го. Ошол сыяктуу бизди деле сөгүп, «Сен кимсиң?» дегендер да бар. Милицияны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кеткендер да кездешпей койбойт. Беш кол тең эмес. Ошол эле убакта түшүнүктүү адамдар да кездешип, айканыңа макул болушат.

- Вирустан коргой турган каражаттар менен камсыздоо кандай? Сиз өзүңүз канча медициналык беткап, мээлей алдыңыз?

- Мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген. Кызматкерлер эми бизде көп да. Бут баарына жеткидей берилип жатат. Калп айтпай эле коёюн, мен 2 жолу алдым. Калганын өзүмдүн чөнтөгүмдөн сатып алып жатам. Блокпосттордо турганда эл да берип кетет. ИИМ тамак маселесин да толук чечкен жок. Бирок ачка калган жокпуз. Биз турган жерге жакын жашагандар берип жатышат. Өзүм машинелерди текшерип жатканда аралыкты сактап, вирустун алдын алганга аракет кылып жатам. Бирок жай турмушка көнүп калыптырбыз да. Кээ бир кесиптештер мээлейи жок документтерди кармап, жарандардын жанына барганын байкап калам. Чынын айтканда абдан кооптуу. Анткени ал адам каяктан келип жатканын билбейсиң. Бүгүнкү кырдаалдын коркунучу көп болуп жатат.

- Сиз кесиптештериңиздин азыркы абалын, көйгөйүн айтып бердиңиз. Мамлекет милицияга тиешелүү деңгээлде шарт түзүп бере алдыбы?

- Мамлекет деле өзүнүн колунан келгенин кылып жатат деп ойлойм. Мамлекетте жок болуп жатса, бизге каяктан таап берет? Бүгүнкү күндө эл менен милиция жана медицина кызматкерлери иштешип жатат. Аларга көңүл буруп коюшса жакшы болмок. Эми азыр деле кеч эмес.

Милиция аянычтуу абалда иштеп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG