Коронавирус коомдук турмушка таасир этти

Ош базарындагы беткап кийген сатуучу.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар тамак-ашты адаттан көп сатып ала баштады. 

Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда.

Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. 

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-мартта Бишкектеги айрым базарларга, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнө барды.

Өкмөт эл керектөөчү негизги товарлар, тамак-аш жетиштүү экенин, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок экенин билдирди. 

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдө азык-түлүккө болгон тартыштык жок экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азык-түлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.

Эл эң көп талап кылган азык-түлүккө ун, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз кирет. 

Ош шаарында базардагы ун сатуучу жайлар 15-март күнү жабык турду. 

Учурда Кыргызстан коронавируска байланыштуу бул илдет катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөп жатат.

Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде кезек күткөн жарандар. 

Коомдук транспортту дезинфекциялоо. Ош шаары.

Баткендеги чек ара: вируска каршы көзөмөл. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет табылган эмес.

Социалдык тармактарда айтылгандай бир кап ун 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.

Жекшемби күнү Талас шаарында бир кап ундун баасы 2000 сомго чыкса, Бишкекте 1 килограмм ундун баасы 30 сомго жетти. 

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров «Азаттыкка» Кыргызстанда ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирди.

Базарларда узун кезектерди көрүүгө болот.

Ат-Башыдагы базар. 

16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.