Аксайлыктар Баткенге жеткирилди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Аларга убактылуу башпаанек берилип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Анда айтылгандай, жашоочулар №57 кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Алардын коопсуздугу Баткен ШИИБ кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.