Баткен: жаңжалдан кийинки жашоо

Үй-жайы өрттөнгөн айрым тургундар жылуу сөз айтып, жардам бергендерге бугун, ызасын чыгарып ыйлап алышат. Көбү өмүр бою курган үй-жайы, мал-жаны, болгон оокат-тирилиги күлгө айланганына дагы эле ишене албай дендароо абалда.

Ак-Сай айылы чек арага жакын. Айылдан коңшу Тажикстандын Ворух анклавындагы имараттар көрүнүп турат.

Ак-Сай айылынын тургуну уулу менен. 

Кичинекей казанга тамак жасап жаткан аял. Ак-Сай айылынын айрым тургундары өрттөнгөн үйүнүн короосуна ылайдан очок куруп, эптеп оокатын кылышууда. 

Ак-Сай айылындагы өрттөнүп, урап калган үй.

Ак-Сай айылына алып барчу жол.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын башчысы Венера Жуматаева жана “Азаттык Медиа” мекемесинин директору Айзада Касмалиева Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда.

Үйсүз калган тургундар чатырларда жашап жатышат.

Достук айылындагы мектеп жашындагы балдардын көбү Ысык-Көлгө эс алганы кеткен. 

Кыргыз-тажик чегинде бир ай мурдагы куралдуу жаңжалдын кесепетин жоюу аракети уланууда. 27-майда эки күнгө Баткенге барган кыргыз президенти коогада талкаланган үйлөр калыбына келтирилерин, Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин айткан.

Эл аралык уюмдар жеткирип берген чатыр, көчмө чакан жайлар жеңил материалдан жасалгандыктан күндүз ичи үп тартып, түнкүсүн суук экенин жергиликтүү тургундар билдиришти.

Адистер коогада үй-жайы өрттөнгөн, куралдуу кагылышты өз көзү менен көргөн адамдарга психологиялык жардам керек экенин айтышууда. 

Өрт кампада сакталып турган өрүктөрдү да соо койгон эмес. 

Достук айылы Баткенден 30 чакырым алыс, бийик тоолор арасында жайгашкан. Кыйма-чийме боз топурак жолдон башка байланыш жок. 

Баткен облусунда Достук деген аталышты алып жүргөн эки айыл бар. Бирөө Лейлек районунда. Экөө тең кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан, экөө тең 28-30-апрелде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда жабыркаган. 

“Көчүп кетели десек да ушул жерде жашагыла, жакшы үй куруп беребиз дешти” деген аксайлыктардын көзүнөн кооптонуу, "келечек кандай болот?" деген санаа байкалат.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чек арадагы кыймыл олуттуу маселелер чечилмейинче чектеле турганын билдирген. Андан көп өтпөй Кыргызстан Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген 177 тажик жаранын кайра артка жөнөткөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырган.

Достук айылында 10 үй өрттөнгөн. 

Достук айылынын тургуну.

Достук айылы.

"Азаттыктын" кабарчылары жаңжалдан жабыркаган Баткен облусундагы Ак-Сай, Достук айылдарында болуп, элдин жашоосу менен таанышып кайтты.