Акжол - Олимпиаданын финалына чыккан экинчи спортчу

Акжол Махмудов жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.

Махмудов эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыргыз спортчусу болуп калды. Буга чейин 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн Олимп оюндарынын финалына балбан Канат Бегалиев чыгып, күмүш байге уткан. 
 

Акжол Махмудов өзүнүн ыкмасын жасап, атаандашын жерден толук көтөрүп, кайра жерге чаап жатат.

Армениялык атаандашы Карапет Чальянды менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта жарым финалда күрөшүп жатат.

Беттештин 1-айлампасында алгач бир упайды армян балбаны алды. Андан соң Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирди.

2-айлампада армениялык спортчу бир упай алганга үлгүрүп, Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары эсепти өзгөртпөй сактап калды.

Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген.

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

 

Акжол жеңишине кубанып жатат.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

Акжол олимпиаданын алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.​

Акжол 18 жашында Азия чемпиону болгон.

Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.