Ал ошондой эле Айпери Медет кызынын потенциалы, Мээрим Жуманазарованын атасы тууралуу суроолорго жооп берди.
Азаттык: Байгазы мырза, жеңишиңер менен куттуктайбыз. Кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында алгачкы күмүш жана коло медалга ээ болуп, кыргызстандыктарды сүйүнттүңөр. Жыйынтыкты кандай баалап жатасыңар?
Байгазы Кенжебаев: Албетте, биздин команда, машыктыруучулардын курамы Айсулуу балбан кызыбыздан алтын медал күткөнбүз. Тилекке каршы, баарыңар күбө болгондой эле тең күрөштө бакыт жапон кызына ооду. Башкалары тууралуу айта турган болсом, Айпери Медет кызы жок дегенде коло медал алат деген үмүтүбүз бар болчу. Кудайга шүгүр, үч кыз алып келип, үчөө тең жакшы күрөшүп беришти, жакшы көрсөткүчтөргө жеттик.
Азаттык: Айсулуу Тыныбекова финалдык таймаштан кийин машыктыруучуларым аябай аракет кылышты, мен өзүм кемчилик кетирип койдум дегендей билдирүү жасады. Бул жагы кандай болду?
Байгазы Кенжебаев: Менимче, Айсулуу туура эле айтты. Анткени, жеке машыктыруучусу, биз, улук машыктыруучулар эки жылдан бери колубуздан келишинче аракет кылып келдик. Айсулуу Токиого даярдыгы, формасы жагынан абдан жакшы келген. Балким, бизге дагы тажрыйба керек. Айсулуу финалдык беттештен чыгары менен кечирим сурагансып, «силер баарын туура кылдыңар, менден кетти» деп айтты. Бул эми Олимпиада. Биз да эмнеден кетиргенибизди анализдейбиз, өскөнгө аракет кылабыз. Кийинки Парижде өтө турган Олимп оюндарына даярдыкка сабак болду деген ойдомун.
Азаттык: Жапониялык балбан кыз Юкако Каваи дагы күчтүү экени мурдатан белгилүү болчу. Бул жолу анын артыкчылыгы эмнеде болду?
Байгазы Кенжебаев: Аябай деле чоң артыкчылыгы болгон жок. Балким өз жеринде, Жапонияда өткөнү дем берди. Бир жуманын ичинде баарын анализдейбиз го.
Азаттык: Айсулуу Тыныбекованын Лондондо өткөн алгачкы Олимпиадасынан бери эле кыргызстандыктар алтын күтүп келишет. Эмнеге ага башынан ушундай чоң жоопкерчилик үйүлүп калган? Бул нерсе тескерисинче ага тоскоол болгон жокпу?
Байгазы Кенжебаев: Айсулуу Тыныбекованы алгачкылардан болуп «Азаттык» силер элге тааныткансыңар, чындыгында башынан эле ошондой. Айсулуу эгемен Кыргызстандын тарыхында кыздардын арасынан чоң спортко кадам таштаган алгачкылардан болду. Анан ал ошол кезде эле дүйнөлүк рейтингдерде жогорку орундарда турган. Андан бир эле кыргызстандыктар эмес, эл аралык эксперттер дагы алтын медал күтүшчү. Бирок ошол элдин үмүтү, күтүүсү дагы бир чети Айсулууга ишеним берип, анын өсүшүнө өбөлгө түздү. Ал элинин үмүтүн актаганга колунан келишинче аракет кылды. Ошондуктан кечээ утулуп калганда аябай ыйлап, жаман болду. Азыр абалы жакшы. Дагы бир айта кетчү нерсе, Айсулуу өсө турган, кесипкөй спортчу катары дароо жеңилгенин моюнуна алды. Ал "оюмду топтоп, анан кийинки пландарымды айтам" деди.
Азаттык: Барган үч кыздын экөө медал алды. Ал эми жарым финалга чейин барып, утулуп калган Айпери Медет кызынын маанайы кандай? Негизи эле Мээрим менен Айперинин алгачкы Олимпиадада эле жакшы көрсөткүчтөргө жетишин эл аралык коомчулук дагы жакшы баалап жатат окшойт?
Байгазы Кенжебаев: Айсулуу менен Мээрим медал алгандан бери Айперинин көздөрү жайнап, жанданып калды. Кыздардын жеңиши ага дем берди. Мен дагы буюрса алам деп турат. Айперинин потенциалы абдан күчтүү, келечеги кең. Бул жолу ал жаштыгы менен, колунда турган өпкөнү албай, куйрукту алам деп шашып жиберди. Айперинин тобу аябай күчтүү болду. Олимпиада чемпиону менен күрөштү. Мунун баары оңойго турган жок. Бул жакта Айпери өз салмагында дүйнөлүк элитага чыкты деген сөздөр болуп жатат. Мээрим Жуманазарованын дагы потенциалы чоң. Негизи эле бул эки кызга бир аз жеңилирээк болду. Анткени Айсулуу Тыныбекова жолду чаап, жол көрсөтүп келет. Башында машыктыруучулардын дагы тажрыйбасы жок эле. Нурбек Изабеков деле, биз деле көп нерсени билчү эмеспиз. Шарттар жакшы. Мурда өкмөттөн федерацияга акча аз бөлүнсө, азыр каражат жагы жетиштүү. Мамлекет да, карапайым эл дагы жакшы колдоо көрсөтүп келет. Мээрим менен Айперинин биринчи Олимпиадада эле жакшы көрсөткүчтөргө жетишкени ушул себептен болуп жатат. Эң оор жолду Айсулуу чапты. «Эжени көрүп сиңди өсөт» демекчи, кыздар анын артынан көтөрүлүп жатышат. Буюрса, келечектери алдыда.
Азаттык: Байгазы мырза, ушул тапта социалдык тармактарда Мээрим Жуманазарованын алгачкы машыктыруучусу - анын атасы Дүйшөн Жуманазаровдун Токиого барбай калышы катуу сынга кабылып жатат. Буга кандай комментарий бересиз?
Байгазы Кенжебаев: Албетте, квота жетиштүү болуп, пандемия болбосо агай дагы барса абдан жакшы болмок. Бирок күрөштүн үч түрүнөн тең башкы жана улук машыктыруучулар гана келдик. Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу - Нурбек Изабеков, ал эми улук машыктыруучусу мен. Ал киши Мээрим менен Айперинин биринчи машыктыруучусу. Ал эми Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков, Айпери Медет кызыныкы Нурбек Изабеков. Социалдык тармактарда бир аз адашып жазып алышты окшойт. Пандемия болбосо баары эле келмек.
Азаттык: Рахмат, Байгазы мырза. Ишиңизге ийгилик!