Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?

Кыргызстан менен Тажикстандын Фергана өрөөнүнүн бөлө жайгашкан чек ара тилкелеринде cоңку он жылда ар кандай мүнөздөгү 144 чыр-чатак катталып, эки тараптан 200дөн ашуун киши каза тапты. Жаңжалдар улам курчуп олтуруп, ок атышуу, кан төгүү, чек аралаш айылдарга кол салууга чейин жетти.

"Азаттык" 2012-2022-жылдар аралыгында кыргыз-тажик чегиндеги чатактардын мүнөзү кандай өзгөргөнүн ачык булактардагы маалыматтарга таянып талдап көрдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар болгон аймактар

СССРден калган "мурас"

Чек ара тактоо маселеси совет доорунда - өткөн кылымдын 20-жылдарынын орто ченинен башталган. Совет бийлиги 1924-жылдан тарта Борбордук Азияда улуттук-аймактык бөлүштүрүүнү жүргүзгөн.

“Ошондон бери талашыбыз токтобой келе жатат. Союз учурунда паритеттик комиссиялар иштеген. Ошолор бүтүргөнгө жакындап калганда, союз тарап кетти. Ошондо чечилбей калды дагы азыр бара-бара ырбап кетип жатат",-дейт Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов. Ал бир топ жыл Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген.

Чек арага байланыштуу келишпестиктер совет мезгилинде эле жарала баштаган. Маселен, 1982-1989-жылдары Ворухтун айланасында кыргыз-тажик айылдары ортосунда жаңжал болгон. Анда дагы жер жана сууга байланыштуу маселеден чыр чыккан.

СССР ыдырап, советтик республикалар өз алдынчалыкка ээ болгондон кийин чек ара маселеси чөлкөмдөгү курч көйгөй болуп чыга келди. Совет мезгилинде чек аралар шарттуу гана белгиленип, карым-катнашка эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Өрөөндөгү эл жайытты, сууну орток пайдаланылып келген. Эгемендик алгандан соң бул маселе эки өлкөнүн чек ара чырынын булагына айланды.

Эгемендик: чек ара тактоо

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара тактоо боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр 2002-жылдын аягында Бишкекте башталган. Андан кийин 2003-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн. Мында негизинен чек ара сызыгын кайсы документтердин негизинде такташуу жагы каралган.

Чек араларды тактоодо эки тарап кайсыл юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикир таба албай, иш алдыга жылган эмес. Кыргызстан сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылган. Ал тапта 2000-жылдардын орто ченинен тарта чек ара чатактары тутана баштады.

“Тажикстан менен чек араны сүйлөшүү жараянын үч этапка бөлсөк болот. Биринчи – 2002-жылдан 2010-жылга чейин. Бул учурда өтө деле орчундуу чыр-чатактар чыккан жок. Себеби тоолуу жерлерди тактап жаттык, тагыраагы Чоң-Алай жактагы чек ара тилкеси такталды. Андан кийин 2012-жылга чейин бир аз басаңдоо болду. 2012-жылдан 2020-жылга чейин экинчи этапты өттүк. Бул өтө оор этап болду. Тактоо иштери түз жерлерде жүрдү, алардын талабы да күчөдү. Алардын өз документи менен биз дагы өзүбүз карманган документ менен принципке туруп, тирешип калдык. Кийинки үчүнчү этап 2020-жылдан бери. Булар оор куралдарды колдонгонго өтүп алды”, - дейт Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Токон Мамытов.

Чек арадагы чыр-чатак күчөгөн жылдар

2012-жылы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги айылдарда 18 чатакташуу катталган. Бул жылдары көбүнчө эки өлкөнүн айылдарынын тургундары суу, жайыт, жол талашып жаңжалдаша кеткенде чек арачылар аралашчу эмес.

Чыр-чатактар Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш кыргыз айылдарында көп катталганын көрөбүз. Ал кезде Кыргызстандын Ак-Сай айылына барчу жол Тажикстандын Мачаи айылын аралап өтчү. Бирок ал жол уланып, Ак-Сайдан ары Тажикстандын Ворух анклавы башталат. Бул аймакта кыргыз-тажик айылдары аралаш жайгашкандыктан, бир эле жол менен тажикстандыктар да, кыргызстандыктар да каттачу. Кыргыз бийлиги көз карандысыз Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун курууну пландайт.

Жаңжалдардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруу башталганда өрчүгөнүн көрүүгө болот. Себеби тажик тарап буга каршы болгон. Коңшулардын жолдун курулушуна каршы болуп жатканын кыргыз расмийлер жайыт, жер маселесинен улам деп түшүндүргөн.

"Бул жол курулса, азыркыдай чатактар болбойт. Биз өзүбүздүн, тажиктер өзүнүн жолу менен жүрө баштайбыз. Тажикстан анын курулушуна каршы болуп жатканынын башкы себеби – алардын бул аймакта мал айдаганга жайыты жок. Ворухта азыр 35-40 миңдин тегерегинде калк бар, бул 800-900 түтүн дейли. Ар бир үй-бүлөдө үчтөн баш болгондо эле үч миңге жакын мал болуп жатпайбы. Аны жайганга жай жок болуп жатат да. Азыр биз жол куруп жаткан жерлерди булар жайыт катары пайдаланып жүрүшкөн. Биздин жол курулса, ал жактарга тажиктер малын чыгара албай калат. Андан сырткары, аксайлыктар малын тажиктердин аймагы аркылуу эмес, өз алдынча жол менен өткөрүп, тажик айылдарына көз каранды болбой калат", - деген ошол кездеги Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссияны жетекчиси Курбанбай Искандаров.

Кызыл түс менен көрсөтүлгөнү жаңы курулган жол.

2013-жылы 19 жолу чыр чыккан болсо, анын дээрлик 80% Ворухтун айланасындагы аймактарга туура келет.

27-апрелде Ак-Сай - Тамдык жолу курулуп жатканда чыр чыккан. Ак-Сайдын тургундары Ворух-Исфара жолун бууган. Эки тараптан эл чогулуп, бири-бирине таш атышкан. Анда бир канча унаа жабыркап, сегиз адамга таш тийген. Алардын бешөө ооруканага түшкөн. Кийин аймакта автоунаага таш атуу, жол тосуу өңдүү чыр-чатактардын бир нечеси катталган.

Соңку чатакташуу 18-декабрда болуп, анда да эки тарап тең жол тосуп, ташбараңдан адамдар жаракат алган, унаалар талкаланган. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, кырдаал жөнгө салынганы менен жол куруу маселеси чечилбей калган. Канча киши жаракат алганы расмий айтылган эмес.

Бул жылдары чек арадагы келишпестиктер Кыргызстандын Көк-Таш, Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык, Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарынын ортосунда катталды.

Лейлектин Арка аймагындагы Катта-Туз деген мунай чыккан жерди 2013-жылы июнда кыргыз тарап өз көзөмөлүнө алган.

Лейлектин Арка аймагындагы Катта-Туздагы мунай чыккан жерди 40 жылдай Тажикстан иштетип келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен кийин да иштетип турган. 2013-жылы кыргыз чек арачылары Тажикстандын мунай өндүргөн мекемесин Кыргызстанга таандык аймактан чыгарган.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу. 12-январь, 2014.

Кыргызстандын түштүк-батышындагы Баткен облусу Тажикстандын түндүгүндөгү Согд облусу менен чектешет. Жаңжал көп катталган жана чек ара тактоо оор болгон тилкелер дагы ушул аймакка мүнөздүү. Тажикстандын бул аймагында калк жыш жана чек арадагы кыргыз айылдары менен улагалаш.

Чек арада биринчи жолу миномет колдонулду

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылы чектеш аймактардагы түрдүү талаш маселелерден 32 чыр-чатак катталган. Анын ичинде курал колдонулган беш чоң жаңжал катталды. Кыргызстан тараптан бир киши набыт болуп, 25 киши жаракат алган. Ал эми Тажикстандан үч киши каза таап, 23ү жарат алганы айтылган. Бул ачык булактардан алынган болжолдуу маалымат. Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу бышыктоого мүмкүн эмес.

11-январда Баткен облусундагы Ак-Сай-Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетет. Кыргызстандык беш чек арачы, бир милиция жана тажикстандык үч чек арачы жарадар болгон. Бул окуянын айланасында Бишкек-Дүйшөмбү кайым айтышып, бири-бирине нота жолдогон.

Тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун курулушуна каршы болуп, жаңжалдын келип чыгышына себеп болгон. Бул жаңжалдан кийин Кыргызстан чек арадагы өткөрмө бекеттерин бир тараптуу жапкан.

15-январдагы эки тараптуу жолугушууда кошумча күчтөрдү чыгаруу боюнча макулдашылган. Бирок 30-январда гана кошумча күчтөр чыгарыла баштаган. Чек ара дале ачылган эмес. Куралдуу кагылыштан кийин кыргыз-тажик чек арасы төрт айдай жабык турган.

Толук бир айдан кийин – 11-февралда чек араны ачуу талабы менен чыккан ворухтуктарды тажик бийлиги асманга ок чыгарып таратууга аргасыз болгону кабарланган. 8-февралда Ворух анклавынын эли менен жолугушууга келген Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон аймакты анклав макамынан ажыратып, өлкөнүн негизги аймагына кошууну убада кылып жибергенин “Озоди” радиосу өз булактарына таянып жазып чыккан. Мындай билдирүүнү кыргыз расмийлери дароо төгүндөгөн.

Ошол кезде коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер болуп турган Токон Мамытов бул эч качан ишке ашпай турган маселе экенин айткан.

“Тажикстан 2000-жылдары эле Ак-Сайдын оң же сол тарабынан бери жактагы айылы – Кожалыга чейин Ворухка коридор бергиле деп сураган. 2003-жылы а түгүл 1925-жылкы карта боюнча Ворух менен Кожалыны бириктирип чийип алышкан болчу. Ал жерде Кыргызстандын аймагы болгон Ак-Сайды да “биздин жер” деп кошуп алышкан эле. Биз ошондо эле баш тартканбыз”.

2014-жылы 7-8-майда Көк-Таш айылына жакын Жака-Өрүк деген жердеги кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы чатакта кыргызстандык 17, тажикстандык 8 адам ооруканага түшкөн.

Жака-Өрүккө жанаша турган Көк-Терек айылында бир дүкөн, май куюучу жай эки контейнер жана эки автоунаа өрттөлгөн. 17 түтүнү бар бул кыштакчаны туш тарабынан тажик айылдары курчап турат.

10-июлда Ак-Сай айыл аймагына караштуу Тамдык айылында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон. Тажик тарап жети жайкын тургуну жана бир чек арачысы жаракат алып, алардын бирөө жарааттын айынан көз жумганын кабарлап, Кыргызстанга нота жолдогон. Бишкек Дүйшөмбүнүн билдирүүсүнө карама-каршы келген, окуяга тажиктерди айыптаган маалымат тараткан.

Ушул күнү эки өлкөнүн чек ара боюнча делегацияларынын башчылары Тажикстанда жолугушмак. Сүйлөшүү башталганда эки тараптын чек арачылары атыша кетип, бир кыргызстандык чек арачы октон жараат алган.

Кыргыз расмийлери Тамдыктагы чырдын чыгышына тажик тарап кызыкдар экенин, анткени бул чырдын айынан Баткендеги Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Ворух-Исфара жолдорун куруу боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учураганын айткан эле. Тажик тарап Тамдыктагы кыргыз чек ара бекетин алууну өтүнгөнүн, бирок ага көнүшпөгөнүн ырастаган.

25-августта Лейлекте кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. “Озоди”радиосу эки киши набыт болуп, беш киши жараат алганын кабарлаган. Атышуу 30 мүнөткө созулган. Кыргыз тараптан бир киши сабалып, ооруканага түшкөн.

Алматы декларациясына кайтуу демилгеси

Алматы декларациясына ылайык чек араны аныктоодо ар бир республика эгемендүүлүк алган мезгилдеги чек арасында кала бермек.

2015-жылы кыргыз-тажик чек арасында ар кандай мүнөздөгү 10 жаңжал катталды. Мунун бирөөндө курал колдонулган. 6-июлда Баткен районунун Көчө-Карын аталган жеринде чыр чыккан. Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптан тең бирден ок атылып, бир тажик жараны жаракат алганын айткан. Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылынын башчысы бир тажик жараны өлүп, бир чек арачысы жаракат алганын билдирген.

3-4-августта Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта эки өлкөнүн жарандары жаңжалдашкан. Жети кыргызстандык жаран ар кандай жаракат менен ооруканага кайрылган. Тажик тараптан жаракат алгандар тууралуу расмий маалымат айтылган эмес. Тажикстандыктар кыргыз тараптын көрүстөнгө барчу жолун торогон. Жооп катары кыргызстандыктар тажик тарапка кетчү сууну бууган. Чырды өкмөттөр аралык топ сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Жыл соңунда Көк-Таш айылындагы чектеш аймакта чатак чыккан. 2015-жылы Кыргызстан менен Тажикстан чек араны аныктоодо эски карталарга таянбай, Алматы декларациясы боюнча иш алып барууну чечишкени кабарланган.

2016-жылы кыргыз-тажик чек арасында 16 чыр-чаттак чыкты. Алардын дээрлик көпчүлүгү майда-барат келишпестиктерден улам болгон. Бул жылдагы келишпестиктердин көбү Көк-Таш айылына танапташ жерлерде болгон. Тажикстандын Чорку, Дахма айылдарынын тургундары менен чатакташуулар катталган.

2017-жылы кыргыз-тажик чек арасында 10 жолу чыр-чатак чыккан. Жылдын башында Баткендеги Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жарандары жаңжалдашып, эки тараптан отуздай киши топтолгон. Бул чырга бир күн мурда чырлаша кеткен жаштар боюнча ич ара териштирүү себеп болгон. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөровага тажик жарандары кол көтөрүп, ал ооруканага түшкөн.

Ушундай эле мүнөздөгү майда-барат келишпестиктер 2018-жылы да катталып, 7 жолу чыр чыккан. Бул жылы февралда Лейлекте чыңалуу болот. Кийин Тажикстан “Кулунду” жана "Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтоткон.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесинде чыр чыккан. Эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, таш ыргытууга чейин жеткен. Чатакташуу жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Кыргызстандын эки жараны жеңил жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандан бир чек арачы жараат алган.

1-июнда Ак-Сайда чыр чыгат. "Эки өлкөнүн чек арасын бөлүп турган жолду тажикстандык жарандар улам кичирейтип отуруп Ак-Сай айыл аймагына карай кирип кетти" деген себеп менен Кыргызстан жарандары жолду кайра өз ордуна келтирүүгө аракет кылганынан улам чатакташуу башталган.

Тажикстандын Ворух айылынын жашоочулары тирешүү талаштуу аймакка кыргыздар кирип барганда чыкканын айтышкан. Тажик тараптан бир киши жараат алган.

4-июнда кечке Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Тажикстандык үч чек арачы төрт куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, кийин коё берилген.

Ок атышуу күчөгөн жыл

2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 чыр-чатак катталган. Бирок алдыдагы жылдарга салыштырмалуу чыңалуу күчөп, ок атышуудан жараат алгандар, каза тапкандар көп болгонун расмий маалыматтар ырастап турат. Чек ара жаңжалында Кыргызстандан бир киши набыт болуп, 61 киши жаракат алган. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, тажик тараптан 6 киши каза таап, 10дөн ашуун киши жараат алган.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, кийин күчөп кетет. Эки тараптан кишилер чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Көп өтпөй тажик жарандары Төрт-Көчө аймагындагы жолду (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду (Тажикстандын Ворух анклавына барган жол) жапкан.

Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылы тартылган сүрөт.

13-14-марттагы жаңжалда кыргыз тараптан үч адамга ок тийип, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланган. Кылмыш иши козголуп, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда бириккен тергөө тобу түзүлгөн. ​

Кыргызстандын Ак-Сай айылында азыр беш миңге жетпеген эл жашайт. Айыл 40 миң чамалуу калк жашаган Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Төмөн жагында Тажикстандын дагы бир 12 миңден ашуун тургуну бар Хожоало кыштагы бар.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Мында Тажикстандын бир жараны каза болуп, эки тараптан тең бир нече киши жабыркаган. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган. Чек арада катарынан үч күн жаңжал чыгып, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылганын ырастаган. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирген.

Жаңжалдан кийин Ворух менен Ак-Сайда эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолуккан. Алар чек аралаш райондордун тургундары менен жолугуп, кийин сүйлөшүү Чолпон-Атада уланган.

Сентябрда чек арадагы жаңжал Лейлекте болду. Кыргызстан "Максат" жана "Сай" бекеттеринде болгон чек ара чатагында Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз аракетке барганы сынга алынган. Тажик тарап өз кезегинде чатакты ырбатты деп Кыргызстанды айыптаган.

Анын кесепетинен кыргызстандык 41 жаштагы аскер кызматкери каза тапты. Андан сырткары 12 адам жаракат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаракат алгандардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жалпы 13 киши жаракат алган. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айтып, Кыргызстанга жооп кылып, нааразылык нотасын жолдогон эле.

16-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылында чыр чыккан. Чырдан кыргыз тараптан алты адам жараат алды. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирген.

2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрүндөгү чек арадагы куралдуу кагылыштагы Тажикстандын жоготуулары"Озоди" радиосу өз булактарына таянып тактаган маалыматтарынын негизинде көрсөтүлдү. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген.

Чек ара жаңжалдарында айрыкча Тажикстан тарап чектелүү маалыматтарды тараткандыктан, ачык булактарга чыккан болжолдуу сандар берилди.

Пандемияда дагы чек ара чатагы басылган жок

2020-жылы 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз жарандарынын автоунааларына таш ыргытылып, чагым болгонун айткан. Тажикстандын коопсуздук кызматы жаңжалдын чыгышына жоопкерчиликти Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундарына жүктөгөн.

8-майда Көк-Таш айылында чыр чыгып, атышуу болгон. Чатак Кыргызстандын жарандары иштетип келген төрт гектар жерди Тажикстан карта боюнча Кыргызстанга тиешелүү эмес деп, эгин айдап жаткан көкташтыктарды кууп чыкканда башталган. Кагылышууда кыргызстандык үч чек арачыга ок тийген. Беш бөлмөлүү үй өрттөлгөн.

Тажик тарап “4 гектар жер өзүнө тиешелүү экенин, кыргыз тарап чагымчылдыкка барган, чатакта эки жараны жабыркаганын” билдирген. Бул окуядан кийин эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелери бири-бирин айыптап, нааразылык нотасын тапшырган.

24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок чыгарышкан. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес. "Озоди" радиосу Тажикстандын чек арачысы жараат алганын жазган.

2-июнга караган түнү Баткен районунун Эски-Таш аймагында түнкү саат 01.20 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан Ош-Исфана автожолунда бара жаткан кыргызстандык жаранга бир нече жолу ок атышкан. Кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилген.

6-августтун таңында Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан аткан. Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

25-октябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары суу түтүктөрүн орнотуп жатканда дагы чыр чыккан.

12-декабрда Ак-Сай айылындагы Бакай жаңы конушунун тургундарын тажикстандык чек арачылар талаштуу тилкеден үйүнө өткөрбөй койгону үчүн эл чогулган. Кийин кырдаал жайгарылган.​

Суу бөлүштүрүүчү жайдан тутанган куралдуу кагылыш

2021-жыл кыргыз-тажик чек арасында эки жолу жаңжал чыгып, бирок эки өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу жаңжал болуп калды.

28-30-апрель күндөрү куралдуу жаңжал "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда тутанган. 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Миңдеген киши үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлгөн.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Куралдуу кагылышка себеп болгон бул – “Головной” суу капкасы. Кыргызстан “Головнойдун” башкаруусу башынан эле өзүндө болуп келгенин билдирип, ал 1960-жылдары Ак-Суу дарыясынын жээгине курулганын тактаган. Келишим менен суу Тажикстанга берилет. Тажик тарап “Головнойго” чогуу көзөмөл кыларын айткан. Алгач суу бөлүштүрүүчү жайда ремонт иштерине тоскоолдук жаратып, кийин электр мамыларына видео камераларды орноткондо чатак чыккан.
Суунун көп бөлүгү тажик айылдарына берилет.
Андан сырткары Төрт-Күл суу сактагычына куюп, андан Баткен шаары жана анын айланасындагы айылдар суу менен камсыз болот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-июнда коомчулуктагы сын-пикирлерге карабай Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин чечүүгө аракет кылган. Бирок кийинки жылы дагы чек арада куралдуу кагылыш болду.

Экинчи жолу кайталанган каргаша

85 жаштагы Пайзыла Ысманов чек арадагы куралдуу кагылышта талкаланган үйүнүн жанында. Ак-Сай, Капчыгай айылы. 21-сентябрь, 2022-жыл.

2022-жылы чек арада 9 айында 14 жаңжал катталып, өтө айыгышкан куралдуу кагылыш, чек ара айылдарына кол салуу болду.

27-январда чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлаган.

10-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги тактала элек тилкеде атышуу болуп, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Коңшу өлкө маалымат берген эмес.

11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары кайра ок атышкан. Кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда 20 мүнөткө созулган ок атышуу 03:10до токтогон.

24-мартта курал колдонулган чыр Лейлекте Борбордук айылында чыккан.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылган. Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

3-июнда Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында бир нече саат ок атышуу болгон. Кыргыз тараптан эки жоокер оор жаракат алган.

14-июнда Кыргызстандын "Булак-Башы" жана Тажикстандын "Кех" чек ара постторунун ортосунда ок атышуу болгон. “Озоди” радиосу ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасынын бардык параметрлеринде ок атылып, масштабдуу кармаш тутанды. Ал эмес Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чектеш тилкеде дагы ок атылган.

Жаңжалдан бүлүнгөн Ак-Сай

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул ири масштабдуу жаңжалды "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айыпты койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү кайта баштаганы кабарланууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Дагы караңыз Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү

Чек араны чечүүнүн мүшкүлү

Кыргызстан менен Тажикстан улам сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышпоо тууралуу ондогон жолу макулдашканына карабай жаңжалдын мүнөзү кескин өзгөрдү.

“Ар кандай чыр-чатак ачуулуу кишилердин санын көбөйтөт. Ызаланган, өчөшкөн, жапа чеккен кишилердин саны өсө берет. Эң чоң кесепеттеринин бири ушул”, - дейт тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Бактыгүл Каламбекова.

Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Муллоджанов чек арадагы кырдаалдын улам курчуп жатышына мындан көрөт:

“Маселе чыр-чатакты пайда кылган негизги көйгөйлөрдүн чечүү жолдору табыла электигинде. Биринчиден, Ворухтун айланасындагы талаштуу жерлерди пайдалануу маселеси. Экинчиден, Ворухту Тажикстандын аймагы менен байланыштырган жолдун макамы. Үчүнчүдөн, чек арадагы суу ресурстарын бөлүштүрүү механизми жана тартиби. Бул маселелердин чечилбегени жергиликтүү жамааттардын ортосундагы тирешүүнүн сакталышына, ал тургай күчөшүнө шарт түзөт. Мунун баары мамлекеттердин ортосундагы да, эки элдин ортосундагы да мамилелерге сөзсүз түрдө таасирин тийгизүүдө”.

Борбор Азиядагы чек аралар, миграция, жарандык өңдүү маселелерин изилдеген Оксфорд университетинин профессору, социалдык антрополог Мэдлин Ривз кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаал акыркы он жылда, өзгөчө акыркы эки жылда оор курал-жаракты көбүрөөк пайдаланылып, талаштуу маселени чечүүдө күчкө таянууга өткөнүн белгилейт.

“Абал өтө начарлады. Чек ара аймактарында жашаган элдин мамилеси да кескин өзгөрдү. Мисалы, мен мындан 20 жыл мурун Исфара өрөөнүнө биринчи жолу барганымда бир нерсеге күбө болгом. Ооба, жылдар бою чыңалуу өкүм сүргөнү менен тил табышуу муктаждыгы же жергиликтүү эл айткандай “базарыбыз бир” деген маанай байкалып турчу. Азыр болсо андай ой жүгүртүү өзгөрдү. “Бул жакта келечегим жок, айла жок Орусияга кетишим керек” деп көбүрөөк айтып калышты. Коопсуз, тынч жашоо мүмкүн болбой калды дешет. Менимче, аймактын курал-жаракка шыкалганы гана эмес жергиликтүү элдин жаңжалдар улана берет, абал курчуй берет деген коркуу сезими, санаркоосу абдан маанилүү”,-деди ал.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда дагы 308 чакырым чек ара (32% ) тактала элек. Акыркы эки жылдагы чек арадагы куралдуу кагылыш бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүн сестентти. Эксперттер кырдаалдын мындай өнүгүшү регион үчүн дагы өтө опурталдуу болорун белгилеп жатат.