Аксайлыктар үйүнө кайта баштады

Чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600 тургуну бүгүн, 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.

Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 26-июлда эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу белгиленип жатканын айтты.

Ак-Сайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда. 

Исфана-Ворух, Ош-Исфана жол каттамдары бүгүн эртең менен 25-июлдан баштап ачылды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат. 

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600 тургуну 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.