Жаңы окуу жылынан баштап Өзбекстандын жогорку аскер окуу жайларынан кыргыз офицерлери даярдала баштайт.
Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы жетектеген кыргыз аскер делегациясынын Ташкенттеги иш сапары учурунда белгилүү болду.
Мындан сырткары кыргыз армиясынын аскер адистери Казакстандын, Орусиянын, Азербайжандын жана Түркиянын аскер окуу жайларында окутулат.
Кыргыз аскер адистерин чет өлкөлөрдө даярдоонун оош-кыйыштары тууралуу көп сөз болуп келген. Айрыкча командалык аскер жетекчилерин бир эле тараптан даярдап чыгаруунун аскердик коопсуздук үчүн кооптуулугу боюнча маселе көтөрүшүүдө.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев баштаган аскер делегациясы өткөн жумада 21-22-июль күндөрү Ташкентте иш сапары менен болду.
Генерал-майор Эрлис Тердикбаев бул иш сапардын алкагында Өзбекстандын коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Шухрат Халмухамедов менен жолугушту.
Дагы караңыз Армиядагы зомбулук: жоокерлердин өлүмү иликтенетӨзбекстандын аскер академиясы мурдагы президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Ташкент командалык аскер окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ага кезинде Израилдин, Германиянын жана Нидерланддардын Куралдуу күчтөрүнүн аскер адистери устат катары чакырылганы буга чейин ачык булактарда жазылган.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул жолугушууда тараптар жаңы 2022-2023-окуу жылында Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Өзбекстандын жогорку аскер окуу жайларына окууга кабыл алууну макулдашып, келишимге кол коюлганын билдирди. Кыргыз курсанттары үчүн бөлүнгөн квотанын саны айтылган эмес.
Кыргыз аскер штабынын башчысы Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн Ташкенттеги аскер академиясына барып, Чирчиктеги аскердик авиациялык заводдо жана коргонуу өнөр-жай ишканасында болду.
Улуттук гвардиянын басма сөз катчысы Асел Садырова чет элдик аскер окуу жайларына окууга атайын кабыл алуу комиссиясы жүргүзөрүн билдирди:
"Биз Коргоо министрлигинин карамагында болгондуктан биздин Улуттук гвардияга керек болгон чет өлкөлөрдөгү аскердик адистиктер үчүн сынактарды дагы министрликтин билим берүү башкармалыгы өткөрөт. Анын атайын физикалык даярдыкты текшерүү боюнча дагы сынактары бар. Улуттук гвардия болобу, абадан коргонуу күчтөрү болобу же башка аскер бөлүктөрү болобу, алардын бардыгы үчүн бирдей сынак шарттары каралган".
Коргоо министрлигинин сайтында быйылкы жаңы окуу жылына Орусиянын аскер окуу жайларына 35, Казакстанга жети, Азербайжанга эки жана Түркияга алты жалпысынан чет элдик аскер окуу жайларына 50 орунга окууга кабыл алууга сынак жарыяланган.
Алардын көбүн абадан коргонуу тутумун, аскердик инженерияны, радиоэлектротехниканы, жөө аскерлер жана мотоаткычтар бөлүктөрүн башкаруу сыяктуу аскердик адистиктер түзөт.
Анда Краснодар менен Новосибирск жогорку аскердик командалык окуу жайлары, Санкт-Петербургдагы артиллериялык жана аскердик байланыш академиялары, Түмөндөгү (Тюмендеги) жогорку аскердик-инженердик жана Рязандагы аскердик-десанттык окуу жайлары сыяктуу орусиялык аскердик билим берүү мекемелери бөлгөн квоталар көрсөтүлгөн.
Анан Казакстан менен Түркиянын Алматы жана Анкара шаарларындагы аскердик байланыш, радиоэлектроника, жөө аскерлер жана Азербайжандын Баку шаарындагы мотоаткычтар бөлүктөрүн башкаруу окуу жайларындагы бир нече окуу орундары сунушталган.
"Аскердик кадрлардын ар түрдүүлүгү улуттук коопсуздукка керек"
Мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаков кадрларды даярдоодо бир тарапка гана артыкчылык берүү аскердик коопсуздук үчүн кооптуу экенин белгиледи:
"Биздин учурда аскер кызматкерлерин жана атайын аскер адистерин Орусия менен Казакстандан башка, Германияга, АКШга, Түркияга, Кытайга жана Индияга аскердик окуу жайларга жиберип, ошол жактардан дагы даярдап калганбыз. Аскердик кадрларды бардык жактардан окуп келгендерден толуктаганга аракет кылып, теңдештирүү саясатын карманчубуз. Бул бир жагынан биздин армияга ар түрдүү чет элдик практиканын негизинде тажрыйба алмашууга өбөлгө түзсө, экинчиден бир жакты гана карабай көп түрдүү кадрдык саясат үчүн керек болчу. Анткени бул нерсе мамлекеттик колдоого алынган саясат болчу. Түркиянын генералдык штабынан бүтүп келген дагы аскердик адистерибиз бар болчу. Тилекке каршы соңку 5-6 жылда мына ошондой кадр саясатын кыскартып отуруп, бир жакты гана карап калдык. Бул абдан туура эмес саясат. Азыр балдардын көпчүлүгү Орусиянын окуу жайларынан гана бүтүп келип жатышат. Бир жакты гана карап, корккондой саясат жүргүзгөн көрүнүштүн биздин аскердик коопсуздукка кесепети тийип калышы мүмкүн".
Эске сала кетүүчү жагдай буга чейин Москвадагы аскердик окуу жайында билим алган, отставкадагы офицер Руслан Полотов Украинадагы согушта орусиялык армиянын катарында барып, каза тапканы маалым болгон.
Айрым маалымат сайттар согушка мурда күч кызматтарында иштеп кеткен же Орусияда аскердик билим алгандар чакырылып жатканын жазышкан.
Дагы караңыз Украин согушунда бүдөмүк жагдайда каза тапкан кыргыз жарандарыАскердик адистиктерге талап
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы чет өлкөлөрдөгү жогорку аскердик командалык жана атайын аскердик-техникалык окуу жайлардагы квотанын жана жалпы орундардын санын кызматтык сыр катары сактайт.
Ошондой эле чет элдик окуу жайларда окуп жаткан курсанттардын жана бүтүрүп келген офицерлердин так саны дагы жашыруун сыр болуп саналат.
Коргоо министрлигинен сырткары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик чек ара кызматы чек ара аскер адистерин Орусиядан жана бир аз бөлүгүн Казакстандын жогорку аскер окуу жайларынан даярдайт.
Мындан тышкары Орусиянын аскердик окуу жайларына өз алдынча тапшырып, окугандар да бар.
Дагы караңыз Украинадагы согушка кыргыз жарандарын азгырган жарыяларМамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева кайсы чек ара адистиктерине талап жогору экени тууралуу маалыматтар аскердик сыр экенин айтып, жалпы мүнөздө маалымат берди:
"Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин чек ара академиясында жана Орусиянын Коргоо министрлигинин аскердик университетинде радиациялык-биохимиялык коргонуу боюнча аскердик инженерлерди, психология жана оорук иштери боюнча атайын адистерди даярдайбыз. Анан албетте, биздин чек арачыларды Кургандагы жана Калининграддагы чек ара окуу жайларында окутабыз. Биз Сиздерге курсанттардын санын айта албайбыз. Ошондой эле аталган окуу жайлардан бөлүнгөн квотанын так саны дагы кызматтык жашыруун сырга кирет".
Ачык булактардагы 2021-жылга карата берилген маалымат боюнча курамына Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрү, Улуттук гвардия, Чек ара кызматы кирген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны 20 миңден ашуун. Анын канчасы армияга чакырылган аскерлер, канчасы прапорщик-офицерлер жана канчасы жогорку офицердик курамды түзөрү белгисиз.
Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу бир орто аскердик окуу жайы жана жогорку аскердик институт бар.