Социалдык тармактарда Орусиядагы күзөт кызматтарына чоң маяна төлөнчү жумуштарга чакыруу менен "Вагнер" жеке аскердик компания аркылуу Украинадагы согушка азгырган жарыялар көбөйүүдө.
Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду Борбор Азиядан, анын ичинде кыргыз жарандарын согушка тартууга аракеттенген учурларды иликтеп чыкты.
Бул тууралуу иликтөө “МедиаХабдын” YouТube каналында жарыяланды. Кыргыз мыйзамдарында аскердик жалданмачылык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок аскердик эксперттер андан кутула турган жылчыктар бар экенин белгилешти.
Иликтөөчүлөр изине түшкөн жумуш берүүчүнүн жарыясы
Иликтөөчү журналисттердин “МедиаХаб” коомдук фонду Инстаграм социалдык тармагынын kg.zarplata деген баракчасында жеке менчик күзөт ишканалары 24 жаштан 50 жашка чейинки кыргыз жарандарын жумушка чакырган жарыялар көбөйгөн көрүнүштөргө көңүл бөлүп, иликтөөгө киришкен.
Жумуштун шарттары Орусиянын алыскы аймактарындагы өнөр жай объектилерин вахталык тартипте кайтарууга байланыштуу экени жана кызматкерге кийин жумушунан мыкты мүнөздөмө берилген учурда компания ага Орусиянын жарандыгын оңой жол менен алууга жардам берери убада кылынган. Жумуш берүүчү жол чыгымдарын төлөй турганы жана маянанын өлчөмү 100 миң орус рублин түзөрү көрсөтүлгөн.
Мындай окшош мазмундагы жарыялар Борбор Азиядагы Кыргызстанга жана Өзбекстанга багытталган интернет сегменттерине байма-бай чыгып турганы иликтөөдө белгиленген.
Иликтөөчү топ жарыяда көрсөтүлгөн мессенжер номурлар аркылуу жумуш издөөчү катары байланышканда күзөткө жумушка алуу убактылуу токтоп, ал жактан башка актуалдуу вакансиялар сунушталып жатканы маалымдалган.
"Азыркы учурда жагдайга байланыштуу жеке менчик күзөт кызматтарынын күзөтчүлүккө жумушка алганы убактылуу токтотулду. Азыр башка сунуштар актуалдуу. Мен азыр сизге маалыматтарды салам. Эгерде сизге кызык болсо, бул боюнча суроолорду берсеңиз болот. Дагы бир жолу кайталайм. Азыр артыкчылыктуу багыттар өзгөргөндүктөн биз алдыдагы бир, бир жарым айда жеке күзөт кызматтарына жумушка албай эле турабыз", - деп аталган номурдагы даректен WhatsApp мессенжери аркылуу аудио түрүндө жооп алынган.
Майкөл-сүткөл маяна?
“МедиаХаб” коомдук фондунун бул видео иликтөөсүнүн алып баруучусу Арген Бактыбек уулу өзүн жумушка жайгаштыруучу тарап катары тааныштырган киши менен мессенжер аркылуу кат алышканда ал башка бир табышмактуу жумуш орундарын атап, бул үчүн баштапкы маянадан дагы чоң, башты айланткан айлык акыны сунуштаганын белгиледи.
Журналист бирок мындай кызыктуу жумуш шарттарына ынанымдуу кепилдиктер берилбегенин баяндады.
"Орусиядагы жеке күзөт кызматтарында 30 күн иштеп, 30 күн эс алган иш жумушсуз кыргызстандыктар үчүн эң бир жакшы мүмкүнчүлүктөй туюлат. Бирок чынында байланышканда алар башка жумуш сунуштайт экен. Бизге алдын ала даярдалган каттар жиберилди. Анда бизге төрт айлык жумуш үчүн ай сайын 240 миң рублден маяна сунушташты. Ал эми алты айдан ашуун иштегендерге Орусиянын жарандыгын алуунун оңой жолдорун көрсөтүшөт. Эң башкысы жалданма аскер Украинадагы атайын аскердик операциянын тапшырмаларын аткарып турат. Жабыркаган учурда эч кандай кенемтелер каралган эмес. Айлык акысын чын эле төлөп беришеби, анын кепилдиги да белгисиз".
Учугу "ЧВК Вагнерден" чыккан учкай сунуштар
Иликтөөчүлөр тобу жумуш берүүчү Орусиянын Краснодар аймагындагы Молькино айылына барууга чакырып, калган сөздү ошол жактан бышырууну убада кылган. Иликтөөчү журналисттер жарыяда көрсөтүлгөн мессенжерлердин номурлар аркылуу жумуш берүүчүнүн турган жерин аныктоого аракеттенишкен.
Арген Бактыбек уулу иликтөөнүн учугу орусиялык жеке аскердик компанияга алып барганын айтып, анда даярдыктан өткөн жалданмалар Украинадагы согушка ыктыярчылар катары тартыларын айтып берди:
"Баса, локациясы тууралуу. Бул эмне болгон уюм экени кызыктырбай койбойт. Алгач биз бул номерди Get contact аркылуу изилдеп көрдүк. Ал жактан бир гана "ЧВК Вагнер" деген теги чыкты. Бул номер 1982-жылы туулган Герасимова Евгения Алексеевнага таандык экенин аныктай алдык. Ошол эле маалда бардык суроолор боюнча Венамин Леонидовичке кайрылуу керек экенин суранышкан. Бирок ал кишинин ким экенин жана анын жеке аскердик компанияга кандай тиешеси барын биле албадык. Картадан биз Молькино айылын таап, ал жакта аскердик база жайгашканын билдик. Жалданма аскерлер мына ошол жерден даярдалат деп болжолдосок болот. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Бул базанын жанында башка бир объект бар. Журналисттер 2019-жылы эски пионердик лагерь катары жашырылган "Вагнердин" жеке аскердик машыгуу базасын ачыкка чыгарышкан. Анда алар жалданма аскерлер машыгуудан өткөн соң, Украинанын чыгышындагы жана Сириядагы согушка жөнөтүлөрүн айтып чыгышкан".
"Ал биздин согуш эмес". Акчага жалданган адам өлтүрүү
Жарандык активист Тынчтыкбек Жанадыл чоң маяналуу жумуш сунуштап, жаштарды жалданма катары бөтөн жердеги согушка азгырган көрүнүштөргө мамлекет чара көрүүгө тийиш деп эсептейт. Ал жаштарды эскерткен маалымат өнөктүгү жүрүшү керек экенин айтты:
"Ал биздин согуш эмес. Биздин жигиттер эмнеге ал жакка согушканы барууга тийиш? Ал жакка кимдерди азгырып алып кетип жатканын УКМК таап чыгып, чара көрүүгө милдеттүү. Атайын кызмат деген мына ошондой нерселер менен иш алып барышы керек эле да. Бул согуштун бизге тиешеси жок. "Вагнер" азыр согушка алып кетип жатканын угуп калып жатабыз. Бирок ал жакка согушка баруу жакшылык алып келбейт. Ким барса, ал жактан өлүп келет. Ар бир адамдын өмүрү кымбат. Бирок "200-300 миң рубль таап келем" деп барып, бирөөнүн беймаани согушунда ажал тапканынын эмнеси кызык? Болгондо дагы, бул жумуш ал жакка жөн эле барып, иштеп келе турган жалданма жумуш эмес. Ал согушка баргандан кийин башка бир өлкөдөгү тынч турган үй-жайларды кыйратып, бейкүнөө бирөөлөрдүн өмүрүн кыйып, атууга туура келет. Жаш балдарды атып, өлтүрүшү мүмкүн. Мен буга абдан терс көз караштамын".
Мыйзам боюнча кыргыз жараны чет өлкөлөрдө чатакташкан тараптардын биринде же башка бир мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн согушкан учурда кылмыш жообуна тартылат.
Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Бирок ага карабай кыргыз жарандары эки тарапта тең согушуп жүргөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.
Ушул жылдын май айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгогон. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыккан.
Жалданмалар жазадан качкан жылчыктар
Бирок мындай жазадан кутулуу үчүн адатта жалданма аскерлер башка бир мамлекеттин жарандыгын алып, баштапкы тек-жайын өзгөртүүгө барган учурлар дүйнөлүк тажрыйбада көп кездешкенин талдоочулар белгилешет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, "Альфа" антитеррордук коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков чоң акчага бөтөн өлкөлөрдө согушкан жалданмалар жазадан качууга өбөлгө түзгөн укуктук жылчыктар бар экенин белгиледи:
"Бүгүнкү күндө биздин кыргыз жигиттери жалданма аскер катары барып, Орусиянын же Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарында, эки тарабында тең согушуп жүрөт. Биздин мамлекет ал жарандардын мына ошол согушка катышып, террордук актыларды жасаганы же башка бир чоң кылмыштарга барганы аныкталса, аларды жоопко тартууга тийиш. Бирок биздин кыргыз жигиттери ал жактын жараны болбосо дагы келишим түзүп барып, анан ал жактан жарандык алып, мына ошол кош жарандыкка ээ болгондор бар. Эгерде жаран башка мамлекеттин жарандыгын алган болсо, анда ага кылмыш иши албетте, козголбой калат. Бирок ал адам биздин жарандык менен барып, келишимдик негизде согушуп жүрсө, анда бул иш териштирилип, ага укуктук баа берилиши кажет".
Буга чейин эл аралык медиада Орусияда Украинадагы согушка катышуу үчүн иш жүзүндө жалданмалардан турган “Ыктыярдуу батальондор” түзүлө баштаганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Орусия Украинага кол салгандан кийин айрым аскердик эксперттер азыркы армия Украинаны багындыруу боюнча коюлган милдеттерди кошумча күчтөрдү тарткан мобилизациясыз аткара албай белгилешкен.
Мына ошондуктан “Вагнер” же, “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик уюмдар “көмүскө мобилизациялоо” борборлоруна айланганы жазылган. Ыктыярчылар сыяктуу эле жалданма аскерлерден турган куралдуу топтор дагы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө баш ийе турганы көрсөтүлгөн.
Ошол эле кезде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамында дагы жалданмалар жана ыктыярчылардан турган бейформал куралдуу топтор согушуп жатканы буга чейин эл аралык медиада чагылдырылган.
"Биз жана дүйнө" телепрограммасын бул жерден көрүңүз:
Орусия Украинага 2014-жылы аскер киргизип, Крымды аннексиялап, Донбасста жикчилдерге колдоо көргөзүп "ДЭР" жана "ЛЭР" пайда болгондон кийин ал жакка украин армиясы менен согушуу үчүн кыргызстандыктар барганы белгилүү болгон. Өзүн Манас деп тааныштырган адам 2015-жылы "Азаттыкка" курган маегинде Бишкектен жикчил аймактагы согушка кимдер аркылуу барганын айтып берген.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исломжан Камилов, Сыргакбек Өзүбеков, Адилет Алиев, Мирлан Тохтакунов аттуу адамдар согушта каза болгону кабарланган.
Жогорудагы адамдардан тышкары Украинадагы согушта орусиялык армиянын катарында согушкан Аманбай Курбанбаев жана Руслан Полотов аттуу мурда күч кызматтарында иштеген кыргыз жарандары каза тапканы белгилүү болгон. Аларды кимдер азгырып барганы белгисиз. Атайын кызмат бул тууралуу маалымат берген эмес.
Ушул жумада Согушту изилдөө институту (ISW) Украинанын башкы чалгын башкармалыгы (ГУР) ушул жумада Орусиянын Мурманск облусунда согушка жөнөтүү үчүн жаңы ыктыярдуу батальон түптөлгөнүн кабарлаган. Анда орусиялык күчтөр киши жетпегендиктен батальондук гибрид топторун (БТГ) ар кайсы аскер бөлүктөрүнөн чогултуп жатканы маалым болгон.