АКШ: Шаршембиде демократтар Сенатты көзөмөлдөп калат

Капитолий – АКШ Конгрессинин имараты. Вашингтон.

АКШ Сенатындагы республикачылардын лидери, Кентукки штатынан шайланган сенатор Митч МакКоннелл мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 20-январда кызматтан кетип жаткан президент Дональд Трампты жана анын айрым үзөңгүлөштөрүн 6-январда Капитолийди убактылуу басып алган тополоңчулардын иш-аракетине байланыштуу түздөн-түз айыптап чыкты.

19-январда МакКоннелл Сенаттын отурум залында чыгып сүйлөп, «мафияны жалган маалыматка тойгузуп салышты», тополоңчулар «президент жана башка таасирдүү кишилер тарабынан шыкакталды», деп айтты. МакКоннелл акыркы төрт жылда Трамптын туруктуу жактоочусу болуп келген. Бирок жакынкы келечекте АКШ Сенатында Трампка карата экинчи импичмент жарыялоо маселеси козголгон чакта МакКоннелл кандайча добуш берери азырынча айкын эмес.

Дагы караңыз АКШ Конгрессиндеги демократтардын тараза ташын саал оордотчу өзгөрүүлөр

Ал эми АКШдагы Демократиялык партиянын өкүлдөрү болгон үч жаңы сенатор 20-январда Сенатта ант берген соң АКШ Конгрессинин бул жогорку палатасында демократтар республикачылардан бир добушка көбүрөөк орун ээлеп калышат.

Саясатта «жумуш көпчүлүгү» аталган бул кырдаал өлкөнүн Жоржия штатынан шайланган Рафаэл Уорнок менен Жон Оссоффтун жана Калифорния штатынан губернатор тарабынан тандалган Алекс Падильянын ант берүү аземинин негизинде түзүлмөкчү.

Жаңы сенаторлордун ант берүүсүнүн алдында, чак түштө, шайланган президент Жо Байден менен шайланган вице-президент Камала Харристин ант берүү жана кызматка салтанаттуу киришүү жөрөлгөсү болмокчу. Бул жөрөлгөдөн соң түштөн кийин Сенат өз отурумун өткөрөрү маалымдалды.

Алекс Падилья мырза Камала Харристин ордуна Калифорния штатынан сенатор болуп калганы турат. Ал Калифорния штатынын тарыхындагы теги мексикалык жана испан тилдүү болгон алгачкы сенатор болуп калат.

Дагы караңыз Байден шайлоого Харрис менен чогуу аттанат

АКШ Сенатынын орундары болсо республикачылар менен демократтарга теңме-тең (50:50) бөлүнүп калмакчы. Бирок кызмат абалы боюнча Сенаттын да төрайымы боло турган вице-президент Харристин добушу тараза ташын демократтар жагына оодарары шексиз.

Жоржия штатынын бийлиги 5-январда өткөн сенаторлук эки орунга шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын 19-январда күбөлөндүрдү. Республикачылар Келли Лөффлер айым менен Дэвид Пердью демократ атаандаштары Уорнок менен Оссофф мырзаларга жеңилип калышканы бул күбөлөндүрмөдө белгиленген.

Харрис айым өзүнүн сенаторлук кызмат ордунан 18-январда кеткен. Анын ордуна Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом тарабынан бул сенаторлук орундун калган мөөнөтүнө дайындалган Падилья 2015-жылдан бери Калифорния штатынын мамлекеттик катчысы болуп иштеп келген.

Ал эми Нью-Йорк штатынан шайланган демократ сенатор Чак Шумер эми Сенаттын көпчүлүгүнүн лидери болуп калмакчы. АКШ Сенатында буга чейин көпчүлүктүн лидери болуп келген Митч МакКоннелл болсо эми жөн гана республикачы сенаторлордун лидери болуп, макамы төмөндөйт.

Кандай болсо да, Сенатта атаандаш партиялардын теңме-тең болушу алардын өз ара кызматташтык үчүн буга чейинкиден алда канча ийкемдүү болушунун зарылдыгын шарттайт. Маселен, Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси каралчу болсо, анда демократ сенаторлордун 50 добушуна бери дегенде кошумча дагы 17 добуш алуу керек болот.

Дагы караңыз АКШ Сенатынын республикачыларынын лидери МакКоннел Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктады

Конгресстин төмөнкү бөлүгү болгон Өкүлдөр Палатасында демократтар 221 орунга ээ, республикачылар 211 орунду ээлешет. Азырынча төмөнкү үйдө үч орун бош турат.

13-январда Өкүлдөр Палатасында Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоору колдоого алынды. Аны жактап 232 өкүл (анын ичинде 222 демократ) добуш берди, 197 өкүл каршы добуш берди, беш өкүл добуш берген жок. Добушка салынган импичмент тууралуу токтомдо 6-январдагы Капитолийдеги тополоңго байланыштуу президент Трампка карата «козголоңго шыкакчы болду» деген доо камтылган бир гана берене болду. Спикер Нэнси Пелоси айым бул токтомго кол коюп, ал күчүнө кирди. Эми башкы өкүм Сенатка таандык. (TT)