Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Байден шайлоого Харрис менен чогуу аттанат


Жо Байден менен Камала Харрис бир топ убактардан бери тааныш.
Жо Байден менен Камала Харрис бир топ убактардан бери тааныш.

АКШда Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болчу Жо Байден вице-президенттикке Камала Харристи тандады.

Калифорния штатынан чыккан демократ-сенатор Харрис эгер бул кызматка шайланып кала турган болсо, анда Кошмо Штаттарынын тарыхындагы алгачкы аял, теги афроамерикалык жана азиялык ындыкара вице-президент болуп калмакчы.

Былтыр жыл башында Харрис да демократтардын атынан президенттикке талапкер болууга аттанган, бирок жыл аягында каражаттын айынан жарыштан четтеген.

Жо Байден демократтардын ички жарышында - праймеризде алдыга чыккандан тартып вице-президенттикке сөзсүз түрдө аялды тандай турганын айтып келген. Мындан улам жалпыга маалымдоо каражаттары ал айым ындыкара болорун жазган. Анда бир катар адамдардын дагы аты аталган жана алардын арасында Камала Харрис да бар болчу.


Жо Байден өз тандоосу тууралуу 11-августта «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады жана анда Харристи «карапайым жарандардын укугунун эр жүрөк коргоочусу» катары мүнөздөдү. Харрис өз кезегинде бул социалдык тармак аркылуу Байденге саясий өнөктөш болууга даяр экенин билдирип, анын президент болуп шайланышына болгон салымын кошууга убада берди.

«Жо Байден америка элин бириктире алат, анткени ал өмүрүн биз үчүн күрөшкө арнады. Ошондой эле президент катары биздин идеалдарыбызга төп келген Американы кура алат», - деп жазды Харрис.

Камала Калифорния штатында Окленд шаарындагы иммигранттардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Анын апасы индиялык, атасы ямайкалык. Харрис Ховард университетин аяктаган, кийинчерек Калифорния штатындагы унверситетте юристтин дипломун алган.

Харрис Сенатка Калифорния штатынан 2017-жылы шайланган. Ага чейин Сан-Франциско округунун прокурору болуп эки мөөнөт иштеген жана Калифорнияда алгачкы аял башкы прокурор болуп турган.

2019-жылдын башында ал демократтардын атынан президенттикке талапкер болууга аттанган, бирок былтыр жыл аягында жетиштүү каражаты жок экенин айтып жарыштан четтеген.

Байден менен Харрис бир топ убактан бери тааныш. Сенатор Калифорнияда башкы прокурор болуп турганда, Байдендин маркум уулу Бо Байден Дэлавэрдин башкы прокурору болуп иштечү.


АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Камала Харрис - ашынган солчул. Байден өлкөнү салыктарды көбөйтүү, полициянын санын кыскартуу, энергетика тармагында жумуш орундарын азайтуу жана чек араларды ачуу тууралуу убада берген экстремисттердин колуна тапшырып жатат», - деп жазылган видеону жайгаштырды.

Ал шейшембидеги брифингде Харристин тандалышы күтүүсүз болгонун билдирди жана анын демократтардын ички тандоосунда өзүн көрсөтө алган эмес деп айтты.

«Мен анын тандалганына кичине таң калдым. Мен аны көптөн бери байкап жүрөм, ушундан улам таң калдым. Бир топ адамдар праймеризде андан да жакшы болушту. Ал праймеризде өтө жаман чыкты», - деди Трамп.

Экс-президент Барак Обама болсо тескерисинче, Харрис тууралуу «эң мыкты тандоо» деп жазды жана анын вице-президенттик кызматка даяр экенин билдирди. «Ал өз карьерасын Конституцияны коргоого жана акыйкатка муктаж карапайым жарандар үчүн күрөшкө арнаган» деп белгиледи.

АКШнын тарыхында Харрис партиялык тизме менен вице-президенттикке талапкер болгон үчүнчү аял. 1984-жылы Демократиялык партиянын өкүлү Жеральдин Ферраро Уолтера Мондейланын саясий өнөктөшү болгон, бирок алар республикачылар Рональд Рейган менен Жорж Бушка утулуп калышкан.

Республикачы Жон Маккейн 2008-жылдагы президенттик шайлоодо Алясканын мурдагы губернатору Сара Пэйлин менен чогуу аттанган, бирок андагы жеңишти Барак Обама менен Жо Байден камсыздаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG