Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

АКШда Капитолийге кол салуу боюнча териштирүү башталары кабарланып, импичмент жөнүндө кеп козголду


АКШ Конгрессинин кызматкерлери кол көтөрүп турушат. Полициянын атайын кошууну кол салгандарды иликтөөдө. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январынын кечи.
АКШ Конгрессинин кызматкерлери кол көтөрүп турушат. Полициянын атайын кошууну кол салгандарды иликтөөдө. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январынын кечи.

7-январда АКШда президенттикке шайланган демократ Жо Байден шаршембидеги Капитолийге кол салууну өлкө тарыхындагы кара күн катары баалады. Ал эми Конгресстин Өкүлдөр Палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси айым болсо «президент Дональд Трампты дароо кызматтан кетирүү же ага импичмент жарыялоо керек» деп чакырды.

Байдендин оюнда, Трамптын Конгресстин имаратына кирип барган тарапташтары өлкөдөгү «жергиликтүү террорчулар» болуп эсептелет. Ал эми Трампты ал «жалпы демократиялык институттарга чабуул койду» деп күнөөлөдү.

Пелоси айым Конституцияга киргизилген 25-толуктоону пайдаланып, президент Трампты кызматтан кетүүгө мажбурлаш керек деген сунуштарды колдоп чыкты.

Ал арада өлкөнүн транспорт министри Элейн Чао айым 11-январдан тартып өз кызматынан кетип жатканын жарыялады. Ага чейин АКШнын Түндүк Ирландия иштери боюнча атайын элчиси кызматын ээлеген жана мурда президенттик администрациянын аппарат башчысы болгон Мик Малвейни өз кызматынан баш тарткан. Трамптын Орусия боюнча кеңешчиси Райан Талли да 6-январдагы окуяларга байланыштуу өз эрки менен кызматтан кетти.

Тасма. Д.Трамптын видео кайрылуусу. 07.1.2021.

АКШнын президенти Дональд Трамп 6-январдагы Капитолийде жасалган зомбулукту айыптап чыкты жана «Жо Байден АКШнын жаңы президенти болот» деп айтып, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алды. 7-январда «Твиттер» аркылуу таркатылган видео тасмада Трамп жаңы өкмөт 20-январда салтанаттуу ант берерин жана өзү бийликти тартиптүү жана тынч өткөрүп берүүгө камылга көрүүнү көңүл борборунда тута тургандыгын баса белгиледи. Анын оюнча, келечекте АКШда шайлоо мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөр киргизүү зарыл.

Ошентип, 12 күндөн кийин Байден өлкөнүн 46-президенти болуп калмакчы.

Тергөө башталмакчы

Капитолийдин полициясы 6-январдагы тополоң боюнча өз кызматкерлеринин ишмердигин колдоп чыкты. Капитолий полиция бөлүмүнүн башчысы Стивен Санддын 7-январдагы айтканы боюнча, аз сандагы полиция кызматкерлери миңдеген тополоңчуларга каршы каармандарча каршылык көрсөтүшкөн.

АКШнын расмий бийлиги бул тополоң боюнча алгачкы шектүүлөргө бир нече саат ичинде айып коюла тургандыгын билдирди.

Федералдык иликтөө бюросу парламент имаратына кол салгандардын тек-жайын аныктоо амалдары жүргүзүлүп жатканын анын жетекчиси Кристофер Рэй (Christopher Wray) маалымдады жана коомчулукту бул иште жардам берүүгө чакырды.

Тасма. Трамптын тарапташтары Капитолийге күч менен кирип барышты. 06.1.2021.

АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр Палатасынын 6-январдагы орток отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын президенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча бүтүмү жарыяланып жаткан чакта, Трамптын бир нече миң жактоочусу тынч нааразылык жыйындан зомбулук аракетке өтүп, айрымдары Капитолийдин ичине кирип келишкен. Натыйжада отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган.

Акыры 6-январда саат 20:00дан тартып отурум кайра башталып, 7-январдын таңкы сааттарында Жо Байдендин президент болуп шайлангандыгы жөнүндө Шайлоочулар коллегиясынын тыянагы расмий күбөлөндүрүлгөн.

Дүйнө жүзүндөгү коомчулук 6-январдагы Капитолийге кол салууну терең айыптап чыкты. Дүйнө лидерлери Капитолийдеги зордук-зомбулукту айыптап, демократияга болуп көрбөгөндөй көлөкө түшкөнүн белгилеп жатышат. Эл аралык коомчулук президент Трампты АКШда бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө үндөдү. (TT)

XS
SM
MD
LG